Айбат » Ярослав Романчук: “Эгер бул кылмышка Бакиевдердин тиешеси болсо аларды автоматтык түрдө Кыргызстанга өткөрүп берүү керек”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Маек » Ярослав Романчук: “Эгер бул кылмышка Бакиевдердин тиешеси болсо аларды автоматтык түрдө Кыргызстанга өткөрүп берүү керек”

Ярослав Романчук- Сиз Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаевдин Бакиевдерди кайтарып берүү тууралуу Белоруссияга кайрылуусун кандай бааладыңыз?

– Мен Кыргызстандын мурдагы жетекчиси жана анын жакындарынын өз өлкөсүндө суракка алынып, соттолушун жактаймын. Жалпысынан кыргыз президентинин талаптарын, анын ичинде “кылмышкерлер жазасын алышы керек” деген сөздөрүн кубаттаймын. Кыргызстанда демократиялык институттар бекем жана акыйкат сот иштери жүрүшүнө ишеним бар.

Эгер Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигине кошулуп жатканын эске алуу менен айтсак, расмий Бишкек беларусь бийлигинен аталган жарандарды кайтарып алууга бир топ жаңы мүмкүнчлүктөрдү алат. Кандай гана кылмышкер болбосун өз өлкөсүндө кылгандары үчүн жооп бериши керек жана жашынып жаткан өлкөлөр аны өткөрүп берүүгө тийиш.

Ал эми Бакиевдерди өткөрүп береби же кайтарбайбы бул башка маселе. Бул жагынан бизде мыйзам жолу эмес “түшүнүк” деген нерсе калыптанып калган.

- “Түшүнүк” деген сөздү кандай мааниде айтып жатасыз?

– Ачык айтканда кылмышка шектүү адамдарды өткөрүп берүү боюнча кандайдыр бир процедуралар бар. Ал көз карандысыз соттун аракети менен ишке ашуусу кажет. Ал эми Белоруссияда сот тармагы көз карандысыз эмес. Анткени, соттун чечимдеринө өлкө жетекчилиги сөзсүз түрдө таасир этет. Соттор кандай чечим чыгарышы аларга белгилүү. Менин оюмча Кыргызстан менен Беларуссиянын жетекчилиги кызматташууну арттырып, эки өлкөнүн ортосундагы алаканы бекемдеши керек. Ал эми мындай маселени чечүүдө жогорудагы аргуметтер чоң роль ойнойт.

- Сиз кыргызстандык кримтөбөлдүн Белоруссиянын аймагында өлтүрүлүшүн кандай баалайсыз?

– Мен бул окуяны тереңден билбеймин бирок, кандай гана адам болбосун аны өлтүрүүгө жол берилбеши керек. Ал эми чет элдик жарандын биздин аймакта өлтүрүлүшүн белоруссиялык укук коргоо кызматкерлери дыккат иликтеши зарыл. Ушундай аракет менен кыргыз элине сый мамиле көрсөтсө болот. Мен билгенден криминалдык топтордун “разборкаларына” Белорусияда жол берилбейт.  Эгер бул кылмышка Бакиевдердин тиешеси болсо аларды автоматтык түрдө Кыргызстанга өткөрүп берүү керек.

- Сиз расмий Минскиге Бакиевдерди Кыргызстанга өткөрүп берүү үчүн кандай сунуш берет элеңиз?

– Бакиевдерди Кыргызстанга өткөрүп берүү үчүн көптөгөн факторлорду колдонсо болот. Аны көз карандысыз акыйкат сот аркылуу жоопко тартууга бардык тарап кызыктар болушу абзел. Эгер Белорусия Бакиевдердин сотунун акыйкат өтөрүнө ишенбесе  өз байкоочуларын жиберип, бир пикирге келип, бул жараянга көз салып турса болот.

Булак: Спутник сайты

Айбат гезити №117



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru