Айбат » Сегиз сааттык уйку тууралуу жомок

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Кызыктар дүйнөсү » Сегиз сааттык уйку тууралуу жомок

уйкуАдам баласы күн сайын сегиз саат уктаганга умтулушу керек деген сөздөр айтылып келет. Балким бул нерсе адамды күтүүсүз өлүмгө дуушар кылып жүрбөсүн?

Изилдөөчүлөрдүн айтымында, көп же кыска мөөнөттүү уйку адамды ар кандай ооруга, керек болсо өлүмгө алып келиши ыктымал. Бирок денсоолуктун чың болушуна көйгөй жаратып жатса эс алуу күндөрү көп уктагандан сөзсүз баш тарыш керекпи?

Организм толук эс алышы үчүн канча саатык уйку жетиштүү? Адамдардын көпчүлүгү сегиз саат дешет. Бирок жакында медициналык изилдөөлөр көрсөткөндөй, бир күндө сегиз сааттык уйку абдан эле көп, андыктан ден-соолукка зыяны тиет.

Би-Би-Синин “Азбы же көппү” программасынын журналисттери сегиз саттык уйку пайдалуу экени тууралуу кептер чындап эле жомокпу деген суроону изилдеп көрүшкөн.

 

Сегиз сааттык уйку ашыкчабы?

Грэг Джейбкобс аттуу дарыгер Массачусета университетинин медицина факультетиндеги уйкунун бузулушу боюнча борбордо иштейт. Ал: «Баш аягы болуп 34 изилдөө болду. Дарыгерлер эки миллиондон ашык адамдын денсоолугунун абалын көзөмөлгө алышкан. Көрсө, уйку менен жашоо узактыгынын ортосундагы байланыш «U» тамгасы сыяктуу элести берет”, – деп түшүндүрүүдө.

«Өлүмдүн эң аз божомолу «U» тамгасынын эң ылдый тарабын көрсөтөт жана бул чекит күн сайын жети сааттык уйкуга туура келет. Мындан көп же аз уктоо, ошончолук эрте өлүмгө алып келет. Айта кетчү нерсе, уйку нормасынан аз уктагандарга караганда нормадан көп уктагандарда коркунуч көбүрөөк болот”.

Джейкобс дарыгердин айтымында, бир күндүк уйку нормасы жети саат. Эгер мындан аз уктасаңыз, аз жашайсыз. Ал эми нормадан көп уктасаңыз, дүйнө менен андан да эрте коштошосуз.

Биз канча саат уктаганыбызды так эсептөө кыйын: а эгер транспортто уктап кетсекчи?

 

Такталбаган илим

Деген менен Британиядагы Уорикс университетиндеги жүрөк-кан тамыр оорулары боюнча профессору, уйку маселелери боюнча адис Франко Капуччио кабатырланууга негиз жок экенин айтат. Анын көз-карашы боюнча, орточо алты жана сегиз саттык уйкунун баары нормага кирет.

«Биз уйкуну изилдөөдө адамадардын өзүнүн божомолуна көңүл бурабыз. Алардын көпчүлүгү болсо канча саат уктаганынын минутасына чейин так айта албайт»

Элдин пикирин сурамжылоо аркылуу илимий анализ чыгарууга болбойт. Бирок белгилүү болгондой, уктоо убактыбызды адатта көбүртүп айтабыз. «Эгер сиз Британиялыктардын төрттөн үчү сыяктуу эле алты сааттан сегиз саатка чейин уктасаңыз, кабартырланууга негиз жок», – деп профессор Капуччио ишендирүүдө.

 

Нормадан көп же аз уктоо эмнеге кооптуу?

Нормадан көп же аз уктаган ар бир адамда кан басымдын көтөрүлүшү, диабет жана жүрөк-кан тамыр оорулары сыяктуу көйгөйлөр жаралышы ыктымал.

«Сегиз сааттан көп же, алты сааттан аз уктаган адамда жогорку даражадагы оорулардын пайда болуу коркунучу кескин жогорулайт. Бул өз кезегинде эрте өлүмгө кабылтат», – дейт Франко Капуччио.

Бирок бул коркунуч канчалык чын? Илимпоздор аныктагандай, 6-8 саат уктаган адамдарга караганда, тубаса уйкусуз адамдарда өлүм коркунучу 12 га жогору болот.

Ал эми 6-8 саат уктагандарга караганда көп уктаган адамдардын арасында өлүм коркунучу 30га көбүрөөк болгон.

 

«Жети» деген алтын сан

Жыйынтыктап айтканда биз канча саат укташыбыз керек? Көпчүлүк адамдардын өздөрүн кандай сезээрине карабастан, идеалдуу санды так айтууга болот деп эсептейт Грэг Джейкобс.

«АКШнын уйку боюнча улттук ишканасы ар бир жаз мезгилинде миңдеген адамдардан сурамжылоо жүргүзөт. Анда белгилүү болгондой, орто эсеп менен бул адамдар бир күндө жети саат укташат».

Дарыгер Джейкобстун божомолунда, жети саатык уйку мээнин жакшы эс алышы үчүн белгиленген табигый сан.

Жети саат уктаган адамдардын көпчүлүгү өздөрүн сергек сезгенин айтса, беш пайызы гана уйкусу канбаганын, чарчаңкы экенин билдиришкен.

Деген менен эгерде сиз жуурканга жамынып алып, көп уктаганды жакшы көрсөңүз, андан ырахат алсаңыз, сиз мыктысыз. Уйку сизди эрте өлүмгө алып келет деген маалымат азырынча так эмес.

Айбат гезити №117




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru