Айбат » Андрей Грозин: “Ричард Майлз парламенттик шайлоого карата Кыргызстанда бейөкмөт уюмдарды даярдайт”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Маек » Андрей Грозин: “Ричард Майлз парламенттик шайлоого карата Кыргызстанда бейөкмөт уюмдарды даярдайт”

Андрей ГрозинАКШнын Кыргызстандагы иштерине убактылуу ишеним берилген өкүлү Ричард Майлз парламенттик шайлоого карата Кыргызстанда бейөкмөт уюмдарды даярдайт. Бул туурасында КМШ мамлекеттери боюнча россиялык Институттун Борбор Азия жана Казакстан бөлүмүнүн башчысы Андрей Грозин  REGNUM маалымат агенттигине курган маегинде билдирген.

- Ричард Майлздын Кыргызстанга элчи болуп дайындалышы менен Кыргыз Республикасындагы АКШ саясатында бир нерсе өзгөрөт деп айтсак болобу?

– Саясат өзгөрбөйт – анын негизги аткаруучулары өзгөрөт. Регион боюнча жакшы адистин ордуна практикалык айдыңда эффективдүү иштөөсү менен айырмаланбаган, Вашингтонду канааттандырбаган саясый режимдерди алмаштыруу долбоорлоруна колу тийген өзгөчө практик «убактылуу элчи» катары келип атат.

Бул адамды АКШнын сырткы саясаттагы конкреттүү мамлекеттердеги тешигин бүтөө үчүн бүгүнкүгө чейин пенсияга чыкканына карабай, улам алып чыгып атат. Учурда Кыргызстанда конкреттүү маселе боюнча, маселен америкалык таасирдин чукул жоголуп баратышына байланыштуу алып чыгышты.

Памела Спратлен (АКШ элчиси, 2011-жылдан 2014-жылга чейин) Мамдеп тарабынан ага жүктөлгөн тапшырмаларды аткара албай калды жана Ташкентке жөнөтүлдү. Өзбектердин спецификалык кырдаалында даярдыксыз нерселерге убакыт болбойт: дипломатиялык этиканын чегинен чыккан макалаларды ал жакта жаза албайсың, жана батышчыл бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү менен досторчо маектешип отуруу мүмкүн эмес. Майлзга жалпысынан аябай жакшы деле мурас калган жок. Андыктан ал дене-бойлорун бош кое берген дипломаттарды жана жалкоолонгон «жарандык активисттерди» кайрадан «көтөрүп», аларды жогортон келген тапшырмаларды чечүүгө тартуусу керек болот. Ал – «аскердик сөөкчө», менин оюмча ал кризис-менеджери катары жөнөтүлдү. Анын үстүнө анын автобиографиясында мындай окшош эпизоддор болгон – америкалыктар шаблон боюнча аракет кылашат, эгерде ал шаблон бир убакта ийгилик алып келген болсо.

- Бул дайындоо Кыргызстандын бажы биримдигине жана Евразия экономикалык биримдигине кириши менен канчалык байланыштуу?

– Түздөн-түз байланыштуу. Буга чейинки элчи «Манас» транзиттик борборунунун чыгышына жана КРнын Евразия экономикалык биримдигине киришине да жол берди. Андыктан Вашингтондун ою боюнча Бишкектин тышкы саясаттагы «бир тараптуу» туура эмес жолун оңдошу керек. Ачыгын айтканда убакыт таптакыр жок. КРнын континенталдык биримдикке кирүү процесси олуттуу инерцияны топтоп алды. Буга байланыштуу ал процессти таптакыр жокко чыгара албаса дагы, жок дегенде процессти токтото туруу үчүн мындай багыттагы долбоорлор боюнча эмгек сиңирген ардагердин экстрендик жардамы керек болду. Бүгүнкү күндөгү Мамдептин квалификациялуу кадрлары, АКШ администрациясы сыяктуу эле жумшак айтканда өтө жакшы эмес.

- Ричард Майлз Кыргызстанда кандай максаттарды көздөйт? Канчалык деңгээлде ал ал максаттарды аткара алат?

– Мен жадакалса мына ушул «текшерүүдөн өткөн кадр» Кыргызстанда жазга чейин бир нерсенин башын баштап жиберет деп ойлобойм. «Түстүү революция» – бул көптөн бери эле бардык эксперттерге белгилүү болгон алгоритм – каражат жана керектүү ресурстарды топтоо. Ал эми босогого болсо март айы келип калды. Бул жазда «Демократиялык трансформацияга» даярданууга Кыргызстан жетишпейт. Ал эми күзүндө боло турган парламенттик шайлоого карата болсо – бул таптакыр башка иш. Анда «грант жегичтер» баш көтөрөт. Мүмкүн айрым элита өкүлдөрү дагы баш көтөрөт. Бардыгы өздөрүнүн медиа-кампанияларын алдыга жайып чыгат. Айрым партиялардын лидерлери менен көшөгө артында сүйлөшүүлөр жүрөт. Албетте буга КР жетекчилиги гана шайлоонун мөөнөтүн эртерээк кылып өзгөртү койбосо гана жолтоолук болбойт.

Мунун баары ар кандай жолдор менен каршы аракеттенүү планы болушу ыктымал. Кыргыз бийлиги болсо АКШ элчилигине өзгөчө назар салып АКШ аркылуу каражат которулган НПОлорго көңүл бура баштайт. Азыркы саясий кырдаалды курчутпай, ар кандай аракеттердин алдын алуу үчүн бир катар иштерди жасаш керек. Ал үчүн калкты маалымат жактан камсыздоо, кадр саясатын жакшыртуу, жакынкы өнөктөштөрдөн жардам алуу, түстүү долбоорлорду жок кылуу керек. Ричард Майлз жаш бала эмес. Ал керек болсо Каримов менен назарбаевден да улуу адам. Кырдаал ар кандай болуп кетиш ыктымал.

- Жорс Соростун 2014-жылдагы сапары менен Ричард Майлздын дайындалышынын байланышы барбы?

– Аны айтуу кыйын. Чындыгында, бул көрүнүштө эки долбоор жатышы мүмкүн. Сорос мырза Пол Вулфовец сыяктуу филантроп-спекулянт эмес. Анын өзүнүн башы бар. Ал эми Майлз Обаманын, Байдендин, Керринин тапшырмасын аткаруучу адам. Бул карт жоокерди ушундай кызматка дайындады. Ал жөн гана пенсия алып жата бергенди каалабайт. Ал эми Сорос украина темасы же Азия-тынч океан аймагы боюнча адиминстрациянын ишмердүүлүгүн жүргүзөт. Ал таасирдүү фигура катары чоң-чоң тапшырмаларды аткарууга жөндөмдүү.

Акмат РААТКАН

Айбат гезити №117



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru