Айбат » Мамлекеттин өнүгүүсү, айыл чарбадан башталат

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Экономика » Мамлекеттин өнүгүүсү, айыл чарбадан башталат

Айыл чарба- кыргыздын калкынын жашоо турмушунун негизги булагы болуп келген эмеспи. Ошондой эле материалдык өндүрүштүн  дагы олуттуу тармактарынын бири. Бул тармак калкты азык-түлүк, өнөр жайларды сырье менен камсыз кылып,  дыйканчылык жана мал чарба тармагын да өзүнө камтыйт. Анда бүгүн биз да ушул айыл чарба тармагына кайрылууну туура көрдүк.

Айыл чарба, талаа иштери

Башында айтып өткөндөй эле айыл чарба тармагы мамлекетибиздин экономикасынын өнүгүшүнө абдан зор таасирин берет. Ал акыркы жылдарда эле республиканын жалпы дүң продуктусунун 35,6ин жана улуттук кирешенин 40ин түзгөн. Кыргызстанда жайыттын кенендиги жана айдоо аянтынын аздыгы айыл чарбасында  мал чарба тармагынын өнүгүшүнө шарт түзөт. 90-жылдардын башында айыл чарба  продукциясынын жалпы көлөмүнүн ичинен мал чарба тармагынын үлүшү 60 болгон. Дыйканчылык сугат жерлеринде өнүгүп, өндүрүштүн структурасында чектелүү үлүштү түзсө да, бир кыйла интенсивдүү тармак болгон. 1990-жылдары республиканын жалпы экспортунун жарымынан көбү ушул тармакка туура келген.

Сыртка чыгарылган  продукциялардын басымдуу бөлүгү иштетилбеген түрдө же болбосо, алгачкы иштетүүдөн кийин чыгарылган. 1991-1995-жылдар аралыгында агрардык сектор экономиканын башка тармактарына караганда азыраак болуп кризиске дуушар болгон. Айрыкча мал чарбасында бир кыйла төмөндөгөн. 1995-жылдан 1991- жылга салыштырганда бодо малдын башы 28ке, кой, эчки 58ке, чочко 71ке, үй куштары 85,4ке кыскарган. Респ-да 1991-ж. кой 9,5 миллиондон 4,5 миллионго чейин азайган. Дыйканчылыкта болсо дан эгиндеринин дүң жыйымы 62ке, тамеки 33ке, жашылча 53ке кыскарган.

 

Министрлик эмне дейт?

Ал эми азыркы тапта кыргыз Республикасынын айыл чарба жана мелиорация министри Таалайбек Айдаралиевдин айтымына караганда: Март айынан тарта “Малды идентификациялоого тендер жарыялап, ал үчүн баардык документтер даяр, жакында иш башталат деп белгилеп кетти. Ошону менен катар эле чукул арада Мамлекеттик ишкана алектенген тендер жарыяланат. Кошумчалай кетсем, былтыр өкмөт тарабынан дыйкандарга жеңилдетилген насыя берүү боюнча 5 млрд. 300 млн. сом каражат бөлүнгөн. Анын ичинен 80ы мал чарба, 8ы дыйканчылык, 12ы кайра иштетүү тармагына жумшалган. Ал эми быйыл өткөн жылга салыштырмалуу көбүрөөк акча бөлүнүп, кийинки жума аралыгында таратуу процесси башталаары белгилүү болду. Учурда алардын тизмеси бекитилүүдө. Бул долбоорду ишке ашырууга Россиянын кайтарымсыз жардамынан 7,5 млн доллар бөлүнөт,

“Биринчи жылы идентификация бекер болот, андан кийин акы төлөө киргизилет”,-дейт министр. Мындан сырткары министр  техника алуу маселеси боюнча да айтып өттү. Белгилүү болгондой, Евразиялык банктын антикризистик фонду тарабынан 20 млн. евро бөлүнүп, акыркы эки айдын ичинде дыйкандарга 50 трактор жана 6 комбайн берилген. “Бөлүнгөн каражатка 800 даана техника  алганга мүмкүнчүлүгүбүз бар. Бирок, ушул тапта бизге 250 тракторго гана арыз түшкөн. Лизингди пайдаланып калалы деген дыйкандарыбыз чектелүү болуп жатат”, –  деп кошумчалады.

Андан сыркары дагы Кыргызстан агрардык өлкө катары айыл чарбасын өнүктүрүү зарыл экендиги белгилүү. Бирок, жыл сайын жазгы талаа иштери башталганда дыйкандар жер семирткич менен камсыз кылууда кыйынчылыктарга туш болот. “Мындай көйгөйдү жеңилдетүү үчүн Кыргызстанга сөзсүз жер семирткич чыгаруучу завод куруу зарыл. Буюрса, көп жылдардан бери Кытай инвесторлору менен Таш-Көмүр шаарына завод салуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Ал маселе быйыл майда Кытайдын Карамай деген шаарында болуучу жолугушууда чечилет” – дейт Таалайбек Айдаралиев.

Эскерте кетсек, жогоруда айтылган долбоордун 2-баскычына казакстандын кайтарымсыз жардамынан 20 млн АКШ долларын бөлүү пландалууда.

 

 Органикалык жер семирткичтерди колдонуу

Акыркы маалдарда органикалык жер семирткичтер менен өстүрүлгөн жашылча-жемиштер бааланууда. Канадада андай өсүмдүктөрдүн чекене сатылышы жыл сайын орто эсеп менен 15 пайызга өсүп баратат.

Органикалык азык деген эмне? Канаданын Альберта провинциясындагы Айыл чарба жана азык-түлүк министрлигинин аныктоосу боюнча, андай өсүмдүктөр -«химиялык каражаттарсыз, топурак күрдүүлүгүн жогорулатууга, табияттын биотүрдүүлүгүн сактоого шарт түзгөн, жаныбарлар менен айлана-чөйрөгө зыян келтирбеген ыкмалардын жардамы менен өстүрүлгөн» өсүмдүктөр.

Дыйкандар өсүмдүктөрдү органикалык ыкма менен өстүрүү аларды чоң коммерциялык талааларда өстүрүүдөн кескин айырмаланат дешет. Адатта, чоң талааларда бир түр өсүмдүк өстүрүлүп, мол түшүм алуу үчүн көп өлчөмдөгү уу химикаттар, пестициддер, жасалма жер семирткичтер жана механикалашкан ыкмалар колдонулат. Жемишке химиялык заттардын өтүшүнөн сырткары, аны алыскы жерлерге жеткирүү максатында жакшы быша элегинде жыйнап алышса, аш болумдуу заттарынын саны төмөндөйт. Жолдон бузулуп кетпеши үчүн, ал газ, мом же радиоактивдүү заттар менен иштетилиши мүмкүн. Бирок, органикалык жер семирткичке өстүрүлгөн жашылча-жемиштер пайдалуураак деген ойго кошулбагандар да жок эмес.

 

Айыл чарбадагы көйгөйлөр

Дагы бир олуттуу делген проблема – Кыргызстандагы 200 миңден ашуун фермер-дыйкан чарбалары кооперативге биригип, ишти чогуу-чаран жүргүзүүгө өтүш зарылдыгы. Ансыз ушу тапта кыргыз дыйкандарынын көңүлүн өйүгөн түйшүктөр – күйүүчү майлоочу майларды табуу, сапаттуу үрөн издөө, кыйла мээнет менен өстүргөн түшүмүн сатып өткөрүү сындуу дыйкандын кыйла убакты-саатын алган иштер жок эмес. Кийинки жылдары Кыргызстанда кылкандуу дан эгиндеринин түшүмдүүлүгү азайып, өлкөнүн түштүгүндө пахта менен тамекинин, Сары өзөн Чүйдө кызылчанын, Таласта төө буурчактын арзан баада сатылышы ансыз да жону жука калктын колун суутууда.

Акмат РААТКАН

Айбат гезити №119




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru