Айбат » Дүйнөнүн бокс боюнча атактуу чемпиону Винни Пазиенц майыптар арабасында олтурат

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Спорт » Дүйнөнүн бокс боюнча атактуу чемпиону Винни Пазиенц майыптар арабасында олтурат

0501021P HONEYGHAN V PAZIENZAДүйнөнүн бокс боюнча атактуу чемпиону Винни Пазиенц өз доорунун көрүнүктүү мушкерлеринин бири болгон. Ал мушташуу үчүн рингке чыкканда милиондогон адамдар ага жан тартып күйөрмандык кылышкан. Ал жеңил орто салмакта карьерасын баштап IBF  кемеринин ээси болгон. Аны өз замандаштары Винни Паза каршылашына мушташ башталары менен жапайы жырткычтай атырылып, мөөнөтүнөн мурда жеңүүгө аракет кылган таланттуу спорт чебери болгонун айтышат. Учурда Винни Паза 53 жашта. Анын ата теги Италиядан болгондуктан кыймыл аракетинде кызуу кандуулук ар дайым болгон деп айтышат. Винни өзүнөн бир топ оор салмак эсептелген WBA версиясынын чемпиону атактуу Панамалык Боксчу Роберто Дюрано менен болгон мушташта мойну кайрылып, башынын арткы бөлүгүнөн оор жаракат алып улуу бокс менен кош айтышкан. Ошол жаракатынан улам алган оорусу машина айдап баратканда күтүүсүз кармап калып, көзү караңгылап машинаны башкара албай  автокырсыкка учураган. Винни Винни ПазиенцПазанын айтымында «Жалпы рингде менин иштеп тапкан акчам 6 млн доллар болду, ал эми дары-дармектерге, ооруканаларга сарпталган акчам 7 млндон ашып кетти. Бирок мен мага буйруган бул тагдыр үчүн эч качан өкүнбөм, анткени мени эл дагы да болсо күчтүү спортчу деп эсептейт» деп эскерип өттү өткөн доордун атактуу мушкери Винни Паза. Дүйнөлүк бокс федерациясынын колдоосу менен атактуу бокс чебери Винни Пазанын өмүр таржымалы терең чагылдырылган фильм ушул жылы тартылып баштоосу күтүлүүдө.

Айбат гезити №117



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru