Айбат » Туңгуч калемгер – Сыдык Карач уулу (1900-1937жж.)

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Тарых » Туңгуч калемгер – Сыдык Карач уулу (1900-1937жж.)

Сыдык Карачев (Карач уулу)Сыдык Карачев  чейрек кылымдан ашык убакыттан бери жамы журтчулугубуз гана эмес, адабият күйөрмандарынын арасында да дарексиз, кабарсыз болуп келди. Арадан отуз жыл убакыт өтүп, Сыдык жалган жалаадан, саясий айыптан толук арылгандан кийин гана ал жөнүндөгү алгачкы маалыматтар басыла баштады. Айрыкча демократия менен айкындуулуктан кийин бул белгилүү инсандын чыгармачылык жолун иликтөөгө ыңгайлуу шарт түзүлдү.

 

Өмүр баяны

Улуттук жазма адабияттын, журналистика жана котормо өнөрүнүн жерпайын түптөшүүдө кадыресе орду бар туңгуч калемгер Сыдык Карач уулу Түп районунун Жылуу-Булак айылында 1900-жылы туулган. Ал, жетим калып жаштайынан татар-кожоюндун эшигинде малай жүрөт. Эс тарткан чагында баштапкы татар мектебинен бир аз окуп кат тааныйт. Ошондон баштап жаш Сыдык көркөм адабият китептерин сүйүп калат.

 

Сыдыктын эмгек жолу

“Эркин-Тоодо” Сыдык Карачев алты жыл иштеп, 1930-жылы Оштогу “Кызыл пахтачы” газетасына жооптуу катчы болуп которулду. Кыскасы, 1924-жылдан баштап анын бүт өмүрү басма жана чыгармачыл иштер менен байланышта өттү. Мына ушинтип, “өмүрүнүн мерчемдүү муунактары белгилүү болсо да, Сыдыктын жеке адамдык жана калемгердик тагдырына тиешелүү фактылар али бүдөмүк. Маселен: ал кандай үй-бүлөдөн чыккан, Караколго кантип келип, татар мектептин канчанчы классына чейин окуган, уруулаштары менен чет элге үркүп барганбы же жокпу, кызыл аскердин катарында кандай милдет аткарган, аскердик окуу жайын эмне себептен таштап ийген, “Көмөк” газетасында кызматкер болгону ыраспы же жоромолбу? Бул суроолорго азырынча бир жаңсыл жооп табуу мүмкүн эмес”.

З. Мамытбеков С. Карачевдин биринчи ыры 1918-жылы татар тилиндеги “Шуро” гезитинде жарык көргөнүн, адегенде жалаң татар жана казак тилинде жазганын, 1919-жылы “Көмөк” газетасында “Сүйгөнүнө кошула албады”, “Үйлөнүүдөн качты”, ал эми 20-жылдардын башында ар түрдүү темалардагы “Армандуу эки жаш”, “Алданган нур кызы”, “Күкүк менен Зейнеп”, “Ысык-Көл боюнда” деген аңгемелери басылганын жазат.2 Буга С. Жигитов кошула албай С. Карачев бардык алгачкы чыгармаларын дээрлик татар тилинде жазган деген толук бойдон чындыкка дал келбегенин, 1919 – 1924-жылдары Сыдык көркөм аңгемелерин баштан-аяк татарча, ал эми айрым макалаларын жана ырларын кыргызча эле жазганын айтып келип, “Сыдыктын 1924-жылга чейинки поэзиялык туундулары кандайдыр бир идеялык оош-кыйыштардан таза деп болжолдоого негиз жоктугун, ошол кездеги өтө эле өгөйчүл, жаасы катуу идеологиянын ашкан кыраакы, ашкере активдүү жоокери Аалы Токомбаев курулай жокту бар кылып, жөнсүз, жүйөсүз эле С. Карачевдин чыгармаларын айыптабаганын, Сыдыктын татарча жарыяланган бирин-экин ырларында жаңылыш идеялык жаңырыктардын бар экенин” да көрсөтөт.

Арийне, качанкы бир кездерде жаздым басып, жаңылыш жазылган “Ах, миллетим”, “Өткөн күндү сагынып” деген ырлары, прозалык чыгармалары үчүн “улутчул, феодалчыл, майда байчыл, контрреволюциячыл” деген саясий айыптардын Сыдыкка коюлушу жалган жалаа экени бүгүн аныкталды. Чынында да бул ырларда өткөн мезгилде өз элинин бирөөгө күнкор болгонуна, сабатсыз түркөйлүгүнө кейүү же тээ бир заманда паразаттуу, нускалуу карыялар, баатыр, ары айкөл эр азаматтар өткөнүнө, элинин мурдагы тарыхына сыймыктануу бар. Бирок өткөн күндүн оңунан чыкпаган иштерине наалып же мактанч менен белгилей турган даңазалуу жактарына сыймыктанып койсо эле, андан “улутчулдук менен феодалчылыкты”, “чыккынчылыкты” көрө коюу бүгүнкү күндө акылга сыйбачу иш.

 

Жарык көргөн чыгармалары

С. Карачев “Шаңдан жүрөк”, “Аялдар салтанаты”, “Айылдагы курбума”, “Досума”, “Эл сагынуу”, “Күзгү түн”, “Эркин-Тоого”, “Май”, “Жаңы турмуш – жарык күн”, “Эл менен бүгүн биргебиз”, “Эмгек таңында”, “Күрөш учкундары”, “Неге алдадың?”, “Өткөн өмүр – бир өлүм” деген граждандык жана махабат ырларын жазган. Алардын бардыгы ошол кездеги бири-бирине окшош ырлардан кескин айырмаланбаганы менен эстетикалык жагынан али жармач экенине карабастан, акын аталган туундуларында тап душмандарынын айыгышкан күрөшүн туура сүрөттөөгө, жаңы замандын артыкчылыгы менен жеңиштерин, эркиндик алган элдин көңүл күүсүн, эркин эмгегин даңазалоого аракеттенет. С. Жигитов саналган ырлардын көпчүлүгүн мисалга тарта отуруп, Сыдыктын поэзиясындагы жылт эткен жаңылык-табылгаларды, оош-кыйыштарды да таасын көрсөтүптүр. Ырасында да бул ырлардын айрымдарында “…Сыдык башка акындар жылаңач бойдон түз эле айтып таштаган идеяларды санжыргалап, өзгөчөлөп, кайманалап, жаңыча троптук каражаттар, ритмикалык курулуштар, строфалык уюшмалар аркылуу туюндурууга далбас кылган. …Кыргыз ырын жаңыча ритмикалык алкактарга салып, жаңыча уйкаштыруу ыктарын колдонуп, бир кыйла татаал формада сүйлөтүүгө күч үрөгөнү таасын байкалат. …Жыйынтыктап айтканда, Сыдык Карачев 20-жылдары акын сыпатында да басма сөздө көрүнүп, улуттук жазма поэзиябыздын түптөлүшүнө аздыр-көптүр кол кабыш кылган. Бирок бул жагынан анын ийгиликтери анча бараандуу да, орошон да эмес.”

 

Проза жаатында

С. Карачев тунгуч прозаик катары чоң аброй күткөн. Кээ бир маалыматтар боюнча 1918 – 1919-жылдарда ал “Көмөк” газетасында “Окуу керек!”, “Биз качан адам болобуз” аттуу макалаларын жарыялаган. Изилдөөчүлөр “Эркин-Тоонун” 1924 – 1934-жылдардагы сандарында Сыдыктын ар кандай темадагы макалалары, фельетондору, очерктери жарыяланып, ал эми “Кара чаар менен болдомочун иттик кылды” жана “Бөдөнөнүн бөйрөгүнөн, торгойдун толорсугунан” сыяктуу жанытмалары кадыресе публицистиканын деңгээлине жеткенин жазып жүрүшөт. Бирок С. Карачевдин прозаик катары адабий чөйрө менен журтчулукка тааныткан “Үйлөнүүдөн качты”, “Сүйгөнүнө кошула албады”, “Эрик таңында” аңгемелери, бөтөнчө “Эрксиз күндөрдө” повести болду. Булардын ичинен “Эрксиз күндөрдө” (1928-ж.) менен “Эрик таңында” (1929-жылы) өзүнчө китеп болуп чыккан.

Өз өмүрүндө ал үч пьеса жазган. Анын биринчиси “Борч”2 деп аталып, качан жазылганы, канча көшөгөдөн турганы белгисиз, кол жазмасы да дайынсыз. Жаштардын демилгеси менен анын Караколдо коюлганын калемгердин замандаштары эскеришет. Ал эми “Теңдик жолунда” жана “Төрага Зейнеп” пьесалары 1928 – 29-жылдары удаа басылган. Эки эле жылда ( 1928 – 1929) С. Карачевдин төрт китеби жарыяланганы 20-жылдардын аягында анын жаратмандык эмгегинин өтө өндүрүмдүү болгонун айгинелейт. Сыдыктын котормолору да арбын. Ал Л. Н. Толстойдун “Шалпаң кулак” аңгемесин, А. П. Чеховдун “Талаа” повестин, Н. И. Островскийдин “Болот кантип курчуду” романын, Брет Гарддын “Самед кызы” жана Ромен Ролландын “Жан Кристоф” деген романдарынын үзүндүлөрүн которгон. А. С. Пушкиндин “Бекетчи” аңгемеси менен “Дубровский” повести Сыдыктын котормосунда 1937-жылы өз алдынча китеп болуп чыккан. Бул анын акыркы эмгеги. Ошентип, жүрөктүн үшүн алган саясий айыптар Сыдыктын жаратмандык кендирин кесип, оригиналдуу чыгарма жазуудан алыстатты да, өмүрүнүн акырында жалаң котормо иши менен алек болуп калды.

Арийне, анын поэзиясынан, прозалык жана драмалык чыгармаларынан кыргыз профессионал адабиятынын жаңыдан көз жарып, жаралуу мезгилине мүнөздүү бирин-экин изденүү, саамалыктар, жакшы жышаандар менен бирге жаза баскан жаңылыштыктар, кемчилик-мүчүлүштөр – кыскасы, оош-кыйыштар ачык эле көрүнүп турат. Бирок ал өзүнүн калемдештеринин арасынан суурулуп, бөлүнүп чыгып, эки жылда төрт китепти жазып да, жарыялап да жибергенин көрмөксөнгө салуу адилетсиздик болор эле. Бөлөгүн айтпаганда да элибиздин тарых-тагдырындагы туңгуч газетабыз “Эркин-Тоонун” жарык көрүп, жаралышына бүт акыл-эсин, жөндөм-шыгын пайдаланып, топтогон тажрыйбасынын чыпчыргасын калтырбай жумшап, жанын үрөгөнү үчүн, дегеле газета, журнал, ар кандай басылмаларды чыгаруу өнөрүнө биринчилерден болуп чыйыр салып, жол-жобосун көрсөткөндүгү үчүн Сыдык Карачевге чоң милдеткербиз. Дал ушундай практикалык иштер, күндөлүк көйгөй менен колу байланып, оригиналдуу чыгарма жаратууга чолосу тийбей жүрүп анын кырчын өмүрү өтүп жатты.

Эми кесиптик камылга көрүп, тажрыйба топтоп, чыгармачылыгы кадыресе бир нукка түшүп келатканда тигиндей куткарбас кара балаага кабылып, азаптуу, армандуу айлар, жылдар башталды. Сыдык күнөөсү жоктугун билип турса да, ушундай кылсам бир айласы табылар деп Кыргызстан жазуучуларынын I курултайы ачылар алдында: “Эгер партия Борбордук Комитетинин адабият уюмдарын кайра куруу жөнүндөгү 1932-жылкы токтомуна чейин мен майда буржуазиячыл маанайдын туткунунда жүрсөм, кийинки учурларда улутчул көз караштарыма катуу, катаал карап, андан биротолдо кол үздүм”, – деген маанидеги интервью берип далбастады. (“Советская Киргизия”, 1934, 21-апрель) Бирок бул далбастан эч нерсе чыкпады, кайта айыптын үстүнө айыптар кошулуп көбөйө берди. Эми Сыдык калем кармоодон заарканып, жүрөгү даабай, чыгармачыл иштен көңүлү калып, кайт боло берди. Анан адилетсиздик менен аксымдыкка жаны кашайган кайран киши чыгарма жазууну биротоло токтотту. Анын себептери жөнүндө маалымат болжолду С. Жигитовдун аталган китебинен табууга болот… (61 – 62-бет)

Убагында Сыдыктын бир дагы чыгармасы калыс иликтенип, өз баасын ала албады. Өлөр-өлгүчө, ал гана эмес көзү өткөндөн кийин да, чейрек кылымдардан ашык убакыттын аралыгында анын атын атоого тыюу салынды. Эки жылда төрт китеп чыгарган өрөпкүгөн демин өчүрүп, дымагын басып, ышкы отуна суу сээп, көкөлөгөн көңүл кушунун кош канатын кайрып, жекече жаратмандык ишинин кендирин биротоло кесип таштоо, эң негизгиси жаш жандын жазыксыз кыйылышынан кабар берген айдыңдуу саясий айыптар – Карач уулунун өз алдынча чыгарма жаратууга көңүлү жар бербей калышынын башкы себептери болду. Эгер эчен жылдар бою ыбырсыган практикалык иштер менен убараланып, убактысынын көбүн журналистика жумуштарына кетирбегенде өтө оор саясий айып коюлуп, куугунтук жеп, күнүмдүк оокаттын айынан акыркы бүт өмүрүн котормочулук менен өткөрбөгөндө, акыры 1937-жылдын калайман капшабына кабылып, ак жерден мезгилсиз атылып кетпегенде, балким, Сыдык бараандуу да, орошон-омоктуу да оригиналдуу чыгармаларды жаратат беле, ким билсин… Бирок эмне болгондо да кыргыз профессионал адабиятынын жанрларынын салааларында эмгектенип, поэзия, проза, драманын, улуттук журналистика жана котормо өнөрүнүн жерпайын түптөшүп, жаралышына өз салымын кошкон Сыдык Карачев кыргыз адабиятынын, журналистика жана котормо өнөрүнүн тарыхында өз ордун ээлөөгө арзыйт.

Айбат гезити №118




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru