Айбат » Станислав Шушкевич, Белоруссиянын экс-президенти: “Лукашенко, Бакиев – диктаторлордун кланы”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Станислав Шушкевич, Белоруссиянын экс-президенти: “Лукашенко, Бакиев – диктаторлордун кланы”

Станислав ШушкевичБелоруссиянын экс-президенти Станислав Шушкевичтин пикиринде, Александр Лукашенко качкын президент Курманбек Бакиевди Кыргызстанга мыйзам алдында жооп бериши үчүн өткөрүп бербейт. Ал мындай пикири менен «АКИpress» агенттигине курган маегинде бөлүштү.  

«Биздин президент эч качан Бакиевди сиздерге өткөрүп бербейт. Анткени алар бир талаада. Жалпылап айтканда, алар кылмыштуу бийликтин планынын өкүлү. Ошон үчүн, менимче, бул жерде оң жооп болуп, кылмышкер Бакиевди өткөрүп берерине ишенбейм», – деди саясатчы.

Анын сөзүнө караганда, Лукашенко Бакиевди жана анын кланын Бишкекке өткөрүп бербейт, аларга Кыргызстанда гана эмес, Белоруссияда да нааразычылык күч. «Бул жакта кыйла абийирдүү адамдар дагы буга нааразы. Бирок түшүнгүлө, бул бир клан – диктаторлордун кланы. Ири каражаты бар адамдар коттедж, үйлөрдү курушат, кландар бул жерде да өзүн жакшы сезишет. Булар жандүйнөсү бир адамдар, алар бири бирине чырмалышкан», – деп айтат Станислав Шушкевич.

Ал Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаевдин “Беларусиянын бийлиги Бакиевдердин айбандык жана мыкаачылык маңызына көзү жетиши үчүн алар дагы кимди өлтүрүшү керек?” деген суроону кабыргасынан койгонун окуганын белгиледи. «Мен аны менен толук макулмун. Кылмышкерди кылмышты кайсы жерде кылса, ошол жерде соттош керек. Сот көрсөтөт, бирок, мен билем, алар кылмышкерлер», – дейт Белоруссиянын экс-президенти.

«Мен ойлойм, Бакиев бул жерде, Белоруссияда каалаган ишмердүүлүгүн жүргүзө алат жана аны биздин президент колдойт, деген менен, ал өзү легитимсиз. Ошон үчүн, ал сиздердин президентти легитимсиз өлкө башчысы катары эсептейт жана Бакиев менен тилектеш экенин көрсөтүүсүн улантат. Бул кылмыштуу план жана мындан бөлөк түшүнүк жок», – деп билдирди С.Шушкевич.

Сөзүнүн акырында Белоруссиянын экс-президенти Кыргызстан чыныгы демократиялык, татыктуу жолду тандаганына кубанарын кошумчалады. «Мен бул жаатта Кыргызстанга ийгилик каалайм», – деп кошумчалады ал.

Кримавторитет А.Анапияевдин өлүмүнө токтолгон саясатчы бул тууралуу масс-медиадан окугандан бөлөк маалымат жок экенин билдирди.

Айбат гезити №117



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru