Айбат » Руслан Абылов, ырчы: “Келечектен үмүтүм чоң”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Маек » Руслан Абылов, ырчы: “Келечектен үмүтүм чоң”

Руслан АбыловКүн тоо кучагына кирип асманга жайнаган жылдыздардай биздин кыргыз эстрадасында да жылдыздар  көбөйүп кээ бирөөсү өз ордун таппай өчүп калгандары да жок эмес. Бүгүнкү биздин коногубуз ошол жылдыздардын арасында өз ордун таап, өчпөй өзүнүн деңгээлин кармап жана ал деңгээлин өстүрүүгө аракет кылып, көптөгөн кыздардын жүрөгүнө чок салган ырчы жигитибиз Руслан Абылов менен маегибиз.

- Арыбаңыз Руслан мырза “Туулган жердин топурагы алтын” демекчи өзүңдүн кичи мекениң жөнүндө айта кетсең?

–  Оба чындыгында туулган жериңе эч бир  жер тең келбес. Мен кыргыздын көркү болгон, көз мончоктуу Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз районуна караштуу  Боз- Бешик деген айылда 1988-жылы жарык дүйнөгө келгем.

- Бул дүйнөдө биз үчүн күйгөн бул биздин ата-энебиз жана бир туугандарыбыз болушат эмеспи. Өзүңдүн жан дүйнөңө жакын адамдарың жөнүндө айта  кетсең?

– Мен 5 бир тууганмын, 4 эжем бар. Мен үйдүн кенжеси жана эрекек эркеси десем да болот (күлүп). Ал эми менин кымбат адамдарым болуп саналган атам Кумтөрдө иштеген азыркы тапта ардактуу эс алууда, ал эми апам болсо 30 жыл мектепте мугалимдик кызматын өтөп азыр ал да эс алууда.

- Ал эми таланттыңа орун берсек. Бул ырчылык өнөр жөн эле келе бербейт эмеспи, адамга же тайларынан же туугандарынан кан кууп келет деп коёт го. Дегеле сага ырчылык өнөр  ким аркылуу келди?

-Чындыгында бул өнөр кан кууйт экен, менин тайларым ырдашат, кошуна өлкө Казакстанга чейин барып ырдап жүрүшөт, мындан тышкары апамдагы ырдайт. Өз убагында апамдын үнү элде сейрек кездешкен үнү бар болчу экен. Өнөрүн тартуулап Москвага чейин барып келиптир. Менин таланттым да мына ушул адамдардан өтүп калса керек деп ойлойм.

-Кыргыздын чоң сахнасынын казанында канча жылдан бери кайнап келе жатасың?

-Чоң сахнанын оту менен чогу кирип гүлү менен чогу чыгып жатканыма быйыл 4 жылдын жүзү болот экен. 2011-жылдан баштап ушул чоң сахнада ырдап такшалып жатам. Негизинен мен өзүм окуп жүргөндө эле ырдап жүрчүмүн, үйдө барабаным жоктугуна байланыштуу мискейлердин капкактарын алып колумдагы таяк менен аларды чапкылап ырдай берчүмүн. Ал мискейлерим менен мектепте линейка, конкурс учурларында  Бек байке менен Сыймык байкебиздин ырларын ырдап калдым. 10-11 класста Жети-Өгүздүн борбору Кызыл-Сууга келип калып ал жерден рэп, хип-хоп жанрындагы ырлар мода болуп калгандыктан биз ошол жаатта ырдап да жүрдүк. Ошентип жүрүп ырчылыкка болгон кызыгуум артып баштады.

Руслан Абылов

-Өзүңдүн репертуарыңда канча ыр бар жана ырларыңды ким жазып берет?

-Өзүмө таандык ырлар көп эле мисалы “Сүйүү азабы”, “Сени сүйөм”, “Башка жанга чалба” жана башка ырларым бар. Эми мен бул ырлардын арасынан көбүнүн сөзүн өзүм жазгам, башкалардыкы да бар.  Сөзү, обону өзүмө таандык  ырларым азырынча жок.

- Азыркы учурда баардык ырчылар ыры чыгары менен клибин артынан эле тарттырып калышпадыбы. Сенин канча клибиң бар жана аларды кимге тарттырасың?

– Ооба азыр клиптин сапатына аябай көңүл буруп калышкан. Ыр биздин жан дүйнөбүз болсо, ал эми клип бул биздин жүзүбүз деп койсом да болот. Анткени, клибиң канча сапаттуу жана маңыздуу болсо сенин ырыңдын угумдуусу да ошончо көтөрүлөт. Менин азыркы учурда жалпысынан 5 клип анын ичинен 4 өзүмө таандык, 1 клип бул Добр экөөбүздүкү болуп саналат. Эң биринчи клипти биздин мыкты клипмейкерибиз Эрнист Сыдыков тарткан, андан кийинкисин Санжар деген дагы бир өз ишин мыкты билген балабыз тарткан. Андан кийинкилеримди Бек Борбиев байкебиздин студиясынан тарттыргам.

- Азыр ырчыларды продюсерсиз элестетиш кыйын жана ансыз иштеш да бир топ оорчулукту жаратса керек. Сиз продюсер менен иштешесизби?

-Ушул сахнанын босогосун аттаганымдан баштап продюсер жок эле иштеп келе жатам. Азыр өзүмдүн жумуштарыма өзүм эле жетишип жатам. Келечекте күчтүү продюсер болсо иштешемго деген ойдомун.


Руслан Абылов- Продюсер жок иштеш кыйынбы же жеңилби?

– Продюсер жок иштеш оор эле, продюсер сенин көп жумуштарыңды бүтүрөт жана концерттерге сүйлөшөт. Эми мындайча айтканда продюсер бул сенин жардамчың, крышаң, маторуң сыяктуу эле да. Продюсери жок деле иштесең болот бирок кыйынчылыктар көп болуп кыйналып каласың. Мен продюсерим жок көптөгөн концерттерден, кечелерден калып калам. Азырынча өзүм эле өзүмө продюсермин анан калганын убакыт көрсөтөт.

-Адам алдыга максат койуп жашабаса анда ал бул жашоодон адашат дегендей.  Алдыдагы максаттарың?

– Алдыда көптөгөн максаттарым бар, алыс кетпей жакындатып айтайын. Кудайым буюрса быйыл же эмдиги жылы жеке тушоо кесүү концертимди берсемби деп жаткам. Ага да азыртадан даярдыктарды баштаганбыз. Жаңы ырлардын, жаңы клиптердин үстүндө иштеп жатабыз.  Алдыдагы, жакынкы арадагы чоң ой тилегим  ушу тушоо кесүү концертимди берип алсам анан калганын көрө жатарбыз. Андан тышкары март айларынын этегинде Ысык Көлгө гастролго чыгып келсем деп жатам.

- Руслан мырза биздин газетабызга келип кызыктуу маек куруп бергениңизге чоң рахмат. Алдыдагы максаттарыңыз орундалып, кыргыз элине аттын кашкасындай таанымал адамдардын катарында болуңуздар.

– Алкыш жана каалоо сөздөрүңүздөргө чоң рахмат. Силерге да ишиңерге ийгилик, эл үчүн кызмат кылып жүрө бериңиздер.

Маектешкен Рахатбек Рысалиев

Айбати гезити №116



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru