Айбат » Адам өлүмүнөн саясат жасаган оппозиция

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Адам өлүмүнөн саясат жасаган оппозиция

Бүгүнкү күндөгү Кыргызстандагы оппозиция өтө майдачыл жана эч кандай конкреттүү программасы жок экендиги туурасында ички саясат таануучулардын бардыгы бир ооздон айтып келатышат. Ырасында эле ошондой болууда. Кыргызстанды кантип өнүктүрөбүз деген маселенин тегерегинде баш ооруткандын ордуна эптеп эле бир кынтык издей калып, анын арты менен кыйкырып чыга калууну көздөп келишет. Бул жолу дагы ошондой болду. Россия Федерациясынын Москва шаарында оппозиция өкүлү Борис Немцовдун киши колдуу болушу Равшан Жээнбеков башында турган БОКчулар үчүн табылбай турган шылтоо болуп бергенсиди.

оппозицияМаселен, кече аптанын биринчи күнүндө оппозициячылдар Россия Федерациясынын Кыргызстандагы элчилигинин алдына топтолушуп, элчиликтин имаратына Немцовдун сүрөтүн илишип, гүл коюшуп, шам жагышты. Равшан Жээнбеков Немцовдун өлүмүнө Россиядагы түзүлгөн режим күнөөлүү деп билдирди. Анан дагы ал «бул саясатчынын өлүмү – мурунку постсоветтик аймактагы оппозиционерлердин бардыгына жеке кайтарууну күчөтүү муктаждыгы жаралгандыгы тууралуу сигнал болду» дейт. Немцовдун өлүмү боюнча америкалык “RAND Corporation” корпорациясынын президенти Збигнев Бжезинский өз пикирин маалымат булактарынын бирине билдирген эле. Анда ал бул жерде АКШ Россиянын ички саясый кырдаалын курчутуу үчүн ушундай ишти жасагандыгы тууралуу айтылган. Тактап айтканда Немцовду Украинанын АКШ үчүн кызмат кылган атайын кызматтарынын адамдары «жайлашкан».

Эске сала кетсек, Немцов өзү убагында Америка саясатын колдогон саясатчы катары катуу белгилүү болгон. Андыктан бул жерде Немцовдун өлүмүнө Россия бийлигин күнөөлөгөндүн ордуна, абалга туура баа берген оң. Себеби Американын ырын ырдап жүргөн Немцов ажалын ошол тараптан табаарын мурда билбесе керек эле. Ушул жагынан алып караганда Равшан Жээнбеков өзү дагы өтө эле батышчыл болуп кеткенинен абайлашы керек. Экинчиден, Россия бийлиги Немцовдун көзүн тазалаганга эч кандай кызыкчылыгы жок болчу. Себеби Немцов оппозициянын деңгээлин эч кандай көтөрө алган эмес.

Дээрлик 90 пайыз россиялыктар дагы деле Путин башында турган бийликти колдошот. Үчүнчүдөн, Равшан Жээнбеков башында турган оппозиция эмнегедир бир күн кечигип Немцовду «жоктоп» отурушат. Болбосо мындай «жоктоолор» башка өлкөлөрдө Немцов каза болгон күндүн эртеси эле башталган. Биздин оппозиция болсо, адегенде ММК булактарында кандай пикирлер айтыларын күтүшүп, андан кийин гана Россия элчилигинин алдына келип отурушат. Эгерде булар Немцовдун өлүмүнө чындап эле кайгырып турушса, кабарды угаар менен «жоктошот» эле. Бул бүгүнкү күндөгү адам өлүмүн саясатташтыруунун бир мисалы.

Экинчи мисалы Минскиде киши колдуу болгон кримтөбөл Алманбет Анапияевдин өлүмү тууралуу болууда. Анын өлүмүнө өз көзү менен күбө болгон жан сакчысынын айтымында буга Жаныш Бакиев жана анын эки жан-жөкөрүнүн түздөн-түз катыштыгы бар болгон. Мына ушундай ишенимдүү версия айтылаары менен эле маалымат булактарынын бирине Алманбет Анапияевдин бир тууганы Калмамат Анапияевдин маеги жарык көргөн. Анда «Гүлжигит Абдулазизовдун айткандары 99 пайыз калп. Буга Бакиевдердин эч кандай тиешеси жок» деп жазылган. Бирок, мындай маекти бербегендигин, деги эле эч кандай маалымат булактарына өз пикирин айта электигин Калмамат Анапияев өзү Ош шаардык милициясына билдиргендиги маалым болду. Анда сүйлөбөгөн адамды сүйлөтүп, айтпаган адамды айттырып аткандар ким болушу мүмкүн? Балким Бакиевдердин жакындарыбы?..

Айбат гезити №118



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru