Айбат » Лукашенконун кабинетинен КурСалиевич неге кубанып чыккан жок?

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Лукашенконун кабинетинен КурСалиевич неге кубанып чыккан жок?

Дээрлик беш жылдан бери карай колтугуна кысып, корголоп келаткан Бакиевдердин чындыгында ким экендигине Белоруссия президенти Александр Лукашенконун эми чындап көзү жетип калгандай. Бул туурасында орус тилдүү басылмалардын бири өтө кызык маалымат берди. Андагы маалыматка ылайык үстүбүздөгү жылдын 21-февралында Лукашенко Курманбек Бакиевди кабинетине чакырып алып, бир сааттан ашыкча катуу «ийлегендей». Кыязы Минскиде өлтүрүлгөн кримтөбөл Алманбет Анапияевдин өлүмүнө анын иниси Жаныш Бакиевдин катыштыгы бар экендиги кызуу талкууга алынса керек. Мына ушундай жолугушуудан соң Батьканын кабинетинен Курманбек Бакиев кабагы салыңкы тартып, катуу ойлонуп чыкканын көргөндөр бар экен. Лукашенко болсо аны мурдагыдай бажактап кабинетинин оозуна чейин узатып дагы келбептир. Кыязы, сүйлөшүүнүн аягында «чыгып кет» деп эле ишаара кылып койсо керек. Анан ошол күнү кечинде КурСалиевичтин үйүндө иниси канкор Жаныш, уулу Марат болгон жана башка туугандары, санаалаштары чогулуп «масилет» курушуптур. Эмне темада «масилет» курушканы азырынча белгисиз. Бирок Минскидеги Бакиевдер өздөрүнүн башынан дагы кара булут каптап калганын сезип атышкандай. Кеч болсо да эсине келип, эл аралык деңгээлде азыноолак кадыр-баркын сактап калууну ойлогон Лукашенкого баракелде деп туралы. Калганын эми көрө жатарбыз.

Айбат гезити №118



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru