Айбат » Акбагышева америкалыктарды кантип алдаган?

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Акбагышева америкалыктарды кантип алдаган?

Замира АкбагышеваБуга чейин Шопоков шаарындагы оорукананын имараты Кыргызстан аялдар Конгрессинин жетекчиси Замира Акбагышеванын жеке бизнесине айланганы тууралуу маалымат ачыкталган. Анда Замира айым аталган райондун дарылоо бөлүмүнүн имаратын аялдардын крисизтик борборуна айлантуу амалы менен жеке балдар бакчасын иштетип акча таап жатканы айтылган. З.Акбагышева бул иште мамлекетти эле алдабай имаратты оңдоодон өткөрүүгө көмөктөшкөн АКШнын Транзиттик борборун да “шорлотуп” кеткен экен. Анда кеп учугун ушул жакка буралы.

АКШнын Транзиттик борбору 2010-жылы Аялдардын кризисттик борбору деп аталган бул имаратты оңдоп-түзөөдөн өткөрүү үчүн 750 миң АКШ долларын берет. Бул боюнча түзүлгөн келишимде Транзиттик борбор муниципиалдык мекемеге грант бергени жазылган. Бул боюнча аталган мекеменин расмий өкүлү Жон Элольф 2011-жылы Eurasianet.org  басылмасына берген маегинде гуманитардык жардам мамлекеттин менчигине берилгенин айтып, эң негизги критерий катары ушул жагы каралганын билдирген.  Ал эми факты жүзүндө Замира айым өзүнө тиешелүү имараттын документин жашырып, аны муниципиалдык менчик катары көрсөткөн. Чындыгында бул жай 2003-жылы эле Шопоков шаардык кеңешинин чечими менен Замира Акбагышевага тиешелүү “Диолог” коомдук фондуна өткөрүлүп берилген. Ал эми бул имараттын мыйзамсыз жана арзан баада жеке колго өтүп кетиши ошол кездеги шаар жетекчилеринин айыбы экенин азыркы мэр айтууда.

Ал эми аялдардын кризистик борбору катары ачылган бул мекеме 2010-жылдагы июнь окуясында жабыркаган аялдарды кабыл алуудан баш тарткан. Бул боюнча “Сезим” кризистик борборунун башчысы Бүбүсара Рыскулова да сайттардын бирине берген маегинде билдирген. Ал 2010-жылдагы улут аралык араздашуудан жапа чеккен бир топ аялдарды кабыл алуу үчүн З.Акбагышевага кайрылганда ал баш тартканын билдирген.

Акыркы кездери Кыргызстанда кризистик абалга туш болгон аялдардын саны артууда. Ал эми мындай айымдарды кабыл ала турган жалгыз гана жай бар экени белгилүү. Анда да такыр орун жок экени айтылууда. Ушундай көрүнүштү карап туруп аялдар үчүн бөлүнгөн имараттан бизнес жасап жаткан Замира айым оңолор бекен? Уят!

Айбат гезити №119



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru