Айбат » ИГИЛди АКШ түптөгөн

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Дүйнө кабары » ИГИЛди АКШ түптөгөн

Жакында ЦРУнун мурдагы кызматкери, Жакынкы Чыгыш боюнча алдыңкы аналитик Грэм Фуллердин кызыктуу маеги батыштагы белгилүү басылмалардын бирине жарыяланды. Аталган макала “ИГИЛди АКШ түптөгөн” деген тема менен басылган. Бул макала боюнча америкалык лингвист, саясий публицист, философ жана теортетик Ноам Хомкский «Jacobin» гезитине ой бөлүшкөн.

ИГИЛ

Ноам Хомский ИГИЛди АКШ колдоп жатканы тууралуу кептер көп эле айтылып келгенин белгилеп мындай сөз ЦРУнун кызматкери, болгондо да Жакынкы Чыгышты тереңден билген адистин оозунан чыгып жатканына өзгөчө баа берген. “Бул жерде мындай кепти айткан таптакыр башка булак болуп жатат. 2003-жылы да АКШ менен Британия Иракка кол салып чоң кылмыш жасаган. Азыр да Британиянын парламенти өкмөткө Иракты бомбалоого команда берип жатат. Бул Иракты экинчи жолу муунтуу менен барабар. А чындыгында Ирак бүгүнкү күндө талкаланып бүттү”, – дейт ал.

Ноам мырза учурда АКШ бир катар өлкөлөрдү жерден жексен кылып жатканын айтат. “Булар бүтүндөй бир коомду талкалап диктаторлордун бийлигин күчөттү. АКШ Иракты бомбалаганда жүз миңдеген адамдар өлүп, миллиондогон адамдар жашаган жерин таштап качууга мажбур болгон. Бул кыргында нечендеген тарыхий баалуулуктар талкаланды”, – дейт ал.

“Акыркы кезде коом жана диндер арасына от жагуу планы ишке ашып жатат. Мындай планды Жакынкы Чыгышта сынап көрүүдө. Аны Иракта АКШ үчүн татыктуу иш аткарган Пол Бремер ойлоп тапкан. Анда мусулмандардын суннит тобун шейиттерге тукуруп, шейиттерге сунниттерди жаман көрсөтүү каралган. Бул жакынкы эки жылда кызуу ишке ашып, мыкаачылык менен коштолгон кан төгүүлөр орун алат”,  – дейт Ноам Хомский

“2002-жылы Ирактын бобору Багдад шаарында сунниттер менен шейиттер жанаша эле жашап, бири-биринен кыз алып тыгыз каттышып турган. Алар керек болсо кимдин шейит кимдин суннит экенин да билишкен эмес. Ал эми 2006-жылы чыр чыгып бүтүндөй аймакты кучагына алды. Бүгүнкү күндө эмне болуп жатканын өзүңөр көрүп жатасыңар”, – дейт аналитик.

 

Ноам мырза АКШ жана Британия ИГИЛди Сауд Аравия аркылуу колдоп жатканын ортого салган. Анын айтымында АКШ менен Сауд Аравиянын мамилеси жакшы. “ИГИЛди бай араптар, кувейттиктер материалдык жактан колдоп келет. Аларга АКШ менен Британия көмөк көрсөтөт”, – дейт ал.

Өздөрүн Ислам мамлекети (ИГИЛ) деп жарыялап келген топ Ирак менен Сириянын бир канча аймагын басып алып, нечендеген адамдары мыкаачылык менен өлтүрүп келет. Булардын жасап жатканы туура эмес экенин дүйнөнүн бир катар Ислам аалымдары айтууда. Ал эми АКШ кылар ишты кылып коюп тымпыйып отурат. Карапайым элдин канына забын болгон АКШнын мындай ыплас саясатын токтото турган барбы? Кош стандарттуу саясат жүргүзгөн расмий Вашингтонго Кыргызстандын азыркы бийлиги да бир аз жакпай турат. Анктени, алардын базасын чыгууга аргасыз кылды. Бирок, айрым оппозициялык саясатчыларды пайдалануу менен биздин өлкөдө да тополоң уюштуруусу мүмкүн. Буга ар бир Кыргызстандык жол бербеш керек. Ал эми АКШнын саясатын айга-күнгө теңеп жүргөн саясатчылардын кооз сөздөрүнө ишенүүнүн кереги жок.

Айбати гезити №116



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru