Айбат » Аптадагы эки жолку «эшек» окуясы

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Аптадагы эки жолку «эшек» окуясы

эки эшекУшул апта эки жолку «эшек» окуясы менен эсте кала турган болуп калды. Биринчиси борбор калаабыздын чет жагынан «эти арам, күчү адал» болуп эсептелген эшек жаныбардын баштары менен шыйрактарына толгон сарай табылды. Көрсө, кайсы бир адамдардын тобу талааларда аңгырап эле кыйкырып жүрчү эшектерди таап келип, ал сарайдын ичинде «адалдап» туруп, анан кафе-ресторандарды эт менен камсыз кылып келишкен экен. Кимибиз андан канча «порция» тамак ичип калдык, эми ал бир гана Кудайга белгилүү. Интернеттеги «Фейсбук» социалдык түйүнүндө азыр бул тема ар кандай шакабага айланып отуру.

Ошентип биринчи Эшек темасы аягына чыга электе, экинчи «Эшек» темасы пайда болду. Бул жолку теманын каарманы кадимки Шрек тууралуу мультфильмдеги Эшектин образына куюп койгондой окшош журналист Аслан Сартбаев болду. Тактап айтканда Сартбаев мырзанын адатынча «эшек оюн салмайы» кармап отуру. «Шрек» досу Элмурза Сатыбалдиев апрель окуясы боюнча күнөөлүү деп табылгандан кийин, ал жалгызсырап, кимге барып сөйкөнүп, кимден барып жардам аларын билбегендей болуп жүргөн. Ар кимди шантаж кылып, капчыгын калыңдатып көнүп калган кайран “Эшек”, т.е. Аслан мырза басып алган тактайдын экинчи учу эми өзүнө келип чабылып отуру. “Эшек деле атканды билет” дегиси келгенби, айтор ал жеке ишкер Самсалы Четинбаевди резина огу бар пистолети менен атам деп коркутуп атып, чындап эле ок чыгарып алыптыр. Бактыга жараша, ок Самсалы мырзага эмес, машиненин арткы орундугуна тийген экен. Мына ушул окуядан кийинки Аслан мырзанын жасаган кадамдарына карай бериңиздер. Адегенде ал адатынча калпты-чынды койгулаштырып, “Четинбаев “Азия Ньюс” гезитине жана мага басым жасап, коркутуп атат” деп чыкты. “Айтканды аткарбасаң, сени каматам, болгон күчүмдү жумшайм, жер-сууга жаманатты кылам. Сен бийликти сындаган журналистсиң, душманың көп, мен чыр салсам эле ишиң бүтөт!” деп коркутууга өттү.

Мен анын талабынан баш тарттым, себеби, Кудай алдында акмын, эч кандай күнөөм жок” деп жазып чыкты маалымат булактарынын бирине. Бул жолу дагы тооба деп туралы. Себеби, оюна келгенди урдуруп көнүп калган Сартбаев кыязы Жараткан Кудайды дос кылып алганбы, же жөн эле эрмектеп калганбы деген ойго келесиң. Ушундайча актанып, күнөөсү жок экендигин айтып какшанып атып эле, кайра эртеси ошол эле маалымат булагына Самсалы Четинбаевден кечирим сурап жатат. “Кыргызтудей сайтына Четинбаев тууралуу жазылган материалдын автору мен болчум. Андыктан кечирим сурайм” дейт ал. Көрдүңүзбү, бир күндүн ичинде эле жүзүн өзгөрткөн мырзанын айтып турганын. Мындайларды аксакалдарыбыз тилдегенде “Эшек экенсиң” деп коет го? Демек, Аслан Сартбаевге ага чейин ээле чап кенедей жармашкан мультфильмдеги  Эшектин образы бекеринен чапталбаганын түшүнүп турубуз. Айтор бул апта кызык эле болду. Кайсы бир адамдардын тобу элибизди эшектин эти менен камсыз кылып келишкен болсо, Аслан Сартбаев “Эшекче оюн салган”, фактысы жок эле аңгырай берген макалаларды жазып келгени билинди. Мындан ары эми аны “Эшек” журналист деп калат окшойбуз…

 

АСЛАН САРТБАЕВГЕ АКЧАНЫН  УЧУН КӨРГӨЗСӨҢ, ДОСУН ДА ТААНЫБАЙ КАЛАБЫ?

Учурдагы «беш өрдөкчүлөрдүн» атаманы, «Азия Ньюс» гезитинин башкы редактору Аслан Сартбаев менен жеке ишкер Самсаалы Четимбаевдин ортосундагы жаңжал бир топ чуу болуп барып токтободу беле? Көпчүлүк анчейин түшүнбөй калышкан, кечээ эле ээрчишип, достордой болуп бажакташып жүрүшкөн бул эки эргулга эмне болду деп. Көрсө, иштин баары баягы эле акча маселесине келип такалган экен. Бир тыйындын артынан деле тоголонуп кетүүчүдөй болгон Аслан мырзага кадимки Данияр Үсөновдун өмүрлүк жары Динара Исаева акчадан арбыныраак берип туруп, Четимбаевди ой-да «поктотот». Андан бир күн мурун эле чогуу отуруп, «пийводон» өкүртө чогуу ичишип кеткен Самсаалы мырзанын мурдуна «сразым» эле Сартбаевдин жыты келет. Себеби досунун сырын абдан жакшы билет эмеспи? Анан ачуунун чапанын айкарасынан жамынып алып, Асланды издеп барып атпайбы? «Сыртка чык» деген өкүм үндөн эле бардыгын жакшы түшүнгөн Сартбаев колуна тапанчасын кошо көтөрүп чыгат. Анан андан кийинки окуянын кандай өнүккөнүн жакшы билебиз. «Өмүрүнө кол салгысы келген» Асландын үстүнөн Самсаалы мырза арыз жазат. Адегенде адатынча «эшек оюнун салган» Аслан Сартбаев «Мен Кудай алдында акмын» деп Жараткан Кудайга теңтуш болуп чыга келет. Ал ансайын Четинбаевдин чекесиндеги ачуунун бырыштары кабат-кабат боло берет. Анан аргасы кеткен Асланчик «ит болдум, куш болдум, ошол материалды мен жаздым эле, күнөөмдү мойнума алам» деп түнкү саат 2лерге жакын ыйлактаган катын жазат. Ал катты эртеси күнү Сабыр Муканбетов аттуу карышкыр, т.е. саясат таануучу Самсаалы мырзага алып барат. Ошентип аларды элдештирет. Бирок, Асланчик азыр деле темир тордун артында көзүн жылтыратып 2 айга отурду дейт. Акча үчүн досун да сатып жиберген адамды адам дейби, же эмне дечү эле?..



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru