Айбат » Милан Турпанов, Кыргыз Республикасынын шахмат федерациясынын президенти: “Сапарыбыз жемиштүү болду”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Маек, Негизги » Милан Турпанов, Кыргыз Республикасынын шахмат федерациясынын президенти: “Сапарыбыз жемиштүү болду”

Акыркы күндөрү кыргыз шахматында алгылыктуу иштер жүрүп, көзгө толумдуу жыйынтыктар болуп  жатканы баарыбызга маалым. Кыргыз шахматын өнүктүрүүгө бар күчүн жумшап жаткан дагы бир кыргыздын атуулу, кыргыздын келечегине күйгөн Кыргыз республикасынын шахмат федерациясынын президенти Милан Турпанов бизде конокто.

Милан Турпанов

-Ассалам Алейкум  Милан мырза!

– ВА Алейкум Ассалам.

- Милан мырза мына жакында эле Араб эмираттарына барып келиптирсиз, эмне максатта барып келдиңиз?

– Шахмат федерациясынын тарыхында биринчи жолу иш сапар болуп жатат. Буга негиз болуп Тромсо шаарында (Норвегия)  өткөн дүйнөлүк шахмат олимпиядада жолугушу болду. Азиялык шахмат федерациясынын президенти Султан Шейх  Бин  Халиф Аль-Нахаян менен  жолугуп шахмат боюнча көп жагдайлар жөнүндө сүйлөшүлөр жүрдү. Ошонун негизинде  барып келдик.

- Сапарыңыздар кандай болду?

– Сапарыбыз байсалдуу, жемиштүү болду десек болот. Урматтуу Султан Шейх  Бин  Халиф Аль-Нахаян оз резиденциясында кабыл алды. Биз долбоор даярдап аны Султан Шейхке тааныштырдык. Долбоорду негизинен жактырып, деталдуу түрдө изилдеп ана жообун берейин деди. Андан сырткары Аль-Аиндеги, Шаржадагы чоң-чоң шахмат клубдарына бардык. Шаржадагы шахмат клубу дүйнөдөгү эң  чоң шахмат ордосу болуп эсептелет экен. Жылына шахмат ордосу 1 миллион 200 миң долларга каржыланат  экен.  Жалпы шахматтын өнүгүшүнө 6 миллион доллар бөлүнөт экен. Мындан сырткары тажрыйба алмашуу, ой бөлүшүү болду.  20 жашка чейин Азиялык чемпионатты октябрь айларында өзүбүздүн жерибизде өткөрүүгө мүмкүнчүлүк алдык, бул ишибиз бир айдын ичинде  чечими  чыгып калат.   Эгер биз өткөрүп калсак анда борборубуз Бишкекте же Ысык-Көлдө өткөрөбүз. Биз Султан Шейх  Бин  Халиф Аль-Нахаянды Кыргызстанга расмий чакырдык, Кудай буюрса быйыл президенттин кубогу өтөт ошонун өтүлө турган күнү белгиленсе  чакыруу жиберебиз.

Милан Турпанов

- Ушул сапарга барган жол кирени ким көтөрдү?

– Кудайыбыз буйругу менен демекчибиз. Негизи сабыр, ниет жана аракет болсо, мүмкүнчүлүктөр табылат. Жол киребизди өзүбүз федерациядан көтөрдүк. Жол киребиз көп түйшүк жараткан жок. Ачыгын айтсам жол киребиз барып келгенге эки кишиге 570 долларды түздү. Жатаканасын, кабыл алуусун тосуп алгандар көтөрүп беришти.

 – Тарыхта биринчи жолу деп айтып калдыңыз, мындай учурда сиздер кур барбасаңар керек ээ?

– Ооба биз кур барган жокпуз, өзүбүздүн кыргыздын атынан, шахмат федерациянын атынан улуттук чепкенибизди, биз сыймыктанган ак калпагыбызды андан тышкары Кыргызстандын тарыхы боюнча, каада салттары, маданияты боюнча англис тилинде китеп чыгыптыр аны менен бирге кыргыздын кооз келген шырдагын да ала барганбыз. Биздин белектерибизди Шейх Султан жактырды, ыраазы болду.

Милан Турпанов

- Долбоор деп калдыңыз, ошол жөнүндө айтып кетсеңиз?

– Биздин долбоор абдан чоң долбоор болуп саналат. Аны азырынча сыр бойдон калтыра турайын. Эгер Кудайым буйруп Шейх Султан макулдугун берип колдоп берсе анда шахмат коомчулугуна, мамлекетибизге чоң салымын кошот деп эсептейм.

- Кыргызстан жөнүндө кандай пикирде экен?

– Биз  жөнүндө жакшы ойдо экен. Биздин мамлекеттеги кырдаал менен кабардар экен. Шахматыбыз өнүгүп жатканын көрүп баамдап жатышыптыр. Негизинен Кыргызстанды таза, жакшы көрсөтүш биздин колдо. Мына ушуларды көрсөтө алсак анда Араб өлкөлөрүнөн бизге чоң инвестициялар келет.

- Шахмат федерациясында канча мүчө бар?

– Федерацияда 500 мүчө бар. Жалпы шахмат ойногондордун саны 10 000ге жетет. Биз азыркы тапта машыктыруучулардын, калыстардын базасын түзүп өзүнчө иретке келтирип жатабыз.

- Милан мырза мындан ары дагы Кыргызстан үчүн шахмат жаатына чоң салымдарыңызды кошо бериңиздер. Биз менен бул жемиштүү делген сапарыңыздар менен бөлүшкөнүңүз үчүн терең ыраазычылык билдиребиз.

Маектешкен Рахатбек Рысалиев

Айбати гезити №116



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru