Айбат » Сабырбек Жумабеков, академик: “Биз, хирургдар жаңылууга акыбыз жок”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Маек, Негизги » Сабырбек Жумабеков, академик: “Биз, хирургдар жаңылууга акыбыз жок”

Сабырбек ЖумабековКыялдын ордуна жаралчу бирөө гана бар-ал тажрыйба дешет. Чындыгында тажрыйбадан өтөөрү жок. Бул каарман өз тажрыйбасы аркылуу көптөгөн ийгиликтерди багынткан учурдун Улукманы. Антип атоонун да жөнү бардыр.  Өз адисинин мыкты чебери, дасыккан дарыгер, Медицина илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын илимине Эмгек сиңирген ишмер жана Эмгек сиңирген дарыгер Сабырбек Жумабековду атоого болот.  Медицина илимдеринин доктору Сабырбек Артисбекович- бул борбордун түптөөчүсү. Жаштыкта жерге бир  тал чыбык тиге албасак, карыганда көлөкөсүнө жашынаар бак издеп калабыз. 425 илимий эмгектин, 78 ойлоп табуучулук жана рационализаторлук сунуштун, 4 монографиянын автору. 6 илимдин докторун, 32 илимдин кандидатын даярдаган. Демек Сабырбек мырзанын үзүрлүү эмгегинин натыйжасы мына ушунда.

 

Сабырбек Жумабеков:

«Операцияны оңой  иш деп кароого  болбойт…»

- Сизди медицина тармагынан эң алдыңкы катардагы доктор,  кыргыздын чыгаан уулу катары билебиз ал эми ааламга аты чыккан ортопеддин бул туурасында өз оюн уксак…

– Менин ишмердүүлүгүмө менден дарыланып кеткен жараныбыз баа берсе туура болчудай. Чындыгында мени көп чет мамлекеттерде таанышат, көп ортопеддер чакырышат, тажрыйба алмашып, биргелешип операция жасаган учурларыбыз болду. Алар өз иштерин биз менен ой-бөлүшөт. Кайсы жерде кандай чоң конгресс, илимий чоң жыйындар өтсө мени чакырышат. Мен жакында эле Россиянын Саратов шаарына барып, Россиянын омуртка хирургдарынын экинчи съездине катышып келдим. Мени алар башкаруу кеңешине мүчө кылып киргизишти. Россияда азыр 300дөн ашуун омуртка хирургдар бар, ошонун 10ну гана башкаруу кеңешине мүчө боло алат экен. Муну мен мага гана эмес, жалпы кыргыз ортопедиясына берилген баа катары кабыл алдым.

Мындан сырткары Швецарияда, Женевада жайгашкан ЕФОРТ (Европалык Ортопеддер Конференциясына) мүчө кылып киргизишкен. 4-6 июнда Лондондо ЕФОРТтун конгресине катышып келдим. Бүткүл дүйнөлүк ортопеддердин илимий коомуна 1999-жылдан бери мүчөмүн. Булардын конгрессине да жыл сайын катышып турам. Былтыркы жылы Индияда болду, быйыл ноябрда Бразилиянын Сан-Паула  шаарында болот. Кытай мамлекетинин конгресси бар. Американын академиясы, Түркиянын ортопедиялык ассоцияциясы да бар. Жылда өткөрүлчү конгресстерине барып катышып турабыз. Биздин көп мамлекеттер менен келишимдерибиз бар. Мисалы: Россиянын 7 илимий институту менен Украинанын 2 институту, Беларусиянын, Казакстандын, Өзбекстандын, Европа өлкөлөрүнүн, Түркия, Кытай мамлекеттеринин көп мекемелери менен келишим түзгөнбүз.

- Кымындай таштын да тарыхы бар, ары татаал, ары кызыктуу кесипти тандаш эмне себеп болду?

– Мен бул кесипти тээ  бала кезимде тандаганмын. 10 жашымда атамдын буту ооруп, 3 жыл катары менен Фрунзеге(Бишкек) келип дарыланып жүрдү. Жаны көзүнө көрүнгүдөй кыйналды. Биздин айылда согушка катышкан Анарбек Иманалиев деген хирург бар эле. Ошол жөнөкөй эле айылдык хирург дарылап, сөөктү чукуп, ичиндеги ириңди алып чыгып, атамдын буту бир айдын ичинде айыгып кетти. Балалык кыял менен математикти эңсеген бала «сөөктүн дарыгери  болом» деген чечимди кабыл алды. Бул мага оңой болгон жок. Себеби атамдын улуу агасы математикадан сабак берип, мектептин директору болчу. Мен ошол кишидей математик болом дечүмүн. Анан сөөк врач болом деп калдым. Ортопед-травмотолог дегенди кайдан билдик?Сөөк көрсөм эле баса калып. Ичинин баарын карап, анатомияларды окучумун. Чөптүн арасынан бака кармап алып, чалгы менен ичин тилип, текшерип чыкчумун. «Ботаника», «Зоология», «Киши» деген сабактарга абдан кызыкчумун. Ошентип медицина институтуна өз каалом менен тапшырып, окуп калдым.

Ошол учурда атамдын бир тууган жээни Турсунбек медицина институтунун мугалими эле. Ошол кишинин жардамы менен окууга өтүп кеттим. 4 мектепте окуганым менен жалаң «5»ке окугам. Анан институтту ийгиликтүү аяктап, Украинага кетип, ал жерде 8 жыл аралыкта катардагы врачтыктан тартып иштеп, анан докторлук ишимди жазып, Москвада академиядан  жактап, 30 жашымда 1995-жылы Кыргызстанга келгем. Ошондон бери иштеп келе жатам.

Сабырбек Жумабеков- Шакирт дайыма устатын эстен чыгарбашы керек экен. Устатыңыз тууралуу билсек…

– Мен 6 курсту аяктап жатканда «Литературная газетадан» Блискунов тууралуу макала окуп калып. Ал кишиге кат жазып, орун бөлдүртүп, Украинага жөнөтүлгөм. 2 жылдык ординатурадан кийин ал жерде мугалим, врач болуп иштеп калдым. Албетте бул даражага жетишиме менин бирден бир илимий жетекчим,  Советтер Союзунун эмгек сиңирген ойлоп тапкычы деген наам алган, ООНдун сыйлыгынын ээси, профессор агайым А. И. Блискунов себепкер болгон. Мен балаган устаттарым көп. Стамбеков Бактыбек, Өлбөсхан эжемдер менин медик болушума чоң түрткү берген. Кыргыздын биринчи улуттук профессору, илимдин доктору, травмотолог-ортопед Кожакматов Сатынды агайым да мага дем-күч берген.

- Ар бир иштин биринчиси эч качан унутулбайт, биринчи операция жасаган күнүңүздү эске салгым келип турат…

– Алгачкы операцияны мен 4-курста жасагам. Ошол убакта Рафибеков Жахангир доцент агайым декандын орун басары болчу, ошол агайыбыз «Ким биринчи операцияга кирет?» десе, мен кол көтөрүп жиберипмин. «Бас!» деп мени операцияга киргизип кеткен. Зобго операция жасап жатабыз. Зоб деген өтө татаал операциялардын бири. Абдан көп канайт. Анан баягы жерде пинцет менен марлини карсап туруп канды сорудуп, пинцетти силкип. Баягы марлини ыргытыш керек экен. Марлини ыргытайын десем пинцет чогуу ыргып кетет ошентип эки пинцетти катары менен ыргытып алдым. Анан сестра кыйкырып баштады. Агай: «толкунданба, эч нерсе эмес, акырындап көнөсүң, кыйналба, шашпа!»-деп мени алаксытып турду. Үчүнчүсүндө гана пинцетти бекем кармап, анан марлини ыргыттым. Ошол учурдун күнү бүгүнкүдөй эсимде. Кийин агай экөөбүз арабыздан бир жыл аралыкта илимдин доктору болуп, профессор болдук. Чогуу иштешип, кесиптеш да болуп, агайым ушул мекемеде «хирургия кафедрасын» башкарды, мен «травматология-ортопедия» кафедрасын башкарып иштешип калдык.

- Иш билги инсанды кыйынчылыктар курчутат экен…

– Албетте кыйын күндөр көп болот. Себеби оор операциялардын бары эле кыйын. Айрыкча мен жасаган операциянын бары татаал. Мисалы бүгүн мен 3 омуртканы. Эки жамбаш менен кашка жиликтин башын, бир тизени алмаштырдым. Мындан сырткары жаш балдарга 3 операция жасадым. Азыр кабылдамада 30дан ашуун бейтап тизме менен жазылып, күтүп отурушат. Булардын баарын көрүшүм керек. Менин иш күнүм күндө ушундай. Жеңил операциям жок. Баары адамдын өмүрү менен байланыштуу. Ошондуктан мен ар бир операцияга ордой мамиле кылам. «бул оңой эле, кемпир шабдаалы жегиче  жасап коём» деген сөздү мен эч качан айтпайм андай ой да жок.

«Кудай берген убакытта. Кудайдын берген деми менен, күнү жана анын колдоосу менен жасайм» дейм. Биринчи баштаганда эле «Кудай колдой көр, мен жөн гана себепчимин,  бысмылда»,-деп туруп, анан операцияны баштайм.

- Үмүт өчпөгөн каректерге дем берип келесиз. Сиз үчүн бул…

– Буту тескери караган Теңизбектин бутун оң каратып койдум. Ал азыр базарда таксист болуп иштеп, үй-бүлөсүн, ата-энесин багып жүрөт. Мен бул операция менен өтө сыймыктанам. Мындай татаал операциялар менде көп болду. Мисалы: бир адамга 4 муунду алмаштырган операция болду. Эки эжени, бир жигитти. Ошол жигит 21 жылдан бери баспаптыр. Аялы таштап кеткен. Баласы 18ге чыгып калыптыр. Азыр 21 жылдан соң басып, учурда Ош-Алай жолунда таксист. Үйлөнүп-жайланып алыптыр. Бир апа эки тизеси бүктөлүп баспай калган экен, мен бастырып, 75 жылдык тоюна чакырып, экөөбүз бийледик. Жакында эле Казакстандан бир буту кыска жаш кыз келип, анын бутун 18 см ге узартып бердим. Кыргызстандын жаранындай алып карасак  бекер жасалгандай кеп. Эми айта берсе, мындай жол менен кайрылгандар өтө эле көп. Жасалган операциялардын бары ийгиликтүү жыйынтык берип келүүдө. Албетте, мындай эмгектин өтөөсүнө чыгуу-менин  сыймыгым.

- Жакында эле 1-даражадагы майып Сабираали кызы Апалга операция жасадыңыз. Кандай жыйынтыкка келдиңиз?

– Апалдын илдети өтө оор. Мындай оору менен жабыркагандардын диагнозун ДЦП деп коёт. Эгерде бала кезинде алып келсе, операция да алда канча жеңил болмок. Биринчи этабын жасадык. Дагы 2 этабы бар. 3 этап операцияны өз чөнтөгүмдөн чыгарып, бекер жасап берүүгө даярмын. Мындай оорулууларга операцияда жасоодо невропатологдор каршы болушат. Мен ал каршылыктарга моюн сунбастан, өз тактикам менен иштеген дарыгермин. Апалдын ата-энесинин тилеги кызын коляскага отура тургандай болсо жакшы болоор эле дешти. Апал коляскага да отура албай, 22 жыл кыйналып келиптир. «Карга баласын аппагым дейт, кирпи баласын жумшагым дейт» дегендей, балдар үйүнө тапшырбай, оорукчан кызын баккан ата-энеге миң мертебе алкыштар. Булардын жашоосун түшүнүп турам. Апалдын ден-соолугу жакшы болуп кетишине бүт күч аракетимди жумшаймын.

Төлөбүбү Касымалиева

Айбат гезити №117




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru