Айбат » Батыштан соккон тариф көтөрүү саясаты – өлкө ичине будуң-чаң салуунун ыкмасы

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Экономика » Батыштан соккон тариф көтөрүү саясаты – өлкө ичине будуң-чаң салуунун ыкмасы

АКШАнсыз да өткөн жылы болуп өткөн төңкөрүштүн айынан 3-4кө бөлүнүү коркунучуна кептелип, экономикасы талкаланып, элинин социалдык абалы таптакыр муңкурап калган Украинада жакынкы убактарда электр энергиясына болгон баа тарифи 66 пайызга, жаратылыш газына болгон баа тарифи 280 пайызга көтөрүлө турган болду. Мындай маалыматты Украинанын Улуттук банкынын башчысы Валерия Гонтарева билдирди. Бул көтөрүлө турган тарифтерге дагы болжолдонуп жаткан инфляцияга байланыштуу дагы 7-8 пайыз кошулушу мүмкүн экендигин дагы эскертет. Мындай өтө кескин тарифтердин көтөрүлүшү Эл аралык валюта фондунун талабы боюнча жасалууда. Эл аралык валюта фонду бул америкалык уюм экендигин дүйнө жүзүнө маалым. Алардын мындай талабын аткарбай коюуга учурда Украина бийлигинин чамасы чарк. Себеби алардын мамлекеттик казынасы муңкурап тургандыгына байланыштуу Эл аралык валюта фондунан 2015-жылдын аягына чейин 8,5 миллиард доллар алууну пландаштырышкан. Тариф көтөрүү сунушун Украина бийлиги кабыл албаса анда аталган ири суммадагы каражатты дагы ала алышпайт. Эми элестете бериңиз, ансыз да айлалары кетип турган Украин эли мындай кескин көтөрүлгөн тарифтерди көтөрө алабы? Алардын басымдуу бөлүгү азыркы тапта сырттан келген гуманитардык жардамдардын жардамы аркылуу жашап аткандарын маалымат булактары аркылуу көрүп эле атпайбызбы? Анан кантип электр энергиясына жана газга мындай жогорку тарифтеги баа менен төлөй алышат? Же Америка Украинада дагы бир революциянын болушун камсыздап жатабы? Эми биздин өзүбүздүн Кыргызстанга келели. Эске сала кетсек, Бүткүл дүйнөлүк банк менен америкалык өкмөттүн агенттиги болгон ЮСАИДдин өкүлдөрү Кыргызстандагы электр энергиясынын тарифин көтөрүү зарылчылыгы эбак келгендигин буга чейин эле билдиришкен. Алардын берген маалыматы боюнча Кыргызстанда 1 кВт-саат электр энергиясын өндүрүү үчүн 1 сом 20 тыйын сарпталат экен. Ал эми анын сатылышынын орточо баасы 0,88 сом. Демек, өз баасынан да төмөн. Андыктан алар кыргыз өкмөтүнө электр энергиясынын тарифин көтөрүүнү сунушташкан. Туура, электр тарифи биздин өлкөдө башкаларга салыштырмалуу кыйла арзан экендиги, аны көтөрүп, энергетика тармагын оңдоо зарылчылыгы бар экендиги ансыз да түшүнүктүү. Бирок, кеп башкада болуп атат. Эл аралык валюта фонду, Бүткүл дүйнөлүк банк, ЮСАИД өңдүү америкалык уюмдар өздөрү адегенде ушундайча башка өлкөлөрдө тарифтерди көтөрүү талабын коюп алышып, кайра аны өздөрүнүн кызыкчылыгына курал катары колдонуп атышканы билинди. Бул биздин өлкөдөгү болуп жаткан саясый жүрүштөрдөн ачык эле көрүнүп турат. Маселен, Американын «ырын» ырдаган УОК лидери Равшан Жээнбеков башында турган оппозициячылдар учурда электр тарифин бийликке жетүү үчүн башкы курал кылып колдонушууда. Ал үчүн азыркы бийликти күнөөлөп, ал эми ооздорунан Американын жүргүзүп аткан саясатын мактоо түшпөйт. Эми баамдай бериңиз, ким оппозиция үчүн негиз таап берип, кайра аны каржылап атат? Албетте, Америка. Бирок, кыргыз бийлиги америкалык уюмдардын коюп аткан талаптарына карабай, электр тарифи боюнча саясатты өз алдынча жүргүзүп атат. Кечээ эле 18-февралда президент Алмазбек Атамбаев энергетика министри Кубанычбек Турдубаевди кабыл алып, калкыбыз үчүн 70 тыйындык социалдык тарифти сактап калуу талабын койду. Эми америкачыл оппозиционерлер эмне дешер экен?..

Айбати гезити №116




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru