Айбат » Шырдакбек баатыр

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Тарых » Шырдакбек баатыр

Шырдакбектин сепилиАлты шаар уйгуру,

Айбатынан жазганды.

Лоптун суусун бойлоду,

Алты шаарды тойлоду.

Эриккенде эр Шырдак,

Боз жоргосун салдырып,

Күнүн барып ойноду.

Эрте чыгып ордодон,

Кумары канып жоргодон деген ыр саптар биздин чыгаан баатырыбыздын бири Шырдакбек баатыр жөнүндө экени баары билет. Бүгүн силерге ушул баатыр жөнүндө  кеп болмокчу.

Ак-Талаа районунун Чолок-Кайың айыл аймагындагы Ала-Буга дарыясынын жээгинде Шырдакбектин сепили орун алган. 1945-1949-жылдары А.Н.Бернштам, 1959-жылы Н.П.Кожемяко, 1982-1983-жылдары М.Н.Москалев изилдөөсү боюнча сепил 10-12-кылымдарга таандык экендиги айтылган. Сепил, төрт чарчы салынган. Сакталып калган дубалдын бийиктиги 6 метрге чейин болуп. Баксадан тургузулган. Дубалынын калыңдыгы- түбү 6 метр, үстү 2 метр. Чептин дубалдары, бурчтары жана эшиктери мунаралар менен бекемделген. Эшиктери түштүк жана батыш жактарды карап, мунаралардын боорунан жоого ок атуу үчүн тешиктер жасалган. Атургай, чепти айланта туурасы 20 метр аң казылган

А. Н. Бернштамдын пикири б-ча бул жерде түрк башкаруучу төбөлдөрүнүн чеп-байтактысы орун алып, анын айланасына Ферганадан көчүп келгендердин турак-жайлары жайгашкан.  Ушул эле сепилден бир чакырым аралыкта 1945-жылы А.Н.Бернштам тарабынан аянты анча чоң эмес шаал чалдыбар табылган. Казуу иштери жүргүзүлбөгөндөн кийин кайсы мезгилге таандык экени аныкталган эмес. Ошол эле учурда чептен 60 метр түштүк тарабынан төрт чарчы түрүндө дагы бир шаар чалдыбары бар экени аныкталган. Муну, 1982-жылы М.И.Масколев казып, изилдөө иштерин жүргүзгөндө, дубалынын калыңдыгы 1-1,3 метр болгон 9-12 –кылымдарга таандык экендиги такталган. Окумуштуулар бул жерде Канжыга-Багы деген байыркы шаар тургандыгын болжолдошот.

Шырдакбек комплекси соода жолунун боюнда жайгашып, ал жерден орто кылымдарда Жамандабан аркылуу Арпа өрөөнүнө, Байбиче-тоо ж-а Калкабар аркылуу Атбашы өрөөнүнө чыгууга, дагы башка жолдор м-н Кочкор өрөөнү, андан ары Ысыккөл ж-а Чүй өрөөндөрүнө жетүүгө мүмкүн болгон.

Ал эми Хан Шырдакбек туурасында Ак-Талаа райондук Тарых музейинин директору Мыктыбек Апилов мындай дейт: Хан Шырдакбек-Жети шаар Фергана, Кашкардан бери хан болгон деп санжыраларда айтылат. Уламыштарга караганда кыпчак уруусунан чыккан баатыр. Өзүнүн элин калмак баскынчыларынан коргогон. Ал айкөлдүгү, ак пейилдиги, жоомарттыгы, өзү минип жүрчү Боз жоргосу менен эл ичинде айтылып калган.

Элдик уламыштарда, Бел-Кырчындан жер асты менен арчадан жасалып коюлган ноо менен 3-4 чакырым жерден сепилдин ичине суу киргизип, жоо келген кезде канча убакыт болсо дагы чептин дарбазасын бекитип алып, эч кимге сурак бербей жата берген деп айтылат.

Канчалаган кылымдар өтсө дагы Шырдакбек ооздон-оозго, муундан-муунга айтылып келе жатышы, анын чебинин сакталып турушу хан Шырдакбектин реалдуу жашап өткөнүн айгинелейт. Азыркы тапта, чептин дубалдары убакыт өткөн сайын урап, боз дөбөлөргө айланып, үстүнөн мал жандыктар тебелеп жатат. мүмкүнчүлүк болсо айланасын бекемдеп тосуу менен, мындай тарыхый жайларды сактап калууга болот эле-дейт.

 

Дастан Сарыгулов

“Шырдакбек баатыр болгон. Эл башы болгон. Эгемендүүлүк үчүн күрөшүп, каламактарга каршы аттанып чыгып, акыры ошол душмандарынан ажал тапкан белгилүү инсан. 17-кылымдын орто ченинде калмактардын кол-саны көп болуп.

Кыргыздын Жамгыр деген баатырын жекеме-жеке сайышта Галдама деген калмактын баатыры өлтүрүп, ошондон кыргыздын эли чабылып, сүрүлүп, жанын сактап Бухара, Гисарга чейин барган заман болгон. Ошол учурда калмакка каршы кол курап, аттанып, элдин башын кошуп көтөрүлүп чыккан ушул Шырдакбек баатыр. Бул киши өзү кыпчак уруусунан кожомшүкүр деген уругунан. Анжиян жеринен Байтак деген айылда төрөлүп өсүп, белгилүү эл башчы болуп, Фергана, Наманган, Ташкентке чейин элди жетектеп, сурап, бийлеп турган учуру экен.

Бул кишинин тарыхта, кыргыз улутуна калтырган чоң издеринин бири – белгилүү Боз жоргосу. Шырдакбектин коргону азыр деле Ак талаа өрөөнүндө турат. Дубалдарынын эни кенен, араба жүрчү экен. 120 метр чарчы тоодогу булактан жер асты менен чепке суу киргизген.

Бул чептин сырын Шырдакбектин аялы Эркеайым билчү экен. Ал чыккынчылык кылып калмактын ханы Шыгай ханга чептин сырын айтып, калмактар келип булакка саманды сала берип, суу түтүкчөлөргө толуп калгандан кийин, бир аптадан кийин аргасы кетип чептин дарбазасын ачат. Байдөбө деген жерден Шырдакбек калмактардын колунан ажал табат”.

 

Шырдакбектин эр Кайымы:

“Күлүк күнүндө, тулпар тушунда” деп айтылгандай Шырдакбек баатыр дагы учурунда доорон сүрүп, байлыгына жана бийлигине манчыркап, үстү-үстүнө аял алып, өзгөчө ургаачы жандын өңүнө азгырылган экен. “Аял азгырык” демекчи, Шырдакбек өңдүү-түстүү кыздарды көргөндө, көңүл сыртынан кетирбей, сугун арта карап, кызыкканын билгизип койчу экен.

Бир күнү Шырдакбек жигиттери менен шатыра-шатман ат менен ууга чыгып келатып, коктунун ичиндеги эски алачыкка көзү түшөт да, аттын башын ал тарапка бурат “Бул жерде ким жашайт?” деген ойдо. Алачыкка жакын келгенде өзүнүн баркын сактап, сөөлөт күткөн Шырдакбек “Билип келчи, бул жерде ким бар экен?”-деп бир жигитин жиберет да, элүү метрдей жетпей токтоп, күтүп калат. Жигит алачыкка жакын келип, үн салганда эски алачыктан кийими эски, жупуну кийинген бойго жеткен кыз чыгат. Шырдакбектин кызды көргөн көзү жайнай түшөт. Кийими жупуну болгону менен бой мүчөсү келишкен, музоо кирпик, жаз гүлүндөй толукшуган, көргөн жандын көзүн өзүнө бурган кыз алачыктан чыгып көрүнгөндө, булуттан чыккан айга окшоп, айланага нур чачырап, жеке эле Шырдакбек эмес, жан-жөөкөрлөрү дагы көз ирмебей карап калышат. Күүгө келген байтал бээни көргөн айгырдай Шырдакбек кантип атын теминип кызга жакын келгенин билбей калат. Сулуу кыздын алдында алсыз экендигин билгизип, Шырдакбек баатыр сулуунун көз карашына туруштук бере албай, көзүн андан тартып алып, озунуп салам айтып жибергенин да байкабай калат. Жашы кыркка чукулдап калган Шырдакбек баатыр душманды тике карап, көз ирмебей качырып кирген адаты бул убакта түккө турбай, алиги сулууну тик карай албай, өзүнөн-өзү сүрдөп, ага сыр алдырып койду. Өзүнөн кыйла жаш улуу эл эгесинин жаш баладай сүрдөгөнүн байкаган кыз өзүн эркин сезип:

- Үйгө киргиле-деп ооз учунан айтканда Шырдакбек шашкалактап:

- Жок, биз бастыралы деп, алдындагы жоргонун оозун бөксө тоолор жакты көздөй бурганда, кыз ооз учунан:

- Эч болбосо суусундук ичкиле, ушунча келип-деди. Бул айтылган сөздү уккан Шырдакбек дагы каталык кетиргенин билди да, кыздын сунган суусундугун ичип, жигиттери менен жолго түштү.

Ошол жолугушуудан, жүз көрүшүүдөн кийин, кедейдин кызы Шырдакбектин жанын жай алдырган жок.

Акыры кыздын ата-энесин ыраазы кылып, кызды аялдыкка алганда гана өзүнө келген Шырдакбек, кызды өз ысмынан айтпай “Сен менин эрке айымым болосуң” деп анын сулуулугуна арбалып, жаш аялын “Эркайым” деп атап алды. Ошентип, кедей кыз Шырдакбекке тийгени өз аты өзгөрүп Эркайым болду да калды. Башында көп батына бербеген Эркайым өзүнүн кылыгы жана сулуулугу менен аз-аздан Шырдакбектин ачкычын ачып, каалаганын жасаганга өттү. Андан дагы, “Адамдын көркү чүпөрөк” дегендей жаш токол Эркайым түрдөп кийим кийген сайын көркүнө чыгып баштагыдан дагы сулуу болуп чыга келди.

Барган сайын Эркайымдын чырайына чыгышы Шырдакбектин акылын адаштырды. Анын айтканы менен болуп, не бир түркүн тамакты жасатып берип, көп убактысын жаш токолду эркелетүү менен өткөрдү. Бир күнү түштүк тараптан келген улуту өзбек Усман деген киши тамак ичип отуруп, алдына келген күрүчтөн ооз тийген соң, ооз учунан кеп кылып калат “Кара койдун шыймылчагынын майына аш басса ушунчалык даамдуу болот” деп. Бул сөздү уккан Шырдакбек эртеси эле он чакты койду сойдуруп, алиги Усмандын өзүнө он койдун шыймылчагын чактырат. Бирок, он койдун шыймылчагынын майы аз болуп калат деп кырк койго чейин сойдуртуп, анан аш бастырып Эркайымдын алдына алдыртып келдирет. Бул да болсо Шырдакбектин сүйүүнү сыйлаган аракети эле. Усман айткандай шыймылчактын майына өзгөн күрүчү ушунчалык даамдуу басылып, өзгөчө Эркайымга жагат. Ошондон кийин Эркайым күн сайын түшкүсүн кырк кой сойдуртуп шыймылчактын майына аш бастыртып жегенди адатка айландырат. Өзүнүн сулуулугуна манчыркаган Эркайым барган сайын өнөрү күч алып, бир эле Шырдакбекке эркелегенден тажап, калмактын ханына качып барып, анын төрүндө ага дагы эркелегенди эңсей баштайт. Бирок, бул оюн кантип ишке ашыруу керек деп ойлогон Эркайым акыры Шырдакбекти эпке келтирип, ак боз атты минип “сейилдеп келем” деген шылтоону бетке кармап, жаңы гана таң ашырылган, табындагы боз жоргону минип, айылдан жаңы эле узаганда оюн ишке ашыруу үчүн, боз жоргонун оозун коё берип, калмактын ханы Калмахандын айылын көздөй бет алат.

Эркайымдын бул жоругун уккан Шырдакбек чүрөгүнө нааразы болуп ичинен түтөп, бармагын тиштеген экен. Ал эми Эркайым кыялында жеткен оюна, иш жүзүндө жете албаганына качан гана Калмахандын эшигинин алдына келгенде, анын муздак кабыл алганынан улам билип, эркектин баары эле Шырдакбектей сулуу аялдын алдында алсыз эмес экенин, катуу жаңылганын сезген экен. Калмахан боз жоргону минип качып келген Эркайымга муздак көзүн кадап, жактырбаган көз караш менен:

- Түш аттан, анан сүйлөшөбүз дегенде, Эркайымдын көңүлү кирдеп, жылан денесинен сойлоп өткөндөй абалга келе түшөт да, ичиркенип алат. Аттан түшкөн Эркайым ачка эски үйгө камалып олтуруп, өзүнүн бул жоругуна өкүнүп, бармагын тиштеп, таң атканча кирпик какпайт. Шырдакбекке не бир түркүн жол менен эркелегенин эстеп каңырыгы түтөп турду. Эртеси эртең менен эмес, түш ченде гана Калмахан Эркайымды өзүнө алдыртып, суроо узатты, ээгиндеги суюк сакалын сылап, муздактыгынан тайбай:

- Шырдакбек сени эмне кылып бакты эле?-дегенде көзү жашка толуп ыза болгон эрке айым, ушул эле суроонун берилишин күтүп тургансып:

- Кырк койдун шыймылчагынын майына аш бастырып берип, оозумдан чыккан сөздү аткарып, эркелетип бакчу-деп, сен дагы ошондой бак дегендей мааниде айтканда, Калмахан Эркайымдын сөзүн угуп болуп, мыйыгынан кытмыр жылмайып турганда Эркайым сөзүн андан ары улап:

- Ушундай эркек жанды кызыктыра турган чырайым болуп туруп, бир эле Шырдакбекке эркелегенден тажап, сизге дагы эркелеп, сиздин дагы сыйыңызды көрөйүн деген аруу тилек менен сизге келдим. Келгенде дагы алдына ат салбаган боз жоргону ала келдим- дегенде, Калмахан оор улутунуп алып:

- Кырк койдун шыймылчагынын майына аш демдеп берип, ак сүйүүсүн өзүңө арнап, сүйүүнү аздектеп баккан Шырдакбек сага жакпаган мен жагат белем. Бир күнү Кытайдын ханын көздөй качып кетишиң толук ыктымал. Сендей эси жок өңдүү аялга бул дүйнөдө орун жок-деп бутунан кыл аркан менен байлаган эки азоо жылкы менен эки жакка кердиртип өлтүргөнү атканда, Эркайым өзүнүн кандай адам экенин билип, мага бул өлүм да аздык кылат деп кырка тизилип турган элдерди карай албай уялганынан көзүн жумуп, жүзүн тетири бурганда, эки азоо жылкы өзүн өңү менен бийик туткан Эркайымды экиге бөлүп салган экен.

Рахатбек Рысалиев

Айбат гезити №117




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru