Айбат » Кир самындын касиеттери көп

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Кызыктар дүйнөсү » Кир самындын касиеттери көп

САМЫН жасоодо негизги сырьё мал жана өсүмдүк майлары, синтетикалык май кислоталары, жегичтер жана башкалар болуп эсептелет. Пайдаланышына карата кир самын жана атайын (мисалы, дарылоочу)  ошондой эле катуу, суюк жана күкүм түрүндө болот. Кир самын (чала кургатылган катуу) үй шартында колдонуу үчүн май кислоталары 70—72 кошулуп жасалат. Ал май аралашмасынан (күн карама, пахта, буурчак жана башкалар), өсүмдүк майларын гидрогендеп алынган катуу май, синтетикалык май кислоталарынан, суюк өсүмдүк майынан жана канифолдон жасалат. Самын эритмесинде дайыма аз өлчөмдө жегич (шакар) болуп, ал кир жууганда жүн жана жибек (жасалма жана накта) жипти жеп жиберет, ошондуктан жүн жана жибек кездемени синтетикалык каражаттар менен жууган ылайык. Кир самын  менен колду, денени жана башты жуушка болбойт. Атыр самын (катуу) 77—78 жогорку сапаттагы майдан алынган жана синтетикалык май кислоталардан туруп, ага жыттуу заттар, боёктор, атайын кошумчалар кошулуп жасалат. Атыр самын  менен жуунганда терини кургатып дүүлүктүрөт, ошондуктан анын кээ бир түрүнө майлоочу заттар кошулат. Мындай самындарга «Косметическое», «Лесная сказка», «Элегия», «Зодиак», «Консул», жана башкалар кирет. «Детское», «Малышам», «Ну, погоди!» жана «Чебурашка» Самындарына ланолинден башка терини дүүлүгүүдөн сактоочу бор кислотасы кошулат. Катуу атыр самындын дарылоочу жана дезинфекциялык касиетке ээ атайын түрлөрү да чыгарылат. «Сульсеновое» Самыны менен себореяны дарылайт (врачтын көрсөтмөсү боюнча гана), «Дегтярное» составында кара май болгондуктан ар кандай тери ооруларын (себорея, экзема жана башкалар ) дарылоо үчүн, «Карболовое» карбол кислотасы болгондуктан дезинфекциялоочу жана жагымсыз жытты кетирүүчү каражат катары колдонулат. Ийне жалбырактуу дарактардан (карагай, арча) алынган «Лесное» самын дарылык жана дезинфекциялоочу касиетке ээ. Чачты жууш үчүн хна кошулган Самын  «Гаяне» чыгарылат.

кир самын

Кир самын косметологияда

Чачты коюулантат. Эгерде башыңызды кир самын менен жуусаңыз чачыңыз коюу болот, какачтары жоголот жана сынбай калат. Бирок, мындан тери кургап кетиши мүмкүн. Ага жол бербөө үчүн жуугандан кийин бир аз уксус же лимон ширеси кошулган суу менен чайкап туруңуз. Максатка жетүү үчүн кир самындын кочкул өңдүүсү гана сунушталат.

 Бет терисин жакшыртат. Жумасына бир жолу кир самын менен бетиңизди жууп турууну сунуш кылышат адистер. Мындай жуунуудан кийин бетиңизге балдар креминен коюп алууну унутпаңыз. Терини жагымдуу көрсөтүүдө мындай ыкма кымбат баалуу косметикалык каражаттарга караганда натыйжалуу дешет.

 Терини жашартат. Мончого барганда кир самындын суусуна малынган кайың шыпыргысы менен денени чапкылоодо тери тазаланып, жашарат.

 Безеткиден арылтат. Кир самынды идиштеги сууга салып жакшылап көбүгүн чыгарасыз. Ушул көбүктөн 1 чоң кашыкты алып, 1 чай кашык туз менен аралаштырасыз. Бул аралашманы таза жуулган бетиңизге сүртөсүз. Эскерте кетүүчү нерсе, бетиңиз аябай ачышат. Бирок, дал ушул ачышканы – дарылоо процессинин жүрүп жатканы. Масканы жарым саат кармоо зарыл. Мындан кийин бетиңизде кургак туз гана калат. Тузду сүртүп салып, бетиңизди муздак суу менен жууйсуз. Мындай дарылоону күнүнө 2-3 жолудан 2-3 жума жүргүзүү зарыл.

 Жарылган согончокту айыктырат. Согончок жарылып кеткенде 2 литр ысык сууга 1 чай кашык соода жана 1 чоң кашык кырылган самынды кошуп, ага бутуңузду салып отурасыз.

 

Кир самындагы пайыздык сандар эмнени билдирет?

72, 70, 65 – бул майлуу кислотанын курамынын пайызы. Андагы сандар канчалык чоң болсо, самындын кир кетирүүчү сапаты ошончолук жогору болот.

Кир самындын дарылык касиеттери

Мурун бүткөндө. Кир самындын суусу менен мурун бүткөндө аны ачууга болот. Ал үчүн кебезди көбүк сууга малып, аны мурундун тешигине салып мурдуңузду тазалайсыз. Алгач бир аз жагымсыз болгону менен 2-3 процедурадан кийин эле мурдуңуз ачылып кетет.

 Ит тиштегенде. Ит тиштеген учурда инфекция кирип кетүү коркунучунан кир самын сактайт. Кан бир аз аккандан кийин (кан менен кошо бактериялар, иттин шилекейи агып кетсин) кир самындын көбүк суусуна чыланган бинтти тиштелген жерге коюп, үстүнөн байлап салуу керек.

Ооз көңдөйү жагымсыз жыттанганда. Мындай учурда самын сууга тиш щёткаңызды салып, түнү менен коюп коюңуз. Эртең менен андагы бактериялар жоголуп калат.

 Бут жагымсыз жыттанганда. Күндүн ысыгында грибоктун айынан бут жагымсыз жыттана баштайт. Мындай учурда күн сайын бутту кир самын менен жууп, анан салаалардын арасына, таманга йоддон сүйкөп алуу керек.

 Күйүктө. Жалынга же кайнак сууга күйгөндө дененин ошол жерине кир самындан сүртүп, кургатыңыз. Мындан кийин күйүк бат айыгат жана андан так калбайт.

Гинекологиялык ооруларда. Гинекологиялык оорулардын айрым түрлөрүн, мисалы, молочницаны дарылоодо да кир самын натыйжалуу. Жыныстык органды кир самын менен тез-тез жууп туруу бул оорунун батыраак айыгышына өбөлгө түзөт.

 Шишикте. Кир самынды сууга салып эзип, ботко түрүндөгү бул аралашманы жаракат алган жерге сүртүп турууда шишиктен жана көктөн арыласыз.

 

Кандай түстөгү кир самын сапаттуу болот?

Кир самындын курамы натрий тузунан жана өсүмдүктөрдөн, жаныбарлардан алынган майлуу кислотадан турат. Ага эч кандай боёктор, консерванттар кошулбайт. Бирок, айрым өндүрүүчүлөр жагымдуу жыт берүүчү жана сырткы көрүнүшүн жакшыртуучу кошулмаларды кошуп салышат. Андыктан, эң жакшы жана пайдалуу кир самын болуп күрөң түстүү самын эсептелинет.

Айбат гезити №118



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru