Айбат » Оппозиция ичиндеги «жарандык согуш», же 90 пайыз саткынчы, бийликти гана көксөгөн жана моралдык укугу жок оппозиция

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Оппозиция ичиндеги «жарандык согуш», же 90 пайыз саткынчы, бийликти гана көксөгөн жана моралдык укугу жок оппозиция

Азимбек БекназаровКыргыз саясатында жаңы көрүнүш пайда болду. Мурда бийлик менен оппозиция гана тирешип келишсе, эми оппозициянын ичинде өз ара тирешүү күч алды. Кыязы «эки кочкордун башы бир казанда кайнай албаган соң», ондогон «кочкорлордун башы» жадагалса казанга дагы чогуу салынгысы келбей тургандай. Эки жолку революциянын башында туруп, эми үчүнчүсүнө кам ура баштаган кадимки Азике Бекназаров кече жакында эле учурдагы оппозиция тууралуу чыркыраган чындыктын бетин ачты. Анын айтымында азыркы радикалдуу делген оппозициянын 90 пайызын президент чакырып, кызмат берип койсо эле кетип калат экен. Демек, муну менен карт карышкырга айланган Азикебиз «Оппозициянын 90 пайызы саткынчылар» деген ойду кагазга ороп айтып жаткан жокпу? Эгерде муну бир эле оппозициячыл маанайдагы саясатчы айтып атса дагы унчукпайт элек. Ушундай эле ойду кадимки оппозициячыл журналист Асланбек Сартбаев дагы кылтыйтты. “Оппозиция аман эле болсун!

Лидери Равшан Жээнбеков болгонуна менин ичим чыкпайт. Равшан бир кезде бийлик менен ойноп, Эльмурза Сатыбалдиев менен сүйлөшүп, соодалашып, 2-сентябрда “Азаттыкка” Бакиевдин реформасын колдоп, мактап чыкканы чындык. Мына ошол Равшан байкебиз эми элдин ишенимине ээ болууга жанталашып, УОКбу, же БОКпу, айтор, бир кыймылга өзүн жаздырып, жасалма жарлык менен пиар кылып жүрөт. Эртең Атамбаевдин кара жини кайнаса, Жээнбековдун куйругун толгоп койсо, бу эргул Бакиевди мактагандай эле Атамбаевди жактап чыгары ажеп эмес» дейт ал. Экөө эки башкача форматта айтышканы менен түпкүрүндө оппозициячылдардын саткынчы экендигин түшүнүп атабыз. Ырас, учурдагы бийлик Аслан мырза айткандай эч кимдин куйругун толгобойт. Эгер толгосо мыйзам толгошу мүмкүн. Антип күчкө салып ар кимдин куйругун толгогон Бакиевдин бийлиги эмне болгонун көрбөдүкпү? Мына ушуну менчиктештирүүнүн арты менен бутуна туруп алган Равшан Жээнбеков дагы эң сонун түшүнүп тургандыктан оозуна келгенин оттоп жүрбөйбү? Эптеп бийлик аларга каршы күч колдонушуна жете алсак, анан калганын элге түртө салат элек деген арам ойго алдырып жатышканын да байкоого болот. Муну да сөзүбүз кургак болбосун үчүн ошол эле оппозиция жээгинде жүргөн саясат таануучу Сабыр Муканбетовдун оозу менен айталы. Ал кишинин айтымында азыркы оппозициянын бийликти басып алсам дегенден башка эч кандай пландары жок.

«Анан кантип аларды колдойт элек» деп күрсүнөт Муканбетов. Мына ушундайча учурда оппозициячылдардын ичинде тымызын «жарандык согуш» башталды. Жакында эле БОКтун (Бириккен оппозициялык кыймыл) жыйыны өтүп, анда  «КККчы» Өмүрбек Суваналиев «Атамбаев кетсин!» деген ураандын алдында иш-аракет жасоону сунуштаганы, аны калгандары колдогону тууралуу маалымат сайттары жазып чыккан.

Бирок, андан эки күндөн кийин эле Равшан Жээнбеков «андай эмес, ал сунуш болчу, бирок көпчүлүк колдогон жок» деп айтып чыкты. Айтор, оппозиция жээги учурда тынч эмес. Карама-каршылыктар толтура. Минтип отурушса, алардын биримдиги шайлоого жетпей эле ишпалдасы чыгат го…

Дамир ЭСЕНГУЛОВ

Айбат гезити №117




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru