Айбат » Көздүн чарчоосун жазуу

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Ден-соолук » Көздүн чарчоосун жазуу

Көздуүн чарчоосуУкроп

1 чай кашык укропту жарым стакан кайнак сууга 10 мүнөт демдейсиз. Аны марлядан сүзүп жиберип, эки идишке бөлүп куюп кечке чейин тыныктыруу керек. Уктаар алдында бирин муздак абалында калтырып, экинчисин ысытып аласыз. Анан марляны бир ысыгына, бир муздагына малып алып алмак-салмак 10 мүнөт тынымсыз көзүңүздүн сурмасына баса бересиз. Муну жумасына 3 жолу жасоого болот.

 

Ит мурун

Ит мурундун 2 даана жаңы бышкан мөмөсүн бир стакан кайнак сууга демдеп, жай отто 5 мүнөт кайнатасыз. Муздаган соң аны марлядан сүзүп салып, жарым саат тыныктыруу кажет. Анан өтө чоң эмес тоголок формадагы кебездерди ага нымдап, эки көзүңүзгө 15-20 мүнөт басып жатасыз.

 

Пакеттеги чай

Бир жолу колдонулуучу пакеттеги чайды колдонгондон кийин жылуу же муздак абалында көздөрүңүзгө басып жатсаңыз болот. Бул үчүн кадимки кара жана эч кандай даамдар кошулбаган чайды пайдалануу зарыл.

 

Картошка

Көздүн чарчоосун жазууга картошка дагы жакшы жардам берет. Ал үчүн алгач 2 даана чийки картошканы алып, кабыктарын аарчып кыргычтын майда тишинен өткөрүп аласыз. Анан массаны марляга ороп алып эки көзүңүзгө 20 мүнөт басып жатууңуз керек.

 

Кайың

Кайыңдын жашыл жалбырактарын блендерде майдалап, үстүнө бир стакан муздак суу куюп 10 саат тыныктырасыз. Ага кебездерди нымдап, аларды көздөрүңүзгө басып 15 мүнөт жатасыз. Бул чарчоону жазуу менен катар шишикти кетирет жана көздөрдү балбылдатып көрсөтөт.

 

Петрушка

Эки кабат болгон марлянын эки кесиндисинин ичине майда болуп тууралган петрушкаларды салып оройсуз. Аларды кайнак сууга 30 секундга салган соң бир аз муздатып 10 мүнөткө сурмаларыңызга басып жатууңуз зарыл.

Айбати гезити №116




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru