Айбат » Мирлан Бакиров, ЖК депутаты: “Кыргызстанды туңгуюкка кептелди деп айта албаймын”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Маек » Мирлан Бакиров, ЖК депутаты: “Кыргызстанды туңгуюкка кептелди деп айта албаймын”

Мирлан Бакиров- Мирлан мырза, бүгүн оппозициялык маанайдагы саясатчылардын жыйыны өттү. Анда БОКтун (Бириккен оппозициялык кыймылы) лидери Равшан Жээнбеков Кыргызстан саясий жана экономикалык туңгуюкка кептелгенин билдирди. Сиз эл өкүлү катары, шайлоочулар менен жолугуп турган депутат катары Равшан мырзанын мындай сөзүнө кошуласызбы?  

– Мен Кыргызстанды туңгуюкка кептелди деп айта албаймын. Эгемендүүлүктү алгандан бери эле ар кандай оош-кыйыштарды башыбыздан өткөрүп келебиз. Экономикалык да башка дагы кризистер болуп келген жана боло берет. Ал эми азыркы кырдаалда таптакыр эле кризиске кептелип калдык дегенден алысмын. Ар бир саясий күчтүн көз карашы ар кандай болушу мүмкүн. Реалдуу турмушту караганда Кыргызстанды туңгуюкка кептелди деп айтууга болбойт. Өлкө кайсы убакта кризиске кептелет? Мисалы, социалдык же мамлекеттик кызматкерлердин эмгек акысын бере албай калган учурда, пенсионерлердин пенсиясын бере албай калганда айтса болот. Албетте, бүгүнкү күндө экономика өнүгүп баары укмуш деп айтуудан алысмын. Бийлик да мүмкүнчүлүгүнө карата өз аракетин көрүп жатат. Тилекке каршы олуттуу көзгө көрүнө турган өсүш болбой жатканы көзгө көрүнүп эле турат.

- Ошондой эле Р.Жээнбеков элди бийликке каршы чыгууга үндөптүр. Ал мындан ары каршылык көрсөтүү ар кандай митингдер жана жыйындар менен коштолорун билдириптир. Сиз өлкөдө тынымсыз өтүп жаткан митингдерге жана белгилүү саясатчынын элди башаламандыкка үндөп жатканын кандай кабылдадыңыз?

- Эгерде мамлекет митинг же төңкөрүш менен өнүгө турган болгондо Кыргызстан эч кимди алдына салдырбай эле. Митинг менен биз эч качан өнүгө албайбыз. Өнүгүү үчүн ар бирибиз өз алдыбыздагы милдеттерди так аткаруубуз керек. Өзүбүздүн аткарып жаткан ишибизди алдыга жылдырсак мамлекет өнүгөт. Ошондо ар бир үй-бүлөнүн кирешеси артып өлкө бутуна турат. Ал эми куру сөз, куру убадалар менен өнүкпөй турганыбызга депутат катары көзүм жетет. Ошондуктан кайра эле митингдерди уюштуруп, мамлекеттин туруктуулугуна доо кетирүү туура эмес. Андан көрө альтернативдүү программаларды сунушташы керек.

Айбат гезити №119



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru