Айбат » Равшан топ бузарлардын лидери

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Равшан топ бузарлардын лидери

Равшан ЖээнбековЭки жылдан бери кээ бир селсаяк депутаттардын бөйрөктөн шыйрак чыгарып президентке жана өкмөткө жөнү жок асылгандары мени бушайман кылды. Булар жөнүндө кайсы газетага жазсам деп жүргөм. Сиздердин газетаңарды алып окусам жанагы “Өз башындагы төөнү көрбөй, бирөөнүн башындагы чөптү көргөн популист саясатчылардын талуу жерлерин чукуп жазганыңарды окуп, аябай моокумум канды. Ошентип сиздердин окурманыңар болуп калдым.

Кээ бирөөлөр ойлобосун президентке же өкмөткө кошомат кылып жатат деп, мен бир чор тамандардын бирөөсүмүн. Мен  болгону мамлекетибизде тынчтык болсо, элибиз тынч жашаса өнүккөн мамлекет болобузго деген үмүт бар. Качан гана элибиз бир жакадан баш, бир жеңден кол  чыгаралы деген девиз менен жашасак жаркыраган заман келери алыс эмес деп ойлойм.  Оппозиционермин деген саясатчылар дегеле мамлекетибиздеги жылыштарды көргүсү жок,  өзгөчө Равшан жээнбеков мырза.  Менин айтайын дегеним, бул Равшан мырза эки жылдан бери эле дайыны жок кыйкырып келе жатат, кандай кылып элдин көңүлүн өзүнө буруунун айласын таппай. Равшан мырзаны Азаттык радиосунан жана сыналгыдан түшүрбөй лидер кылып алды. Азаттык деген атына жараша ак жерден жапа чеккен, акыйкаттыкты таппай жүргөн жарандарга жардам берет деп ойлоочу элем андай болбой эле кээде кайдагы эл бузаарлардан интервью алышат. Равшан мырзаны кантип биз эл үчүн, мамлекет үчүн күйүп бышкан адам деп айта алабыз. Каякта ызы-чуу чыккан жерде коомдук тартипти бузгандарды колдойт. Өзүңүздөргө белгилүү 2014-жылы Саруудагы тополоңго жардам берип коюп, барып алып облустун жетекчисин барымтага алып, башынан ылдый бензин куюп өрттөйбүз деген ээнбаштарды колдогон адамды эл үчүн чуркап жүрөт деп айтканга ооз барбайт. эл үчүн эмес мамлекетке бүлүк салганга аракет жасаган адам десек жарашат. Ойлогону эле кантип президентти алып түшсөм, мамлекетке тополоң салгандын айласын таппай убара. Эптеп айласы кетип “Жаңымуун” “Бириккен оппозиция кыймылы” дегендерди түздү эле аларынан эч жыйынтык чыкпасына, элдин колдосун таппасына көзү жетип  жер-жерлерге барып 20-30 кишини чогултуп жыйынтык чыкпаганда жергиликтүү элге, милиция кызматкерлерин күнөөнү жаба салып кайтып келди. Келээри менен, парламентте маселе көтөрүп “бизди жумуртка менен урду, бийлик уюштурду” деп шылтоо таппай турган депутаттарга жага бербей бир саат талкуулашты, аны бийлик эмес, элдин Жээнбековго көрсөткөн сый урматы деп түшүнсө болот. Айласы кеткенде дүйнөгө да көрүнүп коёюн деп Украинага  да барып  майданды да колдоп келди. Менин оюмча дүйнөлүк масштабдагы топ бузаарлардын лидери болуусу келет окшойт.  Равшан мырзанын дагы бир ойлоп тапканы президент бийликти бир колго топтоп алды дегени эч ким туура көрбөйт деп ойлойм. Диктатор болсо Бакиевдин убагындай.  Мен азыркы бийликте такыр эле кемчилик жок дегенден алысмын, бирок мурдагы бийликке  караганда көп өзгөрүүлөр, жылыштар бар десек болот. Мурдагы бийликтин убагында ичип жеген чиновниктер бирин-бири колдоп келишкен (азыркы депутаттардай) бир чиновник соттолду беле?. Ал эми азыркы президентин коррупцияга каршы күрөшкөнүн өзүбүз деле көрүп жатабыз.

Урматтуу  калайык калк мен муну айтканымдын себеби мамлекетибиз өнүксүн, өсөлүк десек ушундай жөнү жок мамлекеттин өсүшүнө тоскоолдук кылгандарды колдоп анча-мынча тыйынга алданбай митинг, пикет дегенден алыс болсок деп замандаштарымдан суранар элем. Эл журтта тынчтык болсо мамлекетибиз өсүп өнүгүп кетүүсүнөн үмүтүм чоң.

 Бишке шаарынын тургуну Иманалиев Д.

Айбати гезити №116




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru