Айбат » Коррупцияга каршы күрөшүп келген Аида Салянова коррупционерге барып кошулдубу?

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Коррупцияга каршы күрөшүп келген Аида Салянова коррупционерге барып кошулдубу?

Аида СаляноваКадимки жөө чечен саясатчы Адахан Мадумаровдун: «Бийликтен четтетилсе эле оппозицияга өтө качышат» деп айтканы бар. Анын сыңары, кечээ эле бүгүнкү бийлик менен бир кайыкта сүзүп келаткан экс-баш прокурор Аида Салянова күйөөсүн кылмыш жоопкерчилигинен коргоп калуу максатында бийлик ордосунан түптүз эле оппозиция айдыңына аттай качты. Албетте, бийликке жетсем дегенде эки көзү төрт болуп турган оппозициячыл саясатчылар Салянованын мындай кадамын кол чаап, кубануу менен тосуп алышты. Мурда аны үстөккө-босток тепкиге алып келгендер коргомуш этип да чыгышты. Айтор, бүгүнкү күндө башы бириге албай, он талаа болуп бөлүнүп жүргөн оппозициячылдардын ар кимиси Аида айымды өз «короосуна» тартууга далалат урушту. Мына ошончо сунулган колдордун арасынан Салянова мурда-кийинки ишмердүүлүктөрүндө бир эмес, бир нече кыңыр иштери бар, эксперт чалыш Расул Умбеталиевдин «короосуна» барып түштү. Болгондо анын 2005-жылы каттоодон өткөзүп, бирок иштете албай келген партиясынын босогосун аттап, анын лидери болуп чыга келди. Анын келгенине Расул Умбеталиев корстон болуп, 19-февралда маалымат жыйынын өткөрүп төшүн кайра-кайра каккылап да алды. «Мурдагы башпрокурор Аида Салянова «Күчтүү Кыргызстан» партиясын тандап алды. Анткени, мен тазамын жана абийирдүүмүн» деп мактанганын жамы журт укту.

Макул, бул экөөнүн саясый «баш кошуусуна» эч ким деле каршы эмес деңизчи. Бирок кечээ эле коррупцияга каршы айыгышкан күрөш жасап келаткан Аида айымдын артында толтура мыйзамсыз иштери бар, коррупционер деген «наамга» толук талапкер боло алчу Расул мырзага кошулуп алганы неси деп элибиздин эси чыгып отуру. Сөзүбүз кургак болбосун үчүн, Умбеталиевдин мыйзамсыз иш-аракеттеринин айрымдарын гана мисалга тартып коелу.

Ал 1995-жылы «Таш-Көмүр» ишканасынын директорунун орун басарлык кызматын ээлеп турганда бир топ катачылыктарды кетирип, ага байланыштуу кылмыш иши козголгон. Бирок ал кетирген кемчиликтеринин натыйжасында келтирген зыяндарын төлөп бергени үчүн кылмыш иши жабылган экен.

Андан кийин ал «Көк-Жаңгак» ишканасын жетектеген. Анда да жөн иштебей, «Тегене» ишканасынын директору А. Султанов менен жең ичинен сүйлөшүп алышып мамлекеттен 7 миллион сом кредит алышат. Анан анын 37 миң сомун максатсыз пайдаланышканы билинип калат. Муну да көмүскөдөгү сүйлөшүүлөр менен тым-тым кылышат. «Кыргыз көмүр» ишканасын жетектеп турганда «Аспект» аттуу ишканага 1,7 миллион сомдук жабдууларды мыйзамсыз бергени үчүн кылмыш иши ачылат. Ошентип биринин артынан бирин чабыштырып жүргөн Расул Умбеталиев бүгүн таптаза киши болуп сүйлөп атканына таң берсең болот. Андан дагы ошондой адамга барып кошулуп алган Саляновага не дээриңди билбейсиң. «Балыкчы балыкчыны алыстан тааныйт» деген ушулбу дээриңди билбей же «окшошконго мушташкан ушул тура» деп алакан жаярыңды билбей шүк отуруп калат экенсиң мындайда. А.Жеңишбековнанын ишенген адамы Умбеталиев болсо, анда жыргаптыр. Узакка барбайт го мындай кадамы менен…

Айбат гезити №118



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru