Айбат » Эскилер менен жаңырган, лидери кат ташыгыч болгон оппозиция

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Эскилер менен жаңырган, лидери кат ташыгыч болгон оппозиция

Равшан Жээнбеков«Азыркы оппозициянын мамлекеттин кызыкчылыгындагы конкреттүү программасы, максаты жок, бардыгы жеке кызыкчылыктарга байланган» деген пикирлер коомдук ишмерлер, катардагы жарандар тарабынан өтө көп айтылып келет. Мындай сынга Равшан Жээнбеков башында турган оппозициянын куйкасы курушуп, алардын бардыгын «бийликтин дүжүрлөрү» деп турушчу. Бирок, айтылып келген пикирлердин чын экендиги алардын 12-мартта өткөргөн маалымат жыйынында ашкере болуп калды. Өтө узак сөз кыла бербей, ток этер жерлерин гана айталы.

Биринчиден – Бириккен оппозициялык кыймылдын чыныгы максаты мамлекетти өркүндөтүп-өстүрүү эмес, эптеп учурдагы бийликти кетирүү, анын ордуна келүү экендиги ачыкталды. Ушул жыйынга чейин өзүн оппозиция лидери катары тааныштырып жүргөн Равшан Жээнбеков жалпы кыргызстандыктарды бийликке каршы нааразычылык акциясына чыгууга чакырды. Жаз жарыш маалы болуп турганда элди талаа жумуштарынан алаксытып, митингге чакырып аткан адамды кантип мамлекеттин патриоту атай алабыз?

Экинчиден – ошол эле Равшан мырза өздөрүнүн кыймылына жаңы муундагы жаштардын кошулуп атканын билдирди. «Биздин кыймыл жашара баштады» деп «сүйүнчүлөдү» ал. Эми алардын катарына кошулган жаштардын аты-жөнүнө көз жүгүртүп коелу: Адилет Айтикеев, Адиль Турдукулов, Улугбек Маматов жана башкалар. Ушул аттары аталган адамдарды жаңы муун деп айта алабызбы? Албетте, жаш экендиктери белгилүү. Бирок, жаш кезинен эле саясатка өтө ыпылас жолдор менен аралашып алышканын кайда катабыз? Айтикеев калем кармаганды билгени менен элдин кызыкчылыгындагы бир да таасирдүү макаласы жок. Анын ордуна «Эй сен!» деп күпүлдөп, коркок күчүк катуураак үргөндөй макала жазаарын жакшы билебиз. Акаевдин кол алдындагы бакма журналисти болуп калганына көп болду. Ал эми Адиль Турдукулов болсо бүгүнкү бийликке Япониядагы элчиликтеги кызматынан бошотуп койгонуна эле нааразы болуп кыйкырып жүрү. Анын максаты эптеп кайра ошондой жылуу ордуна баруу. Анан ушуну кантип жашаруу деп айтабыз?

Үчүнчүдөн – бул маалымат жыйынында БОКтун (Бириккен оппозициялык кыймыл) башчысы жок экендигин билдик. Биз анын лидери деп жүргөн Равшан Жээнбеков көрсө болгону кат ташыгыч эле турбайбы? Ишенбесеңер, муну дагы бир жолу Бектур Асановдон сурап билип алгыла. Башы жок нерсе дагы кыймылдачу беле? Кыймылдаса дагы «башы» иштебегенден обу жок буйдалактап кыймылдай берет. Ырасында эле БОК мүчөлөрү буга чейин деле конкреттүү сунуш айтпай, ар ким ар кандай пикирин айтып, элди бийликке каршы эптеп үгүттөп эле жүрүшкөн. Анын себеби бүгүн билинди.

Айбат гезити №119




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru