Айбат » Күйөөсү пенсионерлердин пенсиясын уурдаган коррупционер, жубайы плагиат илимпоз болсо, ал кандай үй-бүлө?

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Күйөөсү пенсионерлердин пенсиясын уурдаган коррупционер, жубайы плагиат илимпоз болсо, ал кандай үй-бүлө?

Келдибеков АхматбекБүгүн борбор шаарыбыздагы маалымат агенттиктеринин биринде адам репродукциясы Кыргыз илимий борборунун  кызматкерлери маалымат жыйынын өткөрүштү. Бул жыйынга катышкан акушер-гинеколог Фатима Мукаеванын айтымында борбордун директору Аида Токтоматова башынан эле документтерди берүүнү тартибин бузган жана эч кандай илимдин докторлугу даражасына ээ эмес. «Ал медицина илимдеринин доктору даражасын Эл аралык академиянын Борбор азиялык филиалынан алган. Бирок биздин жогорку аттестациялык комиссия (ЖАК) анын илимий даражасын бекемдеген эмес» дейт ал. Ошондой эле ал 17 миллион сомго жабдуулар сатылып алынган ЭКО бөлүмү азыркы күнгө чейин иштебей турганын, себеби адистер жок экендигин да айтып өттү. Ал эми ЖАКнын төрага орун басары Бакыт Тыналиев Аида Токтоматованын илимий ишинин 47,8  пайызы башка материалдардан алынгандыгын, ЖАКтын стандарты боюнча андай материалдар илимий иштин болгону 10 пайызын гана түзүшү керек экендигин билдирди. Көрсө Аида айым илимдин доктору болуш үчүн башка илимпоздордун материалдары менен өз илимий ишинин дээрлик жарымысын толтуруп алган экен. Мындайды плагиат деп коет эмеспи? Деги бул үй-бүлө өзү кандай түзүлгөн деген суроо жаралат? Аида Токтоматованын күйөөсү Акматбек Келдибеков бир убакта пенсионерлердин пенсиясын кымырып отуруп, Кыргызстандагы алдыңкы байлардын катарына кошулган эле. Эми ал кылмыш ишинен кутулуп кетүү үчүн ден-соолугун шылтоолоп сот процессин созуп жүрөт. Ошол эле убакта күйөөсүнө болушуп, бүткүл Кыргызстандын журналисттерин тизелеткиси келген жубайы Токтоматова болсо плагиаттык жол менен илимдин доктору болуп алыптыр. Ачуу чындык айтыла баштаса эле, аны саясый куугунтук катары айып чыгышчу эле, бирок бул жерде бардыгы факты менен болуп жатпайбы? Балким Аида айым өзү дагы бир аз уялып, жок дегенде илимди таза коер деген ишенимдебиз…

Айбати гезити №116




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru