Айбат » “Шапак”спорт клубунун башкы машыктыруучусу Байыш Ашымов: “Балдардан үмүтүм абдан чоң”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Маек, Спорт » “Шапак”спорт клубунун башкы машыктыруучусу Байыш Ашымов: “Балдардан үмүтүм абдан чоң”

Байыш АшымовКыргызстандын желегин чет мамлекеттерде желбиреткендердин бири болуп бул биздин спортсмендерибиз болуп саналат эмеспи. Ал спортсмендерди машыктырып аларга туура жолду көрсөтүп жаткан бул ата-энелеринен кийин эле алардын машыктыруучулары болуп саналат. Бүгүнкү биздин коногубуз эрежесиз эр мушташка балдарыбызды даярдап, машыктырып жаткан Байыш мырза конокто.

- Байыш мырза эрежесиз эр урушка кантип келип калдыңыз эле?

– Эрежесиз эр урушка башында  Эмил Токтогонов баштаган “Тай бокс” федерациясында  машыкканбыз. Андан кийин “Вале туда” федерациясы болуп калды ошонун аркасынан биз ошол федерацияда машыктыруучу болуп иштеп калдым.

- Сиздин кол алдыңыздан өткөн окуучуларыңыз кандай ийгиликтерди арттырып кайсы мелдештерге барып жатат?

– Биздин  мыкты спортсмендерибиз бар,  2 жылдын ичинде Кыргызстандын булуң бурчунда болгон мелдештерге барып, жакшы ийгиликтерди арттырып келе жатабыз. Мисал катары алсак Нарынга 3 жолу барып 15  балабыз чемпион болду, ал эми  Караколго 1 жолу барып  11 чемпиондук жеңишке жетишип келдик. Булар клубдук деңгээлде, ал эми чет мамлекеттен болсо Казакстандын Караганда шаарына панкратион федерациясы тарабынан чакыруу алганбыз. Ал чакырууга Кыргызстандын намысын коргогонго төрт балабыз тандалып алынып, анын үчөө биринчиликти алып келишти, бул дагы биздин сыймыгыбыз, эмгегибиз десек болот.

- Эрежесиз эр урушка чыккан балдар канча жаштагылар?

– Биздин намысыбызды коргогон балдарыбыздын арасында окуучу балдар да, чоң балдарда бар, эрежесиз эр мушташка чыккан балдарыбыздын салмактары 35 кг дан 75 кг чейин.

-Кыргыздын намысын коргоп эки жакка чыкканда биринчи көйгөй болуп бул акча каражаты болуп саналат эмеспи. Сиздер бул маселени кандай жол менен чечесиздер?

-Биздин бул маселебизди чечиш үчүн балдардын ата-энелери жардам берет жана биз да ата-энелик кызматта да болуп калаабызда,  жардам сурап колунда бар байкелерге кайрылабыз. Биздин “Бос-салкын” кафесинин негиздөөчүсү  Камчы байкебиз көп жардам берип келет. Андан сырткары классташтарымды  айта кетпесем болбос.  Эми аракет кылып бул көйгөйүбүздү  жардам сурап чечкенге аракет кылабыз.

- Федерациянын президенти Эмил Токтогонов  кандай жардамдарды көмөктөшүп турат?

– Эмил Токтогонов  абадан көп эле жардамдарды берип турат. Биз Бишкекке көп барабыз турнирлерге, барып келген жол киребизди, жаткан жерибизди даярдап,  жардамын берип турат. Биздин жаштарга үлгү боло алчу инсан.

Шапак

- Биздин жаштарыбыздын спортко тартылышы, кызыгуусу кандай?

– Спортко кызыккан балдарыбыз абдан арбын,  баары баягы эле акчага келип такалат. Акчанын айынан балдарыбыз машыгуу залына келе албай жана машыгып жаткан жерден акча табабыз деп жумуш издеп  кетип, ошол бойдон келбей калган балдарыбызда жок эмес. Менин залымда 30дай бала машыгат, алардын ичинен  13 бала чет жакка чыгып өнөрлөрүн көрсөтө алышат, калгандары акчанын айынан чыга албай калат.

- Өзүңүздүн кол алдыңызда машыгып жаткан балдарыңыздан кайсы балдарыңыздан келечекте чоң үмүт күтөсүз?

– Балдарыбыздан үмүтүм абдан чоң, көбүнчү 15,16 жаштагы балдар абдан кызыгуу менен машыгып жатышат. Булардын келечеги алдыда. Бул балдарды жакшы машыктырса келечекте булар европага чейин барып келеринен шегим жок.

- Муштумдун артындагы ойлоно жүрүшү керек эмеспи. Муну  айтып жатканымдын себеби азыр балдар муштум менен маселени чечип алса болот экен деп көбү крим чөйрөсүнө аралашып жатышат, ыйманга кантип тарбиялайсыздар?

– Ооба, бул айтканыңыз туура. Азыр көбү акчанын тартыштыгынан улам үй бүлөсүн багыш үчүн крим чөйрөсүнө аралашкандарда бар. Биздин балдар утуш үчүн утулушу да керек экендигин билип, алар ызааны да жеңе алышат жана жашоодо крим чөйрөсүнө аралашпай эле акча тапса боло турганын билишет.

- Келечекте пландарыңыз кандай?

– Келечектеги пландарым абдан чоң, мыкты балдарды машыктырып, кыргыздын байрагын дүйнөлүк аренада желбиретүүгө аракеттеримди жумшоо.

- Жаштарга болгон кеңешиңиз?

– Жаштарга айтарым ден-соолуктун чындыгын кааласаңар анда спорт менен машыгып, өзүңөрдүн жаркын келечегиңер үчүн күрөшкүлө демекчимин.

Акмат РААТКАН

Айбат гезити №118




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru