Айбат » Президенттин Кыргызстандын активдерин коргоо тууралуу билдирүүсүн, «Кумтөрдү» улутташтыруу керек деп түшүнүп алгандарга жол болсун!

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Экономика » Президенттин Кыргызстандын активдерин коргоо тууралуу билдирүүсүн, «Кумтөрдү» улутташтыруу керек деп түшүнүп алгандарга жол болсун!

кумторӨткөн жумада Онтарио соту “Центерра” компаниясындагы Кыргызстанга таандык 6,5 млн. акцияны камакка алды. Канаданын бул соту латвиялык ишкер Валерий Белокондун арызынын негизинде ушундай чечим кабыл алганы айтылууда. Буга чейин эле аталган компаниядагы Кыргызстандын 77 млн. акциясынын 47 миллиону Канада соту тарабынан камакка алынган болчу. Stans Energy компаниясынын арызы себеп болгон. Андан сырткары буга чейин түркиялык Sistem Muhendishlik Insaat Sanayi ve Ticaret компаниясынын арызы боюнча да акциялар тоңдурулган. Ошентип Кыргызстандын чет өлкөдөгү жападан-жалгыз акцияларынын көпчүлүк бөлүгү камакка алынды. Адистер бул көрүнүш Кыргызстандын экономикасына гана эмес инвестициялык климатына да терс таасирин тийгизерин айтууда. Мисалы, өткөн жылдын октябрь айындагы мындай көрүнүштөн кийин президент Алмазбек Атамбаев атайын кайрылуу жасап Кыргызстандын активдерин сактап калуу үчүн колдон келген аракеттерди жасоо зарылдыгын белгилеген.

А.Атамбаевдин бул билдирүүсү коомчулукта түрдүү божомолдорго жем таштаган. Мисалы, парламенттеги президентке жагынгысы келген айрым депутаттар өлкө башчысынын мындай билдирүүсүн туура эмес түшүнүп алып, президент “Кумтөрдү” улутташтыруу тууралуу айтып жатат деген ойго келген. Бирок, өлкө башчысы аталган билдирүүсүндө “Кумтөр” мамлекет үчүн иштеши керектигин айтып, эгерде Биргелешкен ишкана түзүлсө мамлекеттин бардык сырткы активдери Кыргызстандын юрисдикциясынын алдына өтөөрү тууралуу мүмкүнчүлүк болгон.

“Тилекке каршы канадалык азыркы өнөктөштөр болгон Centerra Gold inc. менен өз ара пайдалуу консенсуска жетишүү боюнча Кыргыз Республикасынын кийинки аракеттери азыркы күндө  биз каалаган жыйынтыктарды бербей жатат. Кыргыз Республикасы сот системасынын ишинин принциптерин урматтайт, бирок азыркы пайда болгон тенденция Өкмөттүн алдына Кыргызстандын активдерин коргоо жана мындан ары мындай коркунучтарды алдын алуу боюнча кыйла таасирдүү механизмдерди пайдалануу милдетин коюп жатат”, – деп айтылат өлкө башчысынын бул кайрылуусунда.

Чындыгында Кыргызстандын Центеррадагы акцияларынын камакка алынышы эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн ийгиликтүү жүрүшүнө тоскоол болот. Бирок, депутаттар менен өкмөт өлкөнү ушундай абалга жеткирбей, канадалык инвесторлор менен сүйлөшүүлөрдү мурдатан тездетиши керек эле. Көпчүлүк адистер Биргелешкен ишкана бүгүнкү күнгө чейин түзүлүп калганда мындай көрүнүштөр болбой турганын айтууда.

Айбат гезити №118




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru