Айбат » Баткен согушунун ардагери С. Асаналиев: “Жерибизде согуш кайталанбасын!”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Баткен согушунун ардагери С. Асаналиев: “Жерибизде согуш кайталанбасын!”

Стал АсаналиевЭлибиздин бейпил турмушуна бүлүк салган Баткен окуясынын болгонуна он төрт жылдын жүзү болсо да, андагы апаат күндөр элдин жүрөгүндө кара тамгалар менен жазылган тарых болуп кала берди. Районубуздагы Предтеченка айылынан барган жердешибиз, маркум Мирдин Түгөлбаевдин кырчын кезинде Баткен согушунда курман болушу – ошол апааттын айыккыс жарасы, орду толгус жоготуусу. Баткен согушунун ардагерлери журтчулук менен бирге ар жылы 26-октябрда ошол апаат күндөрдү, курман болгон жоокерлерди эскерип турушат.

Райондун борборунда жакында өткөн ушуйдай эскерүү күнүндө Баткен согушунун ардагерлеринин райондук бөлүмүн жетектеген ардагер Стал Асаналиев менен маектештик.

– Бүгүнкү күндө биздин райондо Баткен согушунун 47 ардагери бар. Алар учурда ар кандай тармактарда үзүрлүү эмгектенип жатышат. 21-октябрда өткөн салтанатта алардын ичинен тогуз ардагер “Где мы, там – победа” медалы менен сыйланышты.

Дагы төрт ардагер райондук мамлекеттик администрациясынын Ардак грамотасын алышты.

… 1999-2000-жылдары Садовое айылындагы Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин № 81-497 аскердик бөлүгүндө кызмат өтөп жаткан жаш жоокер издөө-куткаруучу ротадагы атайын даярдыктан өткөн 12 жоокердин арасында согуштук аракеттер жүрүп жаткан Баткен жерине жөнөп кетишкен. Адегенде, Баткендеги Кызыл-Жол айылындагы ӨКМнин батальонуна, кийин вертолет менен “Летний Каравшин” ашуусундагы чек араны бузуп кирген душман-моджахеддерди алгачкылардан болуп каршы алуучу блок постко түшүрүлдү.

Бул жерде подполковник Артур Темирович командалык кылган “Скорпион” батальонунда, прапорщик Карабаевдин взводунда кызмат өтөй башташты. Алардын милдети аска-зоолордун арасында жол жоктугуна байланыштуу жоокерлерди суулардан, бийик  тоолордон аркан менен өткөрүп, чыгарып туруу болгон. Ошондогу блок постко барган биринчи күнү бир канча ондогон душмандар менен түнү бою атышып чыгышканы жаш жоокердин эсинен түк кетпейт.

Тилекке жараша, ал түнү биздин жоокерлердин арасынан окко учкандар, жарадар болгондор болбоду.

Бирок, ошол атышуу чыныгы жанкечти душмандар менен бетме-бет келишкен жаш жоокерлерге аскердик чоң сабак болду – дейт ардагер.

Стал Асаналиев эки жылдан бери баткенчилердин райондук коомун жетектеп жатып, Мекен сакчыларынын бүгүнкү күндө кездешүүчү ар кандай маселелерин чечүү, жаш өспүрүмдөрдүн патриоттуулугун өстүрүү максатын көздөп, куралдаштары менен биргеликте иш алып барышууда. Убагында Президенттин Ардак грамотасы менен сыйланган, төшүнө Коргоо министрлигинин 20 жылдык юбилейлик медалын жана “Кызыл Жылдыз” орденин тагынган Баткен согушунун ардагери Стал Асаналиев жаштардын эл алдындагы, Мекен алдындагы милдетин жигердүүлүк менен аткарышын каалайт жана ошого аларды тарбияласак деген максатта.

Айбати гезити №116




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru