Айбат » Оппозиция бийликке үч талап коюп, журналисттердин үч суроосуна ташыркап калды

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Негизги, Саясат » Оппозиция бийликке үч талап коюп, журналисттердин үч суроосуна ташыркап калды

Равшан Жээнбеков баш болгон улуттук оппозиялык кыймыл бүгүн “Вечерный Бишкек” маалымат борборуна келип Кыргызстан калкына билдирүү жасашты. Оппозициялык топ журналисттерге негизги үч принциптин негизинде кайрылышты.

Оппозиция маалымат жыйыны

1. Биринчиден  УОК өздөрүнүн курамын жаш саясатчылар менен толукталганын кабарлашты. Алардын бул аракети оппозициялык топтун демине дем берет деп билдиришти.

УОКтун бийликке болгон талаптары негиздүүбү?

2.Негизги максаттары  Учурдагы Президент жана  Өкмөт башчы баш  болгон бийликтегилерге бир жарым айлык мөөнөт менен 5 баскычтан турган  талап коюушту. Талаптын биринчиси:  Электр энергиясындагы кризистин  негизги күнөөкөрлөрү катары  Ө. Бабановду, Ж. Сатыбалдиевди, Ж. Оторбаевди, 1-вице-премьерминистр Т. Сарпашовду, учурдагы жана экс-министлер К. Турдубаевди, О. Артыкбаевди жана А. Шадиевди кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча талап кылышты.

Экинчи талап,  УОК мыйзамда көрсөтүлгөн Өкмөт менен парламентегилердин  укуктарын өз жайынча коюусун талап кылышты. Ал эми үчүнчүдөн Сот системасындагы паракорчулукту азайтуу жана президенттин жана башка бийлик бутактарынын сотторго карата таасирин азайтуу боюнча кайрылышты. Төртүнчү талабы – таза шайлоо өткөрүү үчүн, Борбордук шайлоо комиссиясын толугу менен отставкага кетирүү боюнча билдиришти. Бешинчи талабы, Президент “узурпациялап алган бийликке жардам берген баардык тиешелүү чиновниктердин тизмесин тактап элге жарыя кылсын деген талаптарды коюшту. Бийлик айтылган талаптарды бир жарым айдын ичинде аткарбаса, бийлик менен конфликттүү кадамдарга барып калабыз деген Равшан Жээнбеков жыйындын аягында бул оюнан тана баштады. УОК үч принциптин негизинде бийликке карата кайрылуу жасаганы менен, кайрылуусу принциалдуулукка жатпай калды. Анткени, өткөн жумада Бектур Асанов бир маалымат борборунда маалымат беребиз деп келип башында тургандар иш сапарынан келе албай калган эле.

Ошол жерде Бектур  мырза журналисттерге УОКтун төрагасы келбей калды, маалымат берүүнү башка күнгө жылдырабыз деп айткан эле. Мен төрага деп уккам, журналист айымга башкача айтып берген көрүнөт. “Бектур мырза сиз Равшан Жээнбековду жөн гана менеджер, кагаз ташыгыч деп айттыңыз эле, сиз чын эле кагаз ташыгыгычсызбы?” деген суроосу Бектур Асановдун жана Равшан Жээнбековдун да ырайын өзгөртө салды. Шашып кеткен Равшан мырза -“бул сөзгө Бектур өзү жооп берсин” деп айта салды.  Бектур Асанов камырабай туруп, “чын эле бизде төрага жок” деп жооп берди. Аны уккан Равшан Жээнбеков жалпы жыйын залында УОКтун төрагалыгынан баш тарты. Равшан мырза тагыраагы минтип айтты: “Мен учурдан баштап УОКтун төрагалыгынан баш тартам. Биздин курамга жаш саясатчылар кошулгандыктан УОКтун лидерин башынан шайлайбыз” деп ыраңы өзгөрүлө айтты.

Оппозициянын ички ойлору бир түрдүү чыккан жок

Маалымат берүүнүн башында бийлик биздин талаптарды аткарбаса конфликтүү кадамдарга барабыз деген оппозиция аяк жагында биз тынчтык жолу менен чечүүнү көздөп жатабыз деп, экинчи жолу баары бир пикирге келе элек экендигин билдирип койду. Бектур Асанов Бакиевдердин бийлигине 10 күн мөөнөт бергенин чын эле он күндүн ичинде бийлик алмашканын айтып бийликти коркутуп кирди. Ал эми учурдагы президентке жана Өкмөткө узагыраак бир жарым ай убакытта талаптарды аткарууга чегерип койду.

Бектур мырза сөзүн айтаар замат, УОКтун башка өкүлдөрү оппозиция эч кандай радикалдуу кадамдарга барбайт деп ич ара ойду чачыратып салды.  Үчүнчү ташыркаган жери, Сиздердин  алдыдагы митингдерге АКШ демөөрчү болуп береби деген сөзгө да, чындыктан тайып биз АКШ өкмөтү менен эч кандай саясий келишимдерге барган эмеспиз деп пресс-релизине каршы айтып салды. Оппозициянын  Америка  саясий ойношу болбосо төркүнчөк кыздай неге бат баттан барышып жатат?

Айбат гезити №119



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru