Айбат » Эдсон Арантис Насименту же Пеленин өмүр баяны

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Спорт » Эдсон Арантис Насименту же Пеленин өмүр баяны

Дүйнөлүк футбол тарыхында аябай чоң ат калтырган Бразилиялык Пеле 1940 – Трес-Корасойнс шаарында  22- октябрда жарык дүйнөгө келген. Пеленин айтууусунда өзү качан футболго келгенин эстей албай. Мындан анын эс тарткандан эле футбол чөйрөсүнө аралаша баштаганын билсек болот. Атасы Жоао Ромас Насименту футболчу болгондуктан биринчи футболго өзү ээрчитип барганын жана болочок спортчуга футбол ойноонун сырларын өзү үйрөткөнүн айткан. Пеле 15 жашка чыкканда жаштардын бүткүл дүйнөгө белгилүү «Сантос» клубунда ойноп баштаган. 1956 – жылдан 1974 – жылга чейин «Сантос» клубунда Пеле 11 жолу эң мыкты оюунчу наамын алып, Бразилиянын башкы курама командасынын атынан дүйнөлүк оюндарга катышып алты жолу дүйнөлүк мыкты оюунчу деген кубогун алган. 1958 – жылы таланттуу спортчу  Бразилиянын башкы курама командасынын атынан Швециядагы дүйнөлүк мелдешке катышып, биринчи тобун дарбазага киргизип командасын дүйнө чемпиону атандырган.

Пеле ар дайым ошол беттешүүдөгү киргизген тобун ушул кезге чейин жакшы эстейт. 1962 жана 66 жылдары жана 1970 – жылы болгон дүйнө биринчиликтеринде Бразилия  улуттук командасы Мексиканы утуп, 3 жолу катарынан дүйнө чемпиону аталган. Ошол кездеги жалпы футболчулар Бразилияны ушул деңгээлге Пеле өзүнүн эсепсиз дарбазага киргизген топторунун натыйжасында көтөрүп чыкты деп коптогон күйөрмандары айтышкан. Ал эми 1964 –  жылы Пеле бир беттешүүдө 8 жолу топту дарбазадан киргизип футбол королу деген наам алган. Бул оюун ошол кездеги футбол ышкыбоздорунун эсебинде бир өмүргө кала берген. Пеле өзүнүн миңинчи тобун дарбазага 1969 – жылы 19 – ноябрда киргизип, эч бир футболчу кайталагыз ийгиликтерди багынткан. Азыркы келге чейин Бразилияда бул күн футболдун салтту майрамына айланып жыл сайын «Пеленин күнү» деп аталып майрамдалып келет.  Пеленин өзү ойноп келген Бразилиянын «Сантос» футбол клубу менен келишими 1975 – жылы аяктаган. Андан кийин футбол королу Пеле Келишимди АКШ нын атактуу клубу «Нью-Йорк Космос» менен түзгөн. Ошол кездеги журналисттердин, – сиз эмне үчүн командаңызды таштап жатасыз деген суроосуна Пеле «Менин акчага болгон чоң көйгөйүмө байланыштуу ушундай кылууга тура келди» – деп жооп берген. Ал учурда АКШ курама командасы Европалыктар менен болгон беттешүүгө даярдык көрүп жатышкан эле. Анткени АКШ курама командасы европа командасынан бир нече жолу жеңилүү ызасын тартып, Пелени чоң өлчөмдөгү акча менен өздөрүнө кошуп алууга көндүргөн.

Пеле жана МарадонаОшол кезде бүткүл спорт боюнча эң чоң өлчөмдө маяна алган Пеле башка командада ойноп баштаган. 1977 – жылы Европа АКШ командалары ойноп, АКШ жеңишке жетишкен. Ошол эле жылы АКШ командасы Бразилиянын «Сантос» клубу менен ойноп, Бразилия улуттук командасы жеңилүүгө учурап «Сантос» клубу спорттогу карьерасын аяктаган. Көпчүлүк футбол эксперттери Пеленин эне үчүн  футболдогу ийгилиги ченемсиз дегенде,-  «анын футболдун баардык сырларын үйрөнүп, топту кандай багыттоону жакшы өздөштүргөн топ анын бир мүчөсүндөй кызмат кыла» деп айтышкан. 1961 – жылдагы «Флуминенсе” шаарынын “Маракана» футбол аянтында Пеле баардык атаандаштарын жалгыз өзү алдап өтүп 2 жолу топту дарбазага акырын багыттап койгон. 1970 – жылы Пеле 88 өлкөгө барып, күйөрмандары менин жолугушкан, ошол учурда 9 корол Римдин  эки папасы жана президенти менен жолугуп, футболдогу ийгиликтери учун сыйланган. Ошол эле жылы «Пеле устат, жана анын ыкмасы» деген фильм тартылып, эл аралык 11 кино сыйлыкты утуп алган. Андан соң 1976 – жылы Пеленин өмүр таржымалын кенен чагылдырган кино тартуу жөнүндө «Пепси – Кола» компаниясы айтып, Пелеге 10 млн доллар акча сыйлыкка берген. 1999 – жылы Эл аралык Олимпиада комитети Пеленин «кылым спортчус» наамын ыйгарды. Ал эми 2014 – жылы «ФИФА» нын президенти Йозеф Блоттер кезектеги «Алтын топту тапшырды».

Эдсон Арантис Насименту ПелеПеле өзүн спортчу гана эмес актер катары да тааныта баштаган. Ал фонтастикалык мелодраммалык «Бейтааныш» фильминде 1969 – жылы ойноп баштаган болсо, үч жылдан кийин «Поход» фильинде башкы ролду жараткан. Кийинчерек ал 1981 – жылы АКШнын режиссеру  Джон Хьюстондун «Жеңиш» аттуу фильминде рол жараткан болсо, 1986 – жылы «Сыйкырдуу футбол корорлу» фильинде өзүнүн ролун аткарган. 1965 – жылы чыккан «Мен – Пеле» деп аталган өзүнүн өмүр баянын жазган китеби жарыкка чыгып, окурмандардын кызыгуусун жараткан. Бул эмгеги үчүн Бразилия бийлиги аны алтын медал менен сыйлаган. Пеле бир гана футболчу эмес, ал спорт комментатору, бизнесмен, жана ыр жаратуучу ар тараптуу таланттуу инсан.болгон. 1990 – жылы Пеле Бразилиянын жаштар иштери жана спорт, туризм министрлиги кызматын аркалаган. Кийинчерек, БУУ нун жана ЮНИСЕВ тин спорту пропагандалоо бөлүмүндө иштеп эс алууга чыккан. Бразилиянын легендага айланган футболчусу Пеле өткөн жылы 24 – ноябрда инфекциавлык оорусуна байланыштуу дарыканада жаткандыгы жана андан ден –с соолугу жакшы абалга келгендиги кабарланган. Пеле футболдогу карьерасында 1363 оюнда ойноп, 1282 жолу топту дарбазага жолдогон. Алардын арасында 126 сын башы менен киргизген.

Рахатбек РЫСАЛИЕВ

Айбат гезити №117



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru