Айбат » Дүйнөнүн эң бай адамдары – 2015: Forbes журналынын рейтинги.

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Кызыктар дүйнөсү » Дүйнөнүн эң бай адамдары – 2015:
Forbes журналынын рейтинги.

Америкалык Forbes журналы 2-мартта, долларлык миллиордерлер дүйнө рейтингин 29чу жолу чыгарып, жылдык рейтингин көргөздү. Тизмеге 1 млрд доллардан ашык байлыгы бар 1826 адам кирди. Алардын жалпы байлыгы – $7,05 трлн, өткөн жылга караганда $600 млрд көп. 290 адам – рейтингге биринчи жолу киришти, алардын 71и Кытайдан. Тизме “жашарып” жатат: рекорддук 46 адамдын жаш курагы 40 жаштан ылдый болуп чыкты. “Форбс”-2015тин орто байлыгы – $3,86 млрд, 2014-жылдагыга караганда $60 млн аз. Миллиордерлердин активдеринин баасы 2015-жылдын 13-февралына карата бааланды.

 

Билл Гейтс1. Билл Гейтс.

Байлыгы: $79,2 млрд
Бир жылда: +$3,2 млрд
Өлкө: АКШ

Билл Гейтс кайрадан Forbes дүйнөлүк тизмесинин башында – акыркы 21 жыл ичинде 16чы жолу. Мексикалык магнат Карлос Слим Элу төрт жыл биринчиликти бербей келгенден кийин, Гейтс өзүнө лидерликти 2014-жылы кайтарды. Мурда Microsoft’тун негиздөөчүсү байлыгынын көбүн өзүнүн “тууган” корпорациясынан табып келсе, бара-бара ал, акыркы 15 жылдан бери, софт гинантынан четтеп баратат. Акыркы жылда Билл Гейтстин пакети үчтөн бирге “арыктады” – анын ичинде Билл жана Мелинда Гейтс кайрымдуулук фондуна 2014-жылдын ноябрында $1,5 млрд кагаздарын өткөрүп бергендиги үчүн. Жалпысынан меценаттык долбоорлорго бизнесмен $30,7 млрд багыштаган. Масштабы боюнча мурун болуп көрбөгөндөй бизнесмендин филантропиялык ишмердиги АКШда билим берүү сапатын жогорулатууга, эпидемиялар менен күрөшүүгө жана дүйнөнүн үчүнчү өлкөлөрүндөгү жакырчылыкка, биринчи кезекте Африка контингентине жардам берүүгө багышталган.

 

Карлос Слим Элу2. Карлос Слим Элу жана үй-бүлөөсү

Байлыгы: $77,1 млрд
Бир жылда: +$5,1 млрд
Өлкө: Мексика

Карлос Слим Элу дүйнөнүн эң бай адамы титулу үчүн жарышта, конъюнктуранын татаалдыгына карабастан (мексикалык бийлик телекоммуникация тармагындагы антимонополиялык мыйзамды бара-бара катаалдаштырып бара жатат), Билл Гейтстин артында келе жаткан эң жакын адам болуп кала берет. Дал ушул телекоммуникациялык тармак Слимди бай кылган. 2014-жылдын июнь айында AT&T корпорациясынын үлүшүн сатып алыш үчүн $5,6 млрд коороткон. America Movil панамерикалык уюлдук оператор – Слимдин бизнес-империясындагы эң ири активдеринин бири. Бирок AT&T конкуренцияны улантууда: америкалык телеком-гигант 2015-жылдын январында башка мексикалык магнат Рикардо Салинаса Плиегодон Grupo Iusacell операторун сатып алды.

Слимдин ири активдеринин арасында – Innmeubles Carso девелопери бар. Ошондой эле Слим The New York Times бамаканасынын ири акционери. 2015-жылдын январында үлүшүн 17%га жеткинрди. Миллиордер Grupo Carso өнөр-жай конгломератын, Grupo Financiero Inbursa финансылык жана инфраструктуралык Ideal’ды башкарат.

 

Уоррен Баффет3. Уоррен Баффет

 Байлыгы: $72,7 млрд
Бир жылда: +$14,5 млрд
Өлкө: АКШ

Уоррен Баффет 2015-жылы мурда болуп көрбөгөндөй бай, бирок бары бир анын  байлыгы глобалдык Forbes рейтиңинде “күмүштү” кайтарып алууга жетпей жатат. Өзүнүн Berkshire Hathaway инвестициялык империясынын ийгиликтүү ишмердүүлүгүнүн ыкчамдыгын төмөндөтпөй келет – 2014-жылдын августунда, АКШ биржасындагы соодада ансыз деле, компаниянын эң кымбат – А классындагы акциялары, тарыхта биринчи жолу даанасы $200 000 сатылып, психологиялык чекитти ашып түштү. Баффет башкарган ондогон иш каналар темир жол, страза, энергетикалык жана башка тармактарда иштеп жатат. Berkshire’дин 2013-жылы тапкан акчасы – $182 млрд, таза кирешеси – $19,5 млрд. Бир топ жашка чыгып калганына карабастан, Баффет ири келишимдердин даамын жогото элек: 2014-жылдын ноябрь айында анын компаниясы Procter & Gamble’ден батарейка чыгаруучу Duracell’ди $4,7 млрд’га сатып алды.

Берешен филантроп, Баффет 2014-жылдын июль айында өзүнүн меценаттык рекордун жаңыртты – ал, Билл жана Мелинда Гейтстин фондуна жана алардын алдындагы башка кайрымдуулук коомдорго Berkshire’дин фантастикалык $2,8 млрд турган акцияларын кайрымдуулук кылды. Жалпысынан бизнесмендин кайрымдуулугу $23 млрд болду.

 

Амансио Ортега4. Амансио Ортега

Байлыгы: $64,5 млрд
Бир жылда: +$0,5 млрд
Өлкө: Испания

Амансио Ортега жөнөкөй темир жолучунун үй-бүлөөсүндө төрөлгөн дагы, дүйнөдөгү эң ири соодагерге айланды. Ал Zara деген фирманы 1975-жылы негиздеген – ошол кезде жаңы баштап жаткан ишмер биринчи аялы Розалия Меро менен ич кийим жана мончо халаттарын тигишчү. Андан дагы ишмердүүлүктү алар өз үйүнүн бир бөлмөсүндө башташкан. 1980-жылдардын ортосунда Zara Испаниянын бардык дүкөндөрүн басып алып, чет элдик экспансияны баштаган. Ортега мурун тармакта бекиген лекалалар менен иштечү эмес: анын башкаруучу Inditex компаниясы конкуренттерине салыштырмалуу каражатты жарнамага эмес, жаңы дүкөндөрдү ачууга көбүрөөк кооротчу жана негиздөөчүсү менен мыкты башкарылчу. Louis Vuitton’дун фэшн-директору Дэниэл Пьет бир жолу миллиордердин бизнес-империясын “балким, планетадагы эң инновацианалдуу жана кыйраткыч ритейлор” деп атаган. Ортега акыркы глобалдык финансылык кризисти укмуштуудай ийгиликтүү өткөрдү: 2009-жылдан 2014-жылга чейинки периоддо, Inditex’тин акцияларынын кымбатташынын темпинин эбегейсмиз жогорулашынын себебинен, ал $45 млрд’га байып калды. Испан экономикасынын стогнациясынын фонунда бул көрсөткүч өзгөчө таасирлентет. Zara’нын негиздөөчүсү бул жылдары миллиарддаган инвестицияларды тартты. Бирок ал каражаттын көбүн кымбат оокаттарга эмес, кайра бизнеске кайтарды – өзүнүн активдеринин портфелин диверсификация кылыш үчүн ал Мадрид, Барселона, Лондон, Чикаго, Майами жана Нью-Йорк сыяктуу ири шаарлардын кыймылсыз мүлктөрүнө чоң акча салып жатат.

 

Ларри Эллисон 5. Ларри Эллисон 

Байлыгы: $54,3 млрд
Бир жылда: +$6,3 млрд
Өлкө: АКШ

Ларри Эллисон – Кремний өрөөнүнүн накта рок-жылдызы. Ал Чикагодо чоң энесинин үйүндө өскөн жана өз атасын эч качан көргөн эмес. Софт иштеп чыгууга чоң таланты бар Ларри карьерасынын башында ЦРУга иштеп да калды. Андан соң 1977-жылы Oracle’ды негиздеген. Андан бери компания $38,3 млрд кирешеси менен (2014-жылдын жыйынтыгы менен) глобалдык оюнчуга айланды. 2014-жылдын сентярбрь айында Эллисон өзү “тууган” корпорациянын генералдык директордун постунан кетип, технологияларды өнүктүрүү боюнча директор жана директорлор кеңешинин төрагасы болоору тууралу жар салды.

Парус спортунун фанаты, бул спорт боюнча АКШдагы таймаштардын эң ири демөөрчүсү. Ал ошондой эле берилүү менен кыймылсыз мүлктөрдү сатып алууну токтотпойт. Мисалы 2012-жылы бизнесмен Гаваидеги Ланаи аралын $300 млн’го сатып алды – бейштин аралындагы ар бир мейманкана ага тандык. Эллисондун кызы Меган – ийгиликтүү кинопродюсер.

 

  1. Чарльз Кох. Байлыгы: $42,9 млрд
  2. Дэвид Кох. Байлыгы: $42,9 млрд
  3. Кристи Уолтон жана үйүлөөсү. Байлыгы: $41,7 млрд
  4. Джим Уолтон. Байлыгы: $40,6 млрд
  5. Лилиан Беттанкур жана үйүлөөсү. Байлыгы: $40,1 млрд

 

Бектур Баймоңолов

Айбат гезити №118



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru