Айбат » Мекенчилдер элетте жашашат

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Маек » Мекенчилдер элетте жашашат

МекенчилУчурда патриоттуулук сезим ар кимибизде эле боло бербесе керек. Мындай адамды борбордон 600 чакырым алыстыкта жайгашкан Аксынын Аркыт токой чарбасынын тургунунан кезиктирдик. Тоонун бийик чокусуна мамлекетибиздин желегин өз каражатына жылда илип, жаңыртып, ошого курсант болуп жашаган Смандай мырза менен кыска – нуска маек курдук.

- Смантай мырза, тоонун чокусуна желекти илишиңизге эмне себеп болду?

– Он жыл болду. Мен желекти өтө баалайм.  Желек – бул, мамлекеттүүлүгүбүздүн эгемендигин ырастаган белгилердин бири. Спортсмендер кайсыл өлкөдө таймашка катышпасын желекти көтөрүп чыгышат. Башка кесиптин ээлери спортсмендер сыяктуу өз мамлекеттерин  желек көтөрүп чыгышып, тааныта алышпайт. Спорт каналдардан Кыргызстандын желегин издей берем. Тилекке каршы биздин мамлекетибиз спортко көп көңүл бурбайт эмеспи.

- Спорт менен машыгасыңбы?

– Мектепте жүргөндө жеңил атлетика  менен машыккам.

- Даяр желекти сатып келип, коёсуңбу?

– Тууга ылайыктуу материалды Бишкектен алдырып келип, бычып өзүм  жасайм.

- Канча убакта алмаштырып турасың?

– Жылда бир жолу алмаштырып турам. Он жылдан бери бир топ каражат сарптадым. Бирок, мен ал каражатка деле кейибейм. Кыргыздын желеги ар бир жараныбыздын жүрөгүндө болушу керек. Азыр мына айрыкча жаштар эли, жерин, мамлекеттин сүйүү эмне экенин унутушуп калды. Биздин учурда аскерге барбайсың десе ыйлачубуз. Патриоттуулук сезим болбосо мамлекетибиз өнүкпөйт.

Уурулуктун, коррупциянын күчөп жатканы ошондон.

- Даяр желек жарабайт бекен?

– Даяр желекти да алып келип, илип көрдүм. Бир жылдын ичинде эле оңуп кетет экен. Эми темирден жасатсамбы деген ой келип жүрөт.

- Саясатка кызыгасыңбы?

– Саясатка мурда элдин агымы менен кызыккам. Бирок, куру сөздөн башка эч нерсе чечилбейт экен. Канча бийлик алмашты жер, электр энергиясын сатмай токтогон жок. Андан кийин кызыкпай калдым.

- Азыр эмне жумуш менен алектенесиң?

– Буга чейинки өмүрүмдү союздун учурунан калган кудайга ишенбөө сезими менен жашагам. Жашым 55 ке таяп калганда акыл – эсимди башка жакка буруп, кудайга кулчулук кылып, беш убак намазымды окуп жатам. Токой чарбада жумуш деле жок. Үй тиричилиги менен алекмин.

Акинай АЙДАРОВА

Айбат гезити №118




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru