Айбат » Профсоюздук жаш дымак

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Маек » Профсоюздук жаш дымак

Жээнбек ОсмоналиевСоветтик доордон бери, Кыргыз жергесинин калкы айыл-чарба менен тыгыз байланышта болуп, анын экономикасынын өнүгүшүнө зор салымын кошуп келе жатышат. Бүгүнкү күндө айыл-чарбасы болбосо, бир мезгилдерде атагы алыска жеткен кыргыз завод-фабрикалары жокко учурагандан кийин, аймактарда мал менен талаадан башка иш деле жоктой көрүнөт. Ар бир эле адам, алыскы Орусияга, же андан ары Батыш өлкөлөрүнө бара албайт экен, айылда жерди иштетип, мал курап, ошону менен оокат кылган замандаштарыбыз калкыбыздын салымдуу бөлүгү. Бул албетте абдан жакшы көрүнүш. Бирок ошону менен бирге, айыл-чарба тармагында эмгектенген баардык адамдардын малы, же жери бар эмес, айрымдарында андай да жок, алар эмне кылып турмуш кылышат? Көпчүлүгү,  жалданма жумуштарда эмгектенип, жаңы шарттарда «фермердик» менен иш кылган ишкерлердин колунда. Тилекке каршы, баардык жерде эле, айыл-чарба кызматкерлерине адилеттүү мамиле кылышпайт, жалданма жумушчу болгондуктан иш берүүчү тарап менен түшүнбөстүктөр жок эмес, карапайым калк көп учурда коргоосуз калып, кимге кайрылаарын билбей турганда, айыл-чарба кызматкерлеринин тармактык профсоюзу укуктук жардам берип жана кайрылган адамдарды  толук коргоого алып кызмат кылып келүүдө.

Биздин редакция ушул санда, республикабыздагы бирден-бир болгон айыл-чарба кызматкерлеринин тармактык профсоюзунун Борбордук комитетинин төрагасы, жалпы эле Кыргызстандагы профсоюздар арасындагы эң жаш (35 жаш) ишмерлердин бири, Жээнбек Осмоналиев менен айыл-чарба профсоюзу жөнүндө маектешкенди туура көрдү.

- Жээнбек Чыныбекович алгачкы суроону бүгүнкү күндөгү айыл-чарба кызматкерлеринин профсоюзунун акыбалы боюнча баштасак.

Жетекчилик милдетти жана чоң жоопкерчиликти биздин тармактык профсоюздун күжүрмөн мүчөлөрү жана баштапкы уюмдардын төрагалары мага жүктөгөндөн кийин, менин орун басарларым менен чогуу элдин бүгүнкү профсоюзга болгон мамилесин, маанайын билиш  үчүн,  профсоюз менен элдин  ортосундагы карым катнашты билүү, байкоо үчүн, айыл жергесиндеги абалды көрүү үчүн, өлкөбүздүн 7 дубанын  кыдырып  келдик. Жыйынтыгында, элдин профсоюзга болгон  түшүнүгү илгерки советтик кездегидей боюнча калгандыгын байкадык. «Профсоюз азыр деле барбы» деп, таңкалгандар деле болбой койгон жок. Жаштардын көбү болсо билбейт экен.

Ошондо профсоюздук жумушту жалпы, калк арасында жандандырыш керек экендигин туюп, профсоюз бул элдин эмгек кызыкчылыгын түздөн-түз коргой турчу уюм экендигин элге жеткирүү үчүн, алдыбызга максат коюп, план иштеп чыкканбыз.  Жылдан-жылга профсоюз мүчөлөрүнүн саны азайып бара жатат эмне себептен, канткенде биз кайра күчтөнөбүз,  анализдеп, пленумда талкууга алып бир топ чечимдерди кабыл алдык. 3 күндүк кеңешмеде, баарыбыз чогулуп, өзүбүздүн беш жылдык стратегиябызды белгилеп алганбыз.  Негизги багыттарыбыздын  бири: жаштардын арасында профсоюз жөнүндө маалыматты таратуу менен бирге,  профсоюзга жаштарды тартуу максатын коюп эки семинар өткөрдүк.  Түндүк жергесинде, Ысык-Көл, Нарын, Талас, Чүй областтарында  жана Түштүк жергесинде  — Ош, Жалал-Абад,  Баткен областтарында биздин баштапкы уюмдарда иштеген жаштарды чогултуп профсоюз эмне экендигин, кандай максатты көздөйт деген  сыяктуу  түшүндүрмөлөрдү бердик.  Азыркы учурдагы,   жазга чейин деп коюлган максатыбыз; эки семинардын жыйынтыгы боюнча өзүнүн активдүүлүгүн көрсөткөн  жаштарды чогултуп, Республикалык деңгээлде форум  өткөрүү. Профсоюздун жаштар кеңеши деп түзүлгөн топту, жандуу орган катары иштетели деген ниет бар.

- Акыркы учурларда жалпы эле эл-аралык тажрыйбада профсоюздун саны кыскарып аткан көрүнүш бар, ошол эле кезде Кыргызстандагы профсоюздарга да жалпы тенденция таасирин тийгизди. Ошол процесстерге байланыштуу кандай иштерди жүргүзүп атасыңар?

– 1985 жылы 600 миңден ашык мүчөлөрүбүз бар эле, бүгүнкү күндө болсо  80 миңдин эле тегерегине түшүп, кескин түрдө азайып кеткен. Анализ кылып көрсөк 90 жылда агрардык жер реформасы жүргөндө, колхоз, совхоздорду майдалап бытыранды кылып, жеке үй-бүлөлүк дыйкан чарбаларды түзүп, баардык айыл чарба мүлкү таратылып салынган, ошол учурда  профсоюз мүчөлөрдүн саны кескин кыскарып кеткен. Профсоюздун коомдогу орду бул жумуш берүүчү менен жумушчунун ортосундагы адвокат, ортомчу катары иштей турган уюм эмеспи. Айтылган реформадан кийин, профсоюз түшүнүксүз акыбалга дуушар болгон. Ошол учурда, жеке дыйкан чарбалар профсоюздан баш тартып чыгып кетишкен. Турмуш көрсөткөндөй алган мүлктү, туура пайдаланып сактап кайра көбөйткөндөр бүгүнкү күндө айыл жергесинде байып чоң фермерлерге айланып кете алышкан. Тескерисинче, рынок мамилелерин түшүнбөгөн,  айыл жергесинде жашаса дагы, дыйканчылык, фермердик иш жөнүндө  маалыматы жок болгон жарандарыбыз мүлкүн сактап кала алган эмес.

Малын, жерин, сарайын сатып, айыл жергесинде жумуш жок деген шылтоо менен эмгекке жарамдуу калктын көбү мигрант болуп кетип калышты. Бүгүнкү күндө  айыл жергесинде чоң ажырым пайда болду  – бай менен кедей деп. Байлардын чарбасы кеңейип,  жумушчу жок болгондон соң өзүнүн айылдаштарын жалдап иштетип атат, бирок ошондой учурларда, эмгек мамилелерин көзөмөлдөй турчу эмгек келишими түзүлгөн эмес. Формалдуу эмес экономика кулачын жайып жатат. Азыр, Кыргызстанда «кулчулуктун» өзүнчө бир жаңы формасы түзүлүп атат, ушул жерде профсоюз өзүнүн активдүүлүгүн көрсөтүш керек. Демек, иш берүүчүнүн жана жумушчунун ортосундагы мамилени формалдуу түргө алып келүү, эмгек келишимин түзүү жана социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү жөнгө салуу зарылчылыгы келип чыкты . Мындай көрүнүштүн баардыгы, жалданып аткан жумушчу өзүнүн укугун билбегендигин түшүндүрүп турат. Ушул  көрүнүштөрдү жөнгө салуу үчүн, формалдуу  эмес экономиканын терс кесепеттеринен арылыш үчүн, формализация кылыш керек. Бул, бүгүнкү күндө чоң багыттарыбыздын бири. Ушунун негизинде, биз, январь айында эл-аралык уюмунун жардамы менен чоң семинар өткөргөнү жатабыз. Ал республиканын жети областынан өкүлдөрдү  чакырып, конкреттүү иш-чараларды  белгилөө. Айыл чарбасындагы формалдуу эмес сектордо эмгектенген жумушчулардын аныктап,  жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары менен тыгыз иштешип, андай жумушчуларды тизмеге алуу, деген сыяктуу кадамдарды белгилеп алып, комплекстүү иш-чараны жүргүзөлү деп турган учур.

Формалдуу эмес экономика, бүт дүйнө жүзүндө олуттуу проблемалардын бири болуп эсептелинет.  Анткени, мындай көрүнүштөн улам канчалаган адамдардын турмушу, келечеги, өмүрү  белгисиз болуп турат. Мен ишенем,  баардыгы сөзсүз ишке ашат. Айыл-чарба министрлиги менен эки тараптуу келишим түзгөнбүз, ал келишимде формалдуу эмес экономикада эмгектенген айыл-чарба кызматкерлеринин мамилелерин жөнгө салуу боюнча пункту бар, демек министрлик менен тыгыз байланышта иштешип, бул пунктарды ишке ашырышыбыз абзел. Кыргызстанды, кризистен чыгаруунун бул дагы бирден бир жолу.

- Азыркы убакытта, Сиз жетектеп келе жаткан тармактык профсоюз, өлкөбүздүн баардык аймактарында өкүлчүлүктөрү барбы жана жогоруда белгилеген иш-чаралардан тышкары кандай иштерди алып бара жатасыңар?

– Республиканын алты облусунда областтык комитеттерибиз бар, Чүй чөлкөмүндө, райондук комитеттерибиз борбордук комитетке түздөн түз бай ийет. Бирок, бүгүнкү күндө профсоюздук кадр маселеси бизди кыйнап турат. Өзгөчө алыскы райондордо профсоюз кадрларыбыз жок болуп кетти, анткени жаштардын профсоюзга болгон кызыгуусу такыр эле жок. Себеп, биздин жумуш түйшүктүү жумуш. Жаштарыбыз болсо оңой кызматтарда отурганды каалашат. Кээ бир алыскы жана жакынкы райондордо профсоюздук комитеттерибиз жокко учурап кеткен  эле, убакыт менен бара-бара аларды жандандырып жатабыз. Мисалы  Аламүдүн районунда биздин профсоюздук комитет жок болуп кеткен. Улам жергиликтүү өзүн өзү башкаруу  органдары менен сүйлөшүп, кадрларды тандап атып, райондук комитетти түздүк, ал жанданды жана жарым жылдын ичинде эле профсоюздук жаңы 9 баштапкы уюм түзүлдү. Өткөн эки жыл ичиндеги эң чоң жетишкендиктерибиздин бири структурабызды жөндөп, кадрларыбызды толуктаганга  жетиштик деп айтсам жаңылышпайм. Мисалы, Өзгөн, Кара-Суу, Токтогул, Чүй, Ысык-Ата, Бакай-Ата, Ак-Суу аттуу райондордо профсоюздук комитеттер иштерин жандантты.

Албетте кемчиликтер бар, бирок биз ал кемчиликтердин да үстүнөн иштеп жатабыз. Жер жердеги акимчиликтерге, областтык администрацияларга, айыл-чарбасында эмгектенгендердин  акыбалы боюнча каттарды жөнөтүп атып, жогоркудагылардын көңүлдөрүн бура алдык  деп эсептейм.

Профсоюздардын ишмердигинин негизги багыттары бул анын мүчөлөрүнүн  татыктуу, коопсуз жумуш орду менен камсыз болуусуна жана эмгек акы алуусуна көмөкчү болуусу. Бул багытта эмгек мыйзамдарынын сакталышына карата олутту көңүл бурулуп, тиешелүү иш аракеттер жүргүзүлүүдө. Мисалы, 2014-жылы Борбордук Комитеттин  эмгекти коргоо бөлүмүнө  эмгекчилердин эмгек  убагында төлөбөй эмгек мыйзамдарын одоно бузуп жумуштан бошоткондугу жана башка маселелер боюнча жүздөн ашуун кат кабарлар келип түшкөн. Алардын көпчүлүгү жеринде текшерилип, тиешелүү жооптор берилди. Ал эми мыйзамсыз  иштен четтетилгендер биздин жөрөлгө менен  иштери сот органдарында каралып, айрымдары  сот чечимдери менен мурунку иштеген орундарына коюлушту.

- Эл арасында профсоюз эмгекчилердин эс алуусун уюштуруучу уюм катары кеңири белгилүү. Бул жаатта дагы сиздин профсоюзда жумуш жүрүп жатабы?

– Албетте. Бүгүнкү күндө биздин профсоюздун балансында турган  2 санаторий-профилакторий жана Ысык-Көлдүн жээгинде орун алган «Телтору» пансионаты, ошондой эле 11 балдардын эс алуу борборлору, айыл-чарба кызматкерлеринин жана алардын үй-бүлөсүнүн ден соолугун чыңдап,  толук кандуу иштеп жатышат. Андан тышкары, Кыргызстан Профсоюздар Федерациясынын карамагындагы баардык санаторий-курортторго, эс алуу жайларына, лагерлерге жолдомолор берилүүдө. Мисалы 2014-жылы биздин профсоюз аркылуу   миңден ашуун айыл чарба кызматкери санаторий курортторго, эс алуу жайларына акысыз жолдомо алса, бир жарым миңден ашуун өспүрүм балдар лагерлерге барып ден соолуктарын чыңдашты.

- Маек куруп бергениңиз үчүн чоң рахмат!

Төлөбүбү Касымалиева

Айбат гезити №118



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru