Айбат » Индира Жолдубаева, башпрокурор: “Журналисттер сөз эркиндигин сыйлоо менен катар жоопкерчиликти дагы унутушпаса”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом, Негизги » Индира Жолдубаева, башпрокурор: “Журналисттер сөз эркиндигин сыйлоо менен катар жоопкерчиликти дагы унутушпаса”

Индира ЖолдубаеваБашпрокурор Индира Жолдубаева жергиликтүү агенттиктердин бирине курган маегинде жалган маалымат таратып, жалган жалаа жапкандарга карата колдонулуучу мыйзамга карата пикирин билдириптир. Анын айтымында, бул мыйзам жарандардын эркиндигин жана сөз эркиндигин чектебейт. «Жалган маалымат деген эмне? Менин көз карашымда, жалган маалымат коомчулукта ишенимсиздикти жаратат. Ошондой эле акыйкатсыздыкты» дейт ал.

Сөзүн андан ары улаган Индира айым жалган маалымат адамдын укугуна жана абийирине, беделине доо кетирет. «Журналисттер бөлөк жарандар сыяктуу эле өздөрүнүн иши үчүн жооп бериши керек. Адамдын абийирин, ар-намысын тебелөөгө жол берилбеши керек. Адамдын абийири жана ар-намысы – баа жеткис» деп маегин жыйынтыктады башпрокурор. Анын сөзүнө караганда, бул мыйзам журналисттердин оозун буубастан, тескерисинче, абийирдүүлүк менен өз ишине жоопкерчилик менен мамиле жасоого үндөйт.

Журналисттер демократия, сөз эркиндиги десе эле чектен ашып кеткенибизди кантип танабыз? Андыктан сөз эркиндиги – жоопкерчилик экенин түшүнүп, оозубузга келгенди оттогонду токтотсок!

Айбат гезити №118



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru