Айбат » Албасты…

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Кызыктар дүйнөсү » Албасты…

албастыАлбасты – бул түрк элдеринин жана кээ бир кавказ элдери менен жакынкы түштүк элдериндеги жамандык кылуучу персонаж. Адатынча ал түрү суук жылаңач, чачы сары аялдын кейпинде көрүнөт. Кээде албарстынын образын үчүнчү көзү менен узун тырмактары толуктайт.

Көптөргө белгилүү окуя бар. Бир киши токойдо албарстыга жолугуп калат. Ал кишини албасты эмчектери менен сабап салган. Киши үйүнө бүт денеси көгала болуп келген. Үч күндөн кийин жанагы киши өлүп калган. Чынында, бул окуя көптөр үчүн күлкүлүү болушу мүмкүн. Бирок, бул чындыкка эң жакындарынын бири. Албастыны мындай абалда көргөндөр да аябай көп.

Албасты жаш балдарды өлтүрөт. Ал жаш балдардын жалгыз калганын издейт. Эгер, жалгыз калганга чейин күтсө, анда аны эмизип кетет. Андан соң жаш бала өлүп калат. Албасты зыян келтирбеши үчүн ар кайсы эл ар кандай ырымдарды колдонуп келишкен. Мисалы, кээ бирлер наристенин жаздыгынын астына бычакты коюп коюшса, кээ бир элдер ар кандай формадагы темирлерди коюп коюшат. Дагы бирөөлөрү темене же ийнени жаздыгынын астына өткөрүп же сайып коюшат. Ошондой эле албасты кош кабат аялдарга да зыянын алып келет. Илгери, боюнда барларга атайын астына темене өткөрүлгөн көйнөктөрдү кийгизилчү.

Албастыны кыргыздар албарсты деп да айтышат. Ал көптөгөн элдерде кездешет. Мисалы: түрктөрдө, крымдык жана батыш Сибирдик татарларда, чуваштарда, казактарда, башкирлерде (албасты),  тувиндерде (албасти), алтайлыктарда, уйгурларда (алвасти), өзбектерде (алвасти), түркмөндөрдө (ал, албассы),каракалпактарда, ногойлордо (албаслы), азербайжандарда (хал, халанасы), кумыктарда (албаслы къатын), балкарлар менен карачайларда (алмасты), тажиктерде (албасти), ягнобтордо (олбасты), лезгиндерде (ал паб), грузин элинде (али), тат элинде (ол), талыштарда (ала жен), уд элинде (hал), курддарда (hал анасы, алк), белуждарда (алг, мерак), армяндарда (алы, алк), ингуш жана чечендерде (алмазы), монголдордо (алмас), якуттарда (абаасы, Илбис), удмурт жана кээ бир башка элдерде.

Тувиндер менен Алтайлыктардын мифологиясында “Албыс” деп аталып, аны жезкемпир катары эсептешет. Албыс эркекке жолукканда аялдын, аялга жолукса эркектин кейпин кийип алат. Анан дагы ал каалаган адамга айлана алат. Айрыкча аңчылардын аялдарына көп айланышат. Өздөрүнүн кейпинде болсо, алардын эмчектери желкесинен артына ашыра ала турганчалык узун болот. Чачтары сары, үстүнкү эриндери кесилген болуп көрүнөт да кээде жез тырмактуу жана жез тумшуктуу болуп көрүнөт. Албыс аңчыга ийгилик алып келет. Ошондой эле ага аялы болуп көрүнүп, тамак аш, эт – өзүнүн кабыргасынан алынган, сүт – өзүнүн эмчегинен саалган, алып келет. Адамдын ичине кирип кетсе адам оорулуу болуп калат. Эгер аны атып салса ал, эчкинин жүнүнөн жасалган кездеменин кичине бир бөлүгүнө айланып, жерге түшүп калат.

Албарсты кыргыз фольклорундагы эң табышмактуу фигура эмес, тескерисинче эң баарына белгилүү фигура. Кимден сураба анын кандай экенин айтып берет. Төмөндөгү окуя Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районунун Караван айылында болгон.

Айылдагы бир кишинин беш жашар кызы бир күнү жоголуп кетти. Аны издешип, эч жерден таппай коюшат. Жер жутуп алгандай жок. Бир жума издешип, эч жерден таппай коюшкан. Кийин бир чабан тоодон келе жатып бир кызды жанында бир түрү суук аял менен турганын көргөнүн айтып келди. Ал аял койчу кишиге анча жага бербей,шектүүдөй көрүнүп,аны урушуп салыптыр. “Бир аз тазараак болсоң боло, желмогуздай болгон түрүңдү урайын!”-деп урушуп салган экен,ошол замат экөө тең көздөй кайым болушуптур. Муну айтканда айылдагылар кыз жоголоор алдында аябай чоң түлкүнү көрүшкөнүн айтышты. А түлкү болсо – албарсты эң көп айлануучу жаныбар катары эсептелинет. Мындан кийин элдер кызды албарсты уурдап кеткенин түшүнүштү. Элдер топтолуп алышып, мылтыктары менен тегеректеги тоолорду тытмалап издөөгө киришти. Албетте, ар кандай жандыкка айлана ала турган нерсени табуу өтө кыйын. Бирок, соңунда кызды табышты. Ал аябай арыктап кеткен экен. Кийимдери да тытмаланып айрылган. Аны табышкан кишилердин айтымында тиги кыз алар менен кеткиси келбей, бул жерде жалгыз эместигин айтып: “Апам менен жүрөм. Апам азыр келет, бир аз күтүп турушум керек!” -дептир. Ага тамак аш сунушса жебейм, апам курсагың ачканда жейсиң деп таштап кеткен нерселер бар деп, колундагы чийки этти көрсөткөн экен. Көрсө албарсты аны ушул нерсе менен багып жүрүптүр. Кызга болсо албарсты берген чийки эттер жакшы эле тамактай көрүнчү экен. Издеген кишилер ошентип турушса эле бир кезде тиги кыз: “Тигине апам! Апам келе жатат!”- деп кыйкырып кириптир. Кишилердин бири да эч нерсе көрө албаптыр. Караса, таштын артында түлкүнүн куйругу чыгып турган экен, дароо атып салыптыр. Бирок, тийбей калып, түлкү ал жерден жок болуп кетиптир. Жыйырма биринчи кылым. А эшикте түлкүгө кубулушуп кетүүчү нерсе жаш балдарды уурдап кетип, аларды чийки эт менен багып жүрөт. Ишенүүгө кыйын окуя. Албарстынын эң жакшы көргөн иши – бул адамдарды уурдап кетүү деп эсептелинет. Бирок, албарсты өзү каалаган нерсеге айлана алат дегендер да көп. Мисалы түлкүгө гана эмес, адамга, шыпыргыга же жөн гана бир боорукер таанышыңа айланып алышы да мүмкүн.

Таластык бир киши бир жолу күн баткандан кийин үйүнө кайтып келе жатыптыр. Айылга кетчү жол жалгыз болуп, жолдун эки жагын талаа ээлеген. Ошол жолдон бара жатып, тээ ыраакта от жагып алышып, оттун тегерегинде шишкебек бышырып жеп олтурушкандарды көрөт. Кызыгуусу күч алып, аттын башын ошолор тарапка буруптур. Жанына барса, баары учурашып, жылуу тосуп алышыптыр да, дасторкон четине олтургузушуп ар кандай түркүн тамактар менен сыйлашыптыр. Чай ичип бүткөндөн кийин байкаса эч кимиси дуба кылганга шашпайт имиш. Мындайды кантип унутушкан деп, бул каталыкты өзү оңдоого киришет. Анан колун жайып: “Аллаху акбар! Оомийн!” -деп, колу менен жүзүнөн сылап, колун түшүрүптүр. Көзүн ачып эле караса бир жалаңда өзү жапжалгыз олтуруптур. Анын жанагы жолдоштору эң ой жеткис жол менен жок болуп кетишиптир. Бирок, анын алдында аябай көп чийки куруган эт менен канализациялык калдыктар калыптыр. Козунун эти менен боорсоктордун ордуна ушуларды жеп олтуруптур. Албетте, мындай ачылыштан кийин окшуп-окшуп кусуп салган. Бирок, аягында дуба кылбаганда мунун баары башкача бүтмөк да! Балким албарстылар өздөрү менен эрчитип кетип, кул кылып алышмак?!

Албарсты жөнүндөгү аңгемелер Кыргызстандын түштүк тарабында өтө популярдуу. Ош, Жалал-Абад, Баткен, Талас тарапта. Түндүк менен батыш тарапта Ыссык-Көл, Бишкек, Чүй, Нарын тарапта материалдык ныктуулугун жоготуп, жөн гана арбак катары эсептелинет. Уктап жаткан адамдарды муунтуп, идиш-аяктарды сындырып талкалайт. Кээде ойгоо олтурганга да көрүнүшү мүмкүн. Буга далил катары Жылдыз Усенбаева деген Бишкектик эжекебиздин айтканын окуп көрөлү. “ Үйдө жалгыз болчумун. Мен муну абдан жакшы билем. Бирок, негедир таң калган да жокмун, байкемдин досун жанымда турганын көргөндө. Аны менен саламдашып, ага сылык эле сүйлөп, үйдө байкемдин жоктугун түшүндүрүп жаткам. Ал болсо үнсүз мени угуп тура берди. Бир кезде колун көтөрдү да, мен жакка сунду. Колу уламдан улам узара берип, менин тамагыма чейин жетип келди да, мени муунтуп кирди. Андан ары эмне болгонун билбейм. Ата-энем жумуштан келип, менин жерде жаткан абалымда табышыптыр!”

Албарсты уйку маалында да көп басып, муунтат. Мындан кутулуунун бир эле жолу бар. Ал жатаар дубасын окуп жатуу. Ким эгерде акылдуулук, куулук менен албарстыны алдап, чачынан кесип алса, ал адам үчүн албасты кул болуп берет. Эң кыйын түйшүктөрдү чечкенге, байып кеткенге аябай жардам берет. Мындай окуя Баткендин Бужум айылынын тургуну Мамажунус байке менен болгонун өз оозунан айтып берели. “Бир топ жыл мурда, бизден бир айыл нараакта жашаган досум уулун үйлөп калды. Той аябай сонун болду. Тойдон эртеси калган коноктор менен бир аз ичип алып, аларды үйлөрүнө жеткирип кайра келе жаткам. Мингеним “жигули 06” болчу. Кайра досумдун үйүнө бара жатсам, берки айылдан чыга бериште эки үч аял бир эки жаш баласы менен жолдун жээгинде турушуптур. Кычыраган кыштын күнү. Эшик суук. Тигилер кол көтөрүштү. Токтосом, бири: – Иним, бизди жеткирип койчу. Биз жаңы эле жүгөрү оруп кайттык эле. Мына бул мака паяларды артып ал! -деди. Карасам азыр эле жүгөрү оруп, аларды боолоп алышкан экен. Бирок негедир биринин да жүзүн жакшылап көрө албадым. Алардын кийингендери да башкача эле, самсаалашып… – Мен азыр бир жерге барып келейин, беш мүнөттө келем!- дедим да зуу койдум. Досумдун айылына киргенден кийин акылыма бир нерсе кылт этти! Ызгаарлуу кыштын күнүндө кайдагы жүгөрү?! Кайдан орушу мүмкүн? Заматта машинени токтоттум да кайра артка кайттым. Жанагы жерге келсем, баягы аялдар олтурган жерде эч ким жок. Жүгөрүнүн боолорунан бир чаңы да карга түшпөптүр. Дароо албарстыны эстеп кеттим. Мурда-кийин элдерден эки айылдын ортосунда көп ушундай окуялар болоорун угуп жүрчүмүн. Дароо келме келтирип, үйгө кетип калдым!” Жогорудагы окуянын каармандарын көптөр албарсты эмес азыткы деп аташат. Анткени, көпчүлүк учурларда булар ар кимге окшошуп алышып адамдарды азгырып, эрчитип кетишет.

Мите менен азыткы. Мите менен азыткы Кыргызстандын түштүгүндө албарстынын дагы бир түрү катары эсептелинет. Азыткыга азгырылган адамдар албарстыга жолуккандардан бир топ эле көп. Мисал катары төмөндөгү окуяны сунуштайлы. Баткендик чабандан: “Тоодо мал багып жүрөм. Кечкисин малдарды короого камап, короодон бир аз ары жакта зым керебетте жаткам. Түн жарымда керебеттин башына бир мал келип алып, кулагымдын түбүндө маарап жатыптыр. Ойгонуп кетип карасам бир ак улак короодон чыгып кетиптир. Аны айдап алып барып короого киргизип келдим. Эртеси күнү да ошондой болду. Эшикти жакшылап бекемдем жапканымды билем. Башка жагынан чыгып кетүү мүмкүн эмес эле. Сүйлөнүп барып, кайра камап келдим. Үчүнчү күнү күндүзү дагы бир чабан менен жолугуп калып, насвай чегип сүйлөшүп олтуруп ак улак жөнүндө айтып берсем, өңү бузула түштү. Эмне болду десем: – Бүгүн да келсе, эптеп карма дагы, жүнүнөн кесип ал! -деп коюп, малын айдап кетип калды. Түн ортосунда башымда бир улак маарап турат. А мен ойгоо болчум. Алдын ала даярдап алган бычагым бар эле. Укмаксанга алып жата бердим. Жакыныраак келип эми маараганда бутунан кармап алдым. Бычак менен жүнүнөн кесип алдым да бычакка ороп, кынына салып койдум. Кызыктын баары ошондо башталды! Көрсө ал менин жалгыздыгымдан пайдаланып азгырып кетүүнү каалап жүргөн экен. Ошондон тартып ар түнү келип, башымда маарай берчү болду. Акыркы күндөрү адамча сүйлөп: “Менен чачымды бер! Айтканыңды кыламын!” -дей баштады. Элдерге айтсам, баары эле бербе, куран китепке салып кой дешет. Бир жолу аябай курсагым ач олтуруп, өзүм да билбей калдым кантип “Ак улак!” -деп кыйкырып, аны чакырып алганымды. Карасам заматта маарап келип калды. “Курсак ачты, нан алып кел!” -дедим. Эки мүнөт да өткөн жок, жайлоодо таштын ары жагынан нан көтөргөн бир жаш бала кирип келди. Түсү адам баласына окшобогон, ушунчалык жагымсыз жандык турду. Нанды алдыма акырын таштады да: “Чачымды берчи?”- деди. Бар, колуңду жууп башка нан алып кел!- десем, ары басып кеткен. Артынан туруп карасам, колуна сийип, сийдиги менен жууп жатыптыр. Сөгүп салдым. Кийин өзүм дасторкон жайып, чай ичүүгө кириштим. Ары жакта тигил алып келген нан бар эле. Аны жегим келбей, өзүмдүн нанымды бисмиллани айтып жей баштадым. Чай ичип болуп, дасторконумду жыйнап алайын деп жатсам тигил алып келген нандын ордунда малдын тезеги туруптур. Чочуп кеттим. Кайра-кайра келе берип тажатты. Акыры чачын күйгүзүп, күлүн асманга сапырып салдым. Ошондо акыркы жолу келип, жаш баладай ыйлап олтуруп, кетип калган эле. Андан бери көрүнбөй калган.”

Басырык.  Албарстынын аналогундагы дагы бир руханий жандык бар. Ал басырык деп аталат. Басырык көбүнчө уйку учурунда басат. Уктап жатканда үстүңө бирөө чыгып алгансып же оозуңдан бекитип, дем алдырбаганга аракет кылып өлтүргүсү келишет. Ал ар бир үчүнчү адам менен болуп турат. Эгерде түн жарымында ойгонуп кетип, жаныңыздагы адам уйку учурунда кыйналып жатканын байкап калсаңыз дароо келмени келтирип, аны түртүп ойготуп коюңуз. Бул учурда басырык дароо ал жерди таштап, жок болуп кетет. Кээ бир адамдарды басканда бүт денеси шал болуп, кыймылдай албай калат. Аябай кыйкырса да эч кимге угулбайт. Кыйкырып-кыйкырып, эми коюп жибергенде үнү сыртка угулуп кетиши мүмкүн. Андыктан, түшүркөп жатат деп көңүл бурбай койбостон, акырын ойготуп : “түз жат!” же “бир аз жылып алчы?” –деп койгон оң. Басырыктын басышынан качуу үчүн жатаар алдында уйку дубасын окуп жатууну адатка айландыруу кажет. Ал дуба оңой эле: “Аллохумма бисмика амуту ахьяа” же “Өз атың менен өлүп, өз атың менен тирилебиз, оо аллахым!” -деген котормосун окуп койсо да болот. Мына ушундай. Бүгүнкү күндө ар кандай коркунучтуу окуялар күн сайын планетабыздын ар кайсы бурчтарында болуп турат. Албарсты, азыткы, мите, жин, жезтумшук, басырык, жезкемпир, үй ээси, арбак, рух, шайтан ушулардын баары жомок эмес чындыктан алынгандай. Сиздерди, бизди, малдарды, куштарды, данектен дарактарды, деңиздерди деги эле бүтүндөй он сегиз миң ааламды жараткан Алла Тааланын колунан мындай нерселерди жаратып коюу да албетте келет! Эң негизгиси ,биз Алладан гана жардам сурап, ага гана таандык экенибизди унутпайлы!

Айбат гезити №118



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru