Айбат » Оштун тургундары шайлоодон кийин криминал менен байланышкан депутаттардын болушун каалабайт

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Оштун тургундары шайлоодон кийин криминал менен байланышкан депутаттардын болушун каалабайт

Акылбек СултановКыргызстан Бажы уюмуна киргенден кийин чек аралары бекемделет. Бул тууралуу парламенттин КСДП фракциясынын депутаты Акылбек Султанов Ош шаарынын тургундары менен жолукканда билдирди. Анын айтымында, уюмга мүчө болгондон кийин мамлекеттик чек араларды бекемдөө биринчи орунда каралат. Эгер Кыргызстандан чек арасында мыйзам бузулса анда Орусиянын чек арасы бузулганы менен барабар катары эсептелет.

Ал эми “Ар-Намыс” фракциясынан депутат Айнуру Алтыбаева Бажы биримдигине кирүү үчүн добуш берүүдө мигранттардын тагдырын ойлоп добуш бергенин билдирди.

Жолугушууда шайлоочулар тарабынан ар кандай сунуш-пикирлер айтылып, криминал менен байланышы бар адамдар партиялардын тизмесине киргизилбеши керектиги жана Жогорку Кеңештин жаңы курамында мындай депутаттардын болбошу керектиги айтылды.

Айбат гезити №117




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru