Айбат » Эмил Токтогонов, кулатуу күрөш федерациясынын вице-президенти: “Буюрса дүйнөнү кыргыз жигиттери спорт менен багынтат”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Маек, Спорт » Эмил Токтогонов, кулатуу күрөш федерациясынын вице-президенти: “Буюрса дүйнөнү кыргыз жигиттери спорт менен багынтат”

Эмил ТоктогоновДүйнөлүк улуттук кулатуу күрөш федерациясынын вице-президенти, ”Вале Тудо жана грепплинг” федерациясынын президенти.Бир нече азия, евроазиялык чемпионаттарын багындырган “шаман “каймана аты менен таанымал спортчубуз Эмил Токтогонов менен ат жалында маек

-Сиздин федерациянын жер жерлерде клубдары барбы?

-Биздин Республикалык федерацияга караштуу  көп клубдарыбыз бар. Ар бир областтарда машыгуу залдарын ачканбыз.  Азыркы тапта  да ачылып жатат жана келечекте да ачабыз деген ойдобуз.

- Силерде  машыгып  жаткан  балдардын  саны канчага жетип  калды?

– Бизде спортко  кызыгып  машыгып  жаткан  балдарыбыз  көп.  Өткөндө  республикалык чемпионатка 350 спортсмен  келип катышты, бул эмнеден  кабар  берип  жатат? Албетте   күн санап  балдардын саны көбөйүп  жаткандыгы, биздин  «Кулатуу»  спортубуз  жаштардын кызыгуусун  арттырып  жаткандыгын  айгинелеп  жатат.

- Кулатуунун спортунун  келечегин  айта  кетсеңиз?

– Кулатуунун  келечеги  абдан  чоң.   Улуттук  Кулатуу  дүйнөлүк   федерацияда  ачылып, өз  кучагына  Россия, Америка, Грузия, Бразилия жана башка   өлкөлөрдү   кызыктырып  жатат. Бул  биздин улуттук  Кулатуу  спортунун   өнүгүшүнүн  бир  себептери.

- Алдыдагы  пландарыңыз?

– Кудай буйруса  14-мартта WEF 2 болот.  Улуттук  Кулатуу  эр  таймаштын  2 турнири болот, ошого катуу даярдыктарды  көрүп жаткан  учурубуз.   Ал турнирге Грузиядан,  Россиядан, Татарстан, Чечния, Казакстан, Узбекистан, Таджикстан  жана башка  өлкөлөрдөн  келишет.  Бул турнир абдан кызыктуу болот  деген  ойдомун.

- Өсүп  келе  жаткан  жаштарды  спортко   тартуу кандай жүрүп жатат?

– Өсүп  келе  жаткан  жаштарга  азыркы учурда 2 программа менен  иштешип  жатабыз.  18 жашка  чейинки  жаштарды  согуштурбай  “Грепплинк”  деген  версия  ачылган.  Бул   спорттун  бир  түрү, мусулмандардын спорту болуп  саналат. Бул  спортто согуу, уруу  ыкмалары  жок, мында күрөш, колун кайруу, муунту  ыкмалары бар, бул  эрежесиз   мушташтын  эле уруу, согуу ыкмаларын  алып  салган. Жаштарга   тилегибиз, спорт менен  машыгып, өздөрүңөрдүн  ден -соолугуңуздарды чыңдоого  жакшы болот.  Биринчиден  өзүңдү  коргонууда да пайдасы бар, экинчиден  күч структурасына  кирип калса экзамен тапшырууда  кыйынчылыктарды   туудурбайт. Башкысы жемиңди жедирбейсиң башкаларга. Кыргыздын балдары качан жатып ичерлер эле. Буюрса бүт дүйнөнү кыргыз жигиттери өнөрлөрү менен багынтат. Кочкор районунан келген “Шапак” спорт клубу жаш болсо дагы ийгиликтерди багынтып жатат. Башкы машыктыруучусу Ашымов Байыш Жасыновичге жана Ашымов  Жеңишке ыраазычылык билдире кетейин. Окуучулары республикалык жана кошуна мамлекеттерге барып ийгилик менен келип жатканы кубандырбай койбойт. Жаштарды баңгиликтен, бекерчиликтен, кылмыштуулуктан алыс кармоонун жолу бул- с  а порт.

Айбат гезити №118




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru