Айбат » Улуттук уламыштар

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Тарых » Улуттук уламыштар

Уламыштар тарыхы

Кыргыз негизинен тарыхы,  маданияты, каада салттары менен бирге адабияты абдан бай келет эмеспи. Адабиятыбыздын ичинен уламыш, улама, аңыз – элдик оозеки чыгармачылыкта кеңири тараган жанр. Бир топ белгилери тарабынан легендага өтө жакын турат, бирок айырмалануучу бөтөнчөлүгү бар, ал – тарыхый инсандар, тарыхый окуялар, көрүнүштөр тууралуу, жер-суу аттарынын келип чыгышы жөнүндө тарыхый баяндоого, чындыкка жакыныраак чечмелөөгө аракет кылынгандыгы жагынан легендага караганда фантазиядан бир топ четтейт. Демек жомоктордон жана легендалардан турмуш-тиричиликтин маселелерин, тарыхый негизи бар окуяларды көрсөткөндүгү менен айырмаланат. Кыргыз уламыштары тематикасына карап, жалпысынан эки чоң топко – тарыхый (Чыңгыз хан, Аксак Темир, Жантай, Шабдан, Курманжан датка тууралуу уламыштар) жанаа топонимикалык (Бишкек, Ысык-Көл, Долон, Байтиктин боз бөлтөгү, Өзгөн, Ак-Буура, Сан-Таш ж.б. жер-суу аттарынын келип чыгышын чечмелеген аңыз кептер) уламыш деп бөлүнөт. Бирок легенда, жомок, уламыш деген түшүнүктөрдү так чек аралап бөлүүгө мүмкүн болбогон учурлар кездешет, демек мындай бөлүштүрүү бир топ шарттуу.

Философиялык көз карашта, уламыш – адамзатынын өзүн таануусунун алгачкы жолу. Уламыш байыркы калктардын аң-сезиминин жалпылуу калыбы. Уламыштарда адамдарга жана жаратылышка өзгөчө касиеттерди энчилөө орун алган. Уламыш – адам баласынын жашоо маани-маңызын издөөгө болгон алгачкы кадамы

 

Уламыштар:

Улак тартыш«КӨКБӨРҮ» (УЛАК ТАРТУУ) ОЮНУНУН ЧЫГЫШЫ ЖӨНҮНДӨ УЛАМЫШ

Кыргыздарда көкбөрү тартышуу оюну тээ эртеден келе жаткан, ат үстүндөгү күч сынашуу оюну эсептелет. Кыргыздардын ар кандай майрамдык чогулуштарында көкбөрү тартышпай өткөн эмес. «Манас» эпосунда да көкбөрү тартышуу абдан көп сүрөттөлөт. Ал эми көкбөрү оюунунун чыгышы жөнүндө мындай уламыш айтылып келет: Чынгызхандын көкбөрүнүн кебетеси түшүрүлгөн туусун көтөргөн жоодон жеңилип кайра кайткан кыргыз жоокерлеринин (так алдынан ошол туудагы сүрөт тирилгендей бир көк бөрү чыга түшкөн экен. Кыжынган жоокерлер көк бөрүнү качырып барып, атчан ороп кетйшиптир да, эңген бойдон тарткылашып көпкө чейин тытыша албай тартышыптыр. Бир жагынан алар көөндөрү көтөрүлүп калгандай сезишиптир. Ошондон кийин, кыргыздардын уландары зериккенде, көкбөрү тартышып ойной турган адатка өтүптүр. Дайым эле бөрү табыла бербейт эмеспи, андан кийинкилер ноопас, торпок тартып ойношмой болот. Ошондон барып, серке улак, тартышмайга жалпылашкан экен. Азыр кыргыз тилинде «Көкбөрү тартуу», же «улак тартуу» деп айтылып жүрөт.

 

КомузКОМУЗДУН ЖАРАЛЫШЫ ЖӨНҮНДӨ УЛАМЫШ

Комуз — кыргыз улутунун музыкалык аспабы. Анын жаралышы жөнүндө мындай уламыш айтылып калган. Илгеринин илгеркисинде сүйгөн жигитинин өлүм күйүтүнө чыдабай, токой, талаа кезип басып кеткен Камбаркан аттуу кыз токойдо кургап жаткан каргайдын боорунда тартылып куурап кыл болуп калган түлкүнүн ичегисине көөн буруп карап калат. Ал шамалдын эпкини менен доош салып турган экен. Камбаркан кыз ал кыл болуп калган түлкүнүн ичегисин алып, аны башка бир сомдолгон жыгачка тартып, күйүтүнө коштоп үн чыгарып чертип калат. Ошол жасаганы күйүтүнө аралжы болуп, бир кыйла жеңилденип калган имиш. Бирок ал жасап алган нерсесине ат койбоптур. Аны колуна алып талаа кезип, токой аралап чертип жүрө берген экен. Бир күнү талаа кезип, адатындай жасаган нерсесин чертип бир жерде отурса, «комуз как» деген бир чөп куурап, зыркар шамалдын эпкининде зырылдап доош чыгарып турат экен. Анын доошунан «комуз как» деген үн чыккандай болуптур. Камбаркан колундагы чертип олтурган муңду «комуз как» чөптүн доошуна окшоштуруп, бул да «комуз как» болсун деп атап коет. Ошондон барып «комуз» аталып, «как» түшүп калган экен. Демек комузду Камбаркан кыз жаратыптыр. Анын туңгуч черткен күүсү «Камбаркан» күү болуп калган экен.

 

Камбаркан«КАМБАРКАН» КҮҮСҮНҮН ЖАРАЛЫШЫ ЖӨНҮНДӨ УЛАМЫШ

«Камбаркан» кыргыз күүлөрүнүн ата башы болуп айтылат. Анын жаралышы жөнүндө төмөнкү уламыш айтылып келет. Илгери Камбаркан аттуу бир хандын кызы болгон экен. Ал түшүндө бир жигитти көрүп ошого күйүп калыптыр. Аны таппаса, ага тийбесе, бул жарык дүйнөдө жашоонун ага маңызы жок болуп калыптыр. Ал түшүндө көргөн жигит да бир хандын уулу экен, анын түшүнө да ошол кыз кирип, ошону аңсап, издеп жүргөн болот. Экөө издешип жүрүп соңунда табышкан экен. Бирок үч ай болбой эле жигит дүйнөдөн кайтыш болуп кетиптир. Камбаркан кыз анын күйүтүнө чыдабай, талаа кезип, токой аралап жүрүп кеткен экен. Ал бир токойду аралап жүрсө карагайдын бооруна өлүп калган түлкүнүн ичегиси чубалып барып катып калган экен, ал куургандан куурап кыл сыягына өтүптүр да, жел аргы шамалдын эпкини менен зирилдеп доош чыгып турган экен. Камбаркан кыз ал кылды алып, бир карагайдын кургак бутагынын бооруна тагып, күйүтүн жоокалатуу үчүн аны черткен экен. Ал Камбаркан күүсү болуп кийинкилерге калыптыр. Азыр кыргыздар «Күүнүн башы Камбаркан» деген сөз бар. Азыр комузда чертилип жүргөн «Камбаркан» аттуу күү мына ошондон келген, деген уламыш бар.

 

ОрдоОРДО АТМАЙ ОЮНУНУН ЧЫГЫШЫ ЖӨНҮНДӨ УЛАМЫШ

Илгери заманда, кыргыздар бир кара мүртөз, заалим падышага калыптыр. Бүткүл кыргыз эли караланып, зарланыптыр. Ал элге ээ болбоптур. Өзүнүн керт башынын кызыкчылыгы менен алек болуп кетиптир. Бул ханына караланган эл аксакалдары, көсөмдөрү акылдашып олтуруп ал ханды тактан кулатыптыр. Бирок анын ордуна ылайыктуу ханды отургуза албай, ар кайсы жаат өзүнүкүн көрсөтүптүр да туруптур. Ошондо бир кеменгер аксакал ойлоп, бир аркан бою тегерек чийим тарттырыптыр да, анын ортосуна бир бий бекитип, биймит чүкөнү хан деп атап, анын тегерегине көптөгөн чүкөлөрдү коргоочу кылып, бөкөсүнүн алдын тыкыс орундаштырыптыр. Анан элге жарыялап «кайсыл жааттын адамы томпой менен ушул чийимден туруп, хандын коргоочуларын көптөп чыгарып, анан ханды атып чыгарса, ошол хан болсун» деген экен. Эл ал ойду жактап, ар кайсы жаат өзүлөрүнүн мыктыларын ордого салган экен. Бул бир иретки акылмандык иш кийин оюнга айланып калыптыр. Ордо оюну «Манас» эпосунда көп кезигет. Ал тургай ордо оюнун «Манас баатыр» салгылашуу, согушуу кезде чыгарган экен деген уламыш айтылат.

 

9 коргоолТогуз коргоол оюну тууралуу.

Жолоочулар төөлөрүнүн үстүна ар түркүн нерселерди жүктөп алып кетип бара жатып бир жерге түнөөгө мажбур болушуп конуп калышат экен. Эки чоң нар төөнү жүгү менен ортого коюп, калгандарын тегерете уктап калышат. Эртеси баягы кетип бараткан жолун андан ары улантып кетишет. Кокусунан өтүп бара жаткан башка жолоочулар жакшылап көз жүгүртүшсө эки тарабы тогуздан он сегиз, ортосунда эки чоң төө жаткан орундар жерге чөгүп кетиптир. Төөлөр жаткан чуңкурларга төөнүн коргоолдору кургак болуп катып калыптыр. Окуяга кабыл болгон жолоочулардын бири ойлонуп олтуруп ушул оюнду ойлоп чыккан деген пикирлер да бар. Төөнүн кыгын да коргоол дешет, ошондуктан оюндун аты тогуз коргоол деп аталып калган деген бир имиш бар. Оюндун эрежеси Бул оюнду 2 оюнчу ойносо болот. Оюндун элементтери: такта, 162 коргоол, “туздун” белгиси (сүрөт). Тактанын тогуз чөйчөкчөсүн биз үй дейбиз жана уткан коргоолдорду топтой турган жерди казан дейбиз. 1. Жүрүштү баштоо укугу башка оюндардай эле чучукулак менен аныкталат. Оюнга катышуучулардын жашы чектелбейт. 2. Оюндун башталышында ар бир үйдө 9 коргоол болушу керек 3. Ар бир оюнчу партияны жеңип чыгуу үчүн 82 же анданда көп коргоол утуп алуу керек. Эгерде ар бир оюнчу 81 коргоолдон жыйнашса оюн теңдик менен бутот. 4. Биринчи баштаган оюнчу өзү каалаган үйдөгү коргоолдорду колуна алып, ошол үйдөн баштап оң тарапты көздөй бирден коргоолду ташташы керек, эгерде акыркы салынган коргоол атаандашынын тарабындагы үйгө түшсө жана коргоолдун саны жуп болсо, оюнчу ошол үйдөгү бардык коргоолдорду өзүнүн казанына жүктөйт. 5. Туз алуу эрежеси: Атаандаштын үйүнө түшкөн акыркы коргоолдун саны үч болсо, ал үйүдү “туз” деп атап оюнчуга тийешелүү болуп калат. Оюндун аягына чейин ал үйгө түшкөн коргоолдордун баары ошол оюнчуга тиешелүү болот, оюнчу өзүнүн казанына каалаган убакытта которуп алса болсот. Туз алуунун үч шарты бар: 5.1. Бир оюнда бир гана туз алынат. 5.2. Атаандашыңыз туз алган үйдөн туз ала албайсыз, 5 номердеги үйдөн туз алынса сиз 5 номердеги үйүнөн туз ала албайсыз. 5.3. Бир оюнда бир гана жолу туз алууга уруксат.

Айбат гезити №117




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru