Айбат » Анапияевдин Минскиде киши колдуу болушун Жаныш Бакиев уюштурганбы?

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Кылмыш, Негизги » Анапияевдин Минскиде киши колдуу болушун Жаныш Бакиев уюштурганбы?

Алмамбет АнапияевКримчөйрөдө Камчы Көлбаевдин оң колу катары кеңири таанымал болгон Алманбет Анапияевдин Белоруссиянын Минск шаарында мыкаачылык менен өлтүрүлгөндүгү тууралуу маалымат кеткенде эле, коомчулукта түпөйүл суроо пайда болгон: Мунун артында Бакиевдер турбады болду бекен деген. Мындай түкшүмөлдөөгө олуттуу себептер бар эле. Биринчиден, Алманбет Анапияев убагында мурдагы президент Курманбек Бакиевдин иниси Жаныш Бакиевдин жакын адамдарынан болгон. Анын кызматын кылган. Ал гана эмес, ошол убактагы президенттик администрация башчысы Медет Садыркуловдун буйрутма өлүмүнө дагы Анапияевдин аралашканы тууралуу маалыматтар айтылып келет. Ал эми бул буйрутма адам өлтүрүүнүн башында Жаныш Бакиевдин тургандыгы сот аркылуу далилденген. Бир кылмышты чогуу жасап калган адамдар андай кыңыр иштерин бир эле жолу жасашы мүмкүн эмес. Ал андан ары дагы уланат. Андыктан Анапияев Жаныш Бакиевдин жасаган дагы бир топ кыңыр иштерине аралашып, толук маалымдар болгон болушу толук мүмкүн эле. Анан КР ИИМи тарабынан ага карата эл аралык издөө жарыяланганы Жаныш Бакиевдин түн уйкусун бузуп койгон болушу мүмкүн болчу. «Эгерде Анапияев кармалса, дагы бир топ сырлардын башы ачылат» деген ой менен мына ушул кылмыш иши жасалышы мүмкүн эле. Мындай боолголоону ырастап, Анапияев Араб Эмираттарында жүрүп эле, анан өмүрүнүн акыркы ирмемдеринде дал ошол Бакиевдер баш калкалап жүргөн Минскиге барып калып жатат. Эгерде мындай боолгоолор буга чейин жөн гана боолгооло болуп келсе, кечээ Анапияевдин жан сакчысы 25 жаштагы Гүлжигит Абилазизов өзү ИИМ кызматкерлерине барып, көрсөтмө бергенде ого беш бетер бекемделип отурат. Анын айтымында дал ошол күнү Анапияевдин үйүнө үч адам келген. Алардын бири 50 жаштардагы көз айнекчен киши, бири чечен улутандагы адам, үчүнчүсү ага тааныш Айбек аттуу жаран болгон. Алар Анапияевге келгенде үй ичинде өздөрү гана калышкан. Гүлжигит Абилазизов болсо, таң атканча подьезддеги тепкичтерде отурган. Анан бир маалда алар үйдөн чүпүрөккө оролгон бир нерсени көтөрүп чыгышып, Анапияевдин машинесине салып, көз айнекчен киши бир жакка, берки экөө башка тарапка кетишкен. Мына ушул көрсөтмөдөн улам сүрөттөлгөн адамдар – Жаныш Бакиев, чечен улутундагы Рустам Сайдуев жана мурдагы ИИМ кызматкери Айбек Абдразаковдор болушу ыктымалдыгы билинүүдө. Күбөнүн берген көрсөтмөсү канчалык чындыкка дал келе тургандыгы дагы жакын арада билине турган болуп калды. Себеби, ИИМдин берген маалыматы боюнча Минск шаарында Анапияевдин өлүмүнө шектүүлөрдүн бири Айбек Абдразаковдун кармалганы маалым болду. Ал Кыргызстанга алынып келинсе, күбө Гүлжигит Абилазизов аны толук тааныса демек Анапияевдин Жаныш Бакиев колдуу болгондугу айгинеленет. Мындай кримчөйрө менен мурдагы Бакиевдин бийлигинин ортосундагы болгон окуя Белоруссия бийлигине албетте жакшы имидж алып келген жок. Тескерисинче бул өлкө эл аралык деңгээлдеги кылмышкерлерди колтугуна корголоп отурган болуп калууда. Эгерде буга чейин Лукашенко Бакиевдердин канкор экендигине анчейин ишенбей келген болсо, акыркы окуя балким ишендире алаар деген ойдобуз. Себеби бардыгы алаканга салгандай көрүнүп турат. Анан Бакиевдер анын имиджин, аброюн биротло айрандай төгүп кое электе Кыргызстанга өткөрүп бергиси бардыр…

Акинай АЙДАРОВА

Айбат гезити №117



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru