Айбат » Абайлап айдап, алыска баралы!

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Абайлап айдап, алыска баралы!

пешеход“Ии-ий, балам жолдон өтүп мектепке кирдим дегиче жаным жай албайт. Сарсанаа болуп утуру чалам. Деги ушу бизде жол коопсуздугу качан оңолоор экен!?” – дейт уулун мектепке жөнөткөн эжем.

Телефондон сүйлөшкөнүбүзгө далай убакыт өтсө да эжемдин үнү кулагыма жаңырат. Дагы канчалаган ата-энелер ушундай жүрөк заада менен жашаар экен? Түштүк Кореяга келип элдин жашоосу үчүн көп ыңгайлуу шарт түзүлгөнүн байкап эх, бизге да ушундай качан жетээр экен деп тымызынан кыялданам. Чет элдин маданияты, тамак-аш, кийим-кечеги элибизди эчак эле аралап кетти. Анда эмнеге башкасын да алып келсе болбойбу деген ой келет. Интернеттен жол салынып жатат, инвестор табылыптыр деген маалыматтар кездешип калат. Анда жол менен кошо жол коопсуздугу боюнча маселелер эмнеге каралбайт деп өзүмө суроо берем.

Түштүк Кореяга жаңы келгенде эң биринчи эле жолдору көзгө учураган, айрыкча кызыл түскө боёлгон жолдор. Көрсө, ал ар бир мектеп, бала бакча жана карылар борборунун тушуна коюлган “Балдарды коргоо аймагы”, “ылдамдык саатына 30 чакырымдан ашпаш керек” деген эскертүү белгилери экен. Буга кошумча, баарынан кызыгы, сабак башталаарга жарым саат калганда мектепке карай жолдун туш тарабында желек көтөрүп, светофордун күйгөнүнө тууралап, балдарды жолдон этият өтүп кеткенин көзөмөлдөгөн улуураак муундун адамдарын көрүп ичиң жылып ыраазы болот экенсиң. Биздегидей мектепти бойлото автоунаалардын токтоп туруусуна да уруксат берилбейт. Ал эми балдардын мектептен үйлөрүнө кайтаар маалында мугалимдер жол коопсуздугу жөнүндө атайын сабак өтүп турушат. Мындай көрүнүштөр чоң шаар болобу, кичинекей айыл жергеси болобу, айтор бирдей тегиз тараган.

Бул макаланы окуп кимдир бирөө “мындай кур бекер сөздөр айтыла берет” деши мүмкүн. Бирок ар бирибиз ар бир окуучуну өз балабыздай ойлоп мектептин айланасында “менин баламдай бирөө капыстан жүгүрүп чыкпасын” деп этият болсок, жолду кызыл менен боебосок да, ата-энелик, ага-эжелик сезимибиз менен абайлап айдасак жол кырсыгы кайсы бир деңгээлде кыскарар беле. Мекендештер, айдоочулардын жана жөө жүргүнчүлөрдүн жол эрежесин балдарыбызды сактагандай, көздүн карегиндей сактайлы! Бул ар бирибиздин үй-бүлөбүздүн коопсуздугун, бүтүндүгүн жана бейпилдигин сактаганга барабар эмеспи?!

“Абайлап айдап, алыска баралы!”

Түштүк Кореядан
Чолпон Kадырмамбетова

Айбат гезити №118




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru