Айбат » Санжар Төрөгулов: “Ырчы болгон соң өзүңдүн өнөрүңдү, күчүңдү текшерип туруш керек”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Маек » Санжар Төрөгулов: “Ырчы болгон соң өзүңдүн өнөрүңдү, күчүңдү текшерип туруш керек”

Санжар ТөрөгуловЖаңыдан жылдызы жанып, чоң сахнадан өз ордун издеп жаткан жана келечекте көптү үмүттөндүргөн жаш ырчы мырзабыз Санжар Төрөгулов бизде конокто

- Санжар мырза кайсы тоолорду боорлоп, кайсы суунун агымында алтындай балалыгыңыз калды?

– Менин балалык жытым  1991-жылдан баштап Жалал-Абад областынын Базаркоргон районунда өтүп, ошол эле райондо окуу билимимди да аяктадым. Менин балалыгым абдан кызыктуу жана бактылуу күндөргө бай өттү десем жаңылышпасам керек.

- Ар адамдын таянары бул анын үй бүлөсү демекчи, канча бир туугансың?

– Мен кудайыма шүгүр бир туугандарга баймын. 7 бир туугандын кичүүсүмүн, 5 уул 2 кыз. Ата энем айылда эле турушат. Мен  мектепти аяктап канатымды  кагып айылдагы уядан учуп Бишкектеги  Калый Молдобасанов атындагы улуттук консерваторияга келип конуп, ушул жакта 6 жыл билимимди окудум. Менин алгачкы устатым болуп  Улукмырза Полотов  агай болду. Ал адам мага экинчи аталык мээримин төгүп мени билимдүү кылып чыгарды. Ал кишиге абдан терең ыраазычылыгымды билдирем.

- Өзүңдүн жеке жашооң жөнүндө айта кетсең?

– Менин жеке жашоом азырынча эрме чөл, эч бир жан көрүнбөйт. Эми жалпак тил менен айтканда азырынча бойдокчулук заманда жашап жаткан учурум десем болот. Бир күнү бул жалгыздыктан да айрылып өзүмдүн кичи мекеним пайда болот эгер кудайым ошол күндөрдү буйруп берсе.

- Ырчылыкка болгон  кызыгууңа кимдер түрткү болушту?

– Ырчылыкка болгон кызыгуум  менин кичине кезимден эле пайда болгон. Менин таекелерим жана улуу агам комуз, аккордеондор менен ырдап калышчу, ошолордун ырдагандарын көрүп менде ырчылык  сезимим ойгонду болуш керек. Мен алгач комуз менен ырдап жүрдүм андан кийин аккордеон кармап  мектептерде ырдап жүрдүм  ошентип акырындан баягы ырчылык дүйнөгө кадам шилтеп обон созо баштадым.

- Сен кайсы жааттагы ырларды ырдайсың?

– Мен элдик ырларды ырдоо жаатында ырдап келем, бул өзүмдүн тандоом болгон мен жаңы келгенде ушул Улукмырза агайымдан окуп калганыма абдан кубанычтамын.

- Кайсы  музыка шаймандарында өнөрүң күч?

– Мен өзүбүздүн сыймыгыбыз болгон комузубузда ойной алам, андан тышкары аккордеонду ойноп ырдап калам  жана фортепианодо ойной алам десем болот.

Санжар Төрөгулов жана Аскат Мусабеков- Санжар мырза ар бир ырчы өзүн текшерип, такшалтыш үчүн ар кандай кароо сынактарга барып өзүн сынап көрүш керек эмеспи, сиз кайсы кароо сынактарга катыштыңыз?

– Албетте, ырчы болгон соң өзүңдүн өнөрүңдү, күчүңдү текшерип туруш керек бул кароо сынактар келечегибизге чоң сабак жана жаңы жолдор болуп саналат. Мен эл аралык кароо сынактарга катышып жүрөм. “Ыссык-Көл Кадыр түнү” кароо сынактарына, “Тогуз кайрык” кароо сынактарына жана башка сынактарга  катышып алдыңкы орундарды алып келгем.

- Өзүңдүн репертуарыңдагы, башкача айтканда сандыгыңда канча жана кандай ырларга бай?

– Менин казынамда биздин кыргыз элинин эски жана элдик ырларга бай. Мен көбүнчө фольклордук менен эстрада ырларынын айкалыштагы ырларды ырдап келем. Оркестр менен кыргыздын классика ырларын ырдап чыгам.

- Оркестр менен ырдап калам деп сөз кылып кеттиң. Азыркы учурда кайсы оркестр менен ырдап жатасың?

– Буга чейин  Бакыт Түлегенов агай жетектеген Бишкек шаарынын  мэриясынын алдындагы эл аспаптар оркестринде 3 курстан баштап ырдагам. Азыркы учурда Карамолдо Орозов атындагы оркестрде ырдап жүрөм.

- Санжар мырза жогорудагы басып келе жаткан жана мындан да ары баса турган кадамдарыңызда жалаң ийгилик коштосун. Бизге келип конок болуп кеткениңизге терең ыраазычылык.

Рахатбек РЫСАЛИЕВ

Айбат гезити №118




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru