Айбат » Журналист адам өмүрүнө коркунуч жаратса дагы мыйзам алдында жооп бербеши керекпи?

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Журналист адам өмүрүнө коркунуч жаратса дагы мыйзам алдында жооп бербеши керекпи?

Аслан Сарбаев«Азия Ньюс» гезитинин баш редактору Аслан Сартбаевдин 2 айга абакка камалышы оппозициячыл маанайдагы саясатчыларды, журналисттерди жана батыштын сөзүн сүйлөгөн «жаңы муунчуларды» чууга салып туру. Мисалга кече маалымат борборлорунун биринде «Жаңы муун» кыймылынын мүчөлөрү тегерек столдун четине топтолушуп, Сартбаевдин камалышына бийликти күнөөлөп, сөз эркиндигине карата жасалган кысым катары сыпаттап жиберишти. Бул жерде кайдагы кысым тууралуу айтууга болот? Иштин төркүнү таптакыр башка нукта болуп жатпайбы? Тилекке каршы аны ойлогон эч ким жок. Көрүнгөндү сындап жазам деп коркутуп, акча таап көнгөн Аслан Сартбаев бу сапар өзүнүн эле досу болуп жүргөн жеке ишкер Самсаалы Четимбаевдин чыкыйына травматикалык тапанчасын такап коркутуп атып, байкабай атып алганын өзү деле мойнуна алды. Дагы жакшы, ок Самсаалы мырзага эмес, алар отурган авто машиненин арткы орундугуна тийген экен. Эгерде тапанчанын огу чындап эле Самсаалы мырзанын чыкыйына тийгенде эмне болмок? Бул деген адам өмүрүнө коркунуч туудуруу болуп жатпайбы? Же жалганбы? Анан муну сөз эркиндиги менен байланыштыруу канчалык логикага сыят? Же журналисттер үчүн адам өмүрүнө коркунуч туудурса деле, мыйзам иштебеши керекпи?..

Айбат гезити №118




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru