Айбат » Кылым карыткан комуз

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Кызыктар дүйнөсү, Тарых » Кылым карыткан комуз

OLYMPUS DIGITAL CAMERAЧертилсин комуздун кылдары,
Чертилсин махабаттын ыргагы.
Черткен сайын элес берип турсунчу,
Биз өткөргөн махабаттан жыргалды.
Биз бүгүн силерге кыргыздын сыймыгы, кыргыздын аспабы болгон комуздун жазалышы жөнүндө кеп кылмакчыбыз.

Жазоо жолу

Бул — ак калпак кыргыз элинин байыртан берки чертме кылдуу үндүү аспабы. Ал өрүк, жаңгак, ак чечек, алмурут, тал, терек,карагай, арча сыяктуу мөмөлүү жана мөмөсүз токой жыгачтарынан чабылат. Комуз чабууга чеберлердин көмүркөйүндө көбүнчө керки, бычак, ийги, үшкү, түрпү, өгөө өңдүү жөнөкөй куралдары болот. Мүмкүн катар сууга кайнатылып, сары суусу, чайыры чыккан жана ыштатылган жыгач бек да, добуштуу да болот. Аспап ар кандай формада чабылып, анын моюну ичкерип кетет. Комуздун жалпы узундугу болжолдо 90 сантимертдей келет. Комуз башы, тулкусу, чарасы, моюну, капкагы, куткуну, тепкеги (тээги), үч кулагы (өрүктөн, арчадан, мүйүздөн), анан үч кылдан турат.

Жалпы түспөлү көрүнгөн комуздун эми ичин оюу керек. Аны ченөө үчүн өзүнчө үлгүсү «искенени» (бул да жыгач устанын жалпак, бир башы курч куралы) колдонулат. Элдик аспаптын жалпы бетине капкактык жука тактай жабылат. Мындан кийин моюн чыгарып, эми үч кулакты тагууга да ченебегендей чеберчилик зарыл.

Комуз тээги тыкан коюлуп, кылын керип тагаары менен «кылдар» добуш берет

Бир метрден ашуун «эмендин» кесиндисинин сыртын сыйдалап сүрүп, аны комуз «үлгүсүнө» коюп, карандаш менен чиет. Анан колго жазылыгы сегиз гана мм келген «змейка» деген кичине араа аркылуу айланта араалап чыгат. Мында чеберлер комуздун үн тембрин таба билишет. Негизги үндү комузда капкактын ичи, айрыкча, тээктин алды берет. Аспап кооз, колго кармоого эптүү, сыпаа болушуна көңүл бурулат. Бир колдон биротоло чыгарылып жаткан үндүү аспаптын урунттулуктуу болушуна да назар ташталат.

Комуздун жаны — жыгач жана кыл. Жыгачка кыл кайыш менен мыксыз тартылбайт. Аспап капкагы желимделет. Азыр ошол өнөрканадан жасалып жаткан комуз лак, же палитура менен жалтырайт да, кылы үчүн жасалма тарамыш (жилька) колдонулууда. Мунун чарасынын жана көөдөнүнүн өлчөмү да, калыңдыгы да бирдей болуп турат. Андан соң жыгачтын жик-жик сызыктарынын аралыктары жарыш жатат.

Комуз бетинин жиги ушундай сызык-сызык түз келиши — үндү бийик өткөрүүчү касиетке эгедер. Үн ар кандай таралат. Боз үй коолдоп үндү өткөзөт. Эмеректүү үй үндү өзүнө жутат. Ээн үйдө кош жаңырык болоору шексиз. Айталаада үн чар тарапка кетет. Жыгач жиктери кыйшык болсо, үндүн толкуну такалары бышык.

Кеп комуздун көлөмүндө эмес, жыгачтын касиетин жакшылап билүүдө. Комуз чабууда абалы анын жыгачы тандалат деп айттык. Демек, жарыш түз сызыктары жыш чыгып, үндүү келет. Эгер жыгачтын жарыш сызыгынын аралыгы кең көрүнсө, анын артын этият жонуп, жукартуунун зарылдыгы бар.

Айрым усталар өрүк жыгачын декабрь айларынын ортосунда (кыргызча айтканда «Токсон түшкөндө») кыят. Мында өрүк жыгачы боюна тартып, өсүшүн токтотуп турган учуру болот. Узанган учурда да, пайдаланган кезде да ал жыгач жарылып кетпейт. Анын кабыктарын аарчып, сомдоп, жерди чуңкурча казып, ага суук түшкөн чактагы ат тезегин салат. Ошого жыгачты көөмп, үстүнө тезекти төгө берет. Ал бир кезде өзүнчө бууланып түтөп, комуздун ширесин тартат. Жыгач жазга дейре жатып, ойдогудай кургайт. Муну да чабылуучу ээрдей, «каныктырыш» үчүн солидол шыбап, ошол бойдон шамал тийбес жайда бир жыл жатат. Ошондон кийин чебер чаба баштайт.

Эгерде тоо карагайы болбосо Сибирь карагайынын чайыры жогун тандап, ошондон комузга капкак даярдоого да болот

Азыр элдик үндүү аспаптын ата башы ушул комуз болгондуктан, муну жасоо тууралуу чеберлердин арасында да ар кандай пикирлер бар. Деген менен алардын кармаган аспаптарынын устакерчилиги бирдей эмес. Чоркок усталар ондой турган нерсени сомдоп коюшу да ыктымал. Өнөр боюна ырды да, ыйды да, үшкүрүк менен муңду да топтоп, адамзаттын кайгысы жана кубанычынан куралган күүнүн добушу Ала-Тоосу, ак калпагы менен көкөлөп жаткан доордо торгой тил комуздун сапаттуу жасалышына ар бир адам күйөрман. Таамай айткандай, муну «чечен тилин» даана тапкандар азыр жергеде аз. Анткени, комузчунун өзү комуз уста болгон. Аспапты жасоо үчүн өнөрпоздун угуму, добушту ажырата алышы, жердигин тандай билиши бөтөнчө бааланат. (Тоо булбулу Токтогулдан тартып Кара Молдо Орозов, Ыбрай Туманов, Чалагыз Ыйманкулов сыяктуулар комузду өзүлөрү чаап алышкан. Аспабынын ички сырларын өзүлөрү гана билип, бирөөлөргө карматпай, кыраан шумкардай таптап, кол тийгиздирбей асырап жүрүшкөндүктөн алардын комузунун тили «буудай кууруп туруучу».) Бул аспап чакан болгон. Ат үстүндө, чепкен ичинде колтукка катып жүрүүгө шартташкан. (Мисалы, Токомдун комузунун узундугу алтымыш үч гана см келип, төрт дубан элде шаңшыган.)

Комуз өзүнүн формасы менен бирге үнү да сыбызгып, назик келип, адамдын сезимин ойготуп, жүрөгүн кытыгылагандай болот. Башка жыгачтарга караганда өрүктөн чабылган комуз нарктуу. «Адамды сүйлөткөн тил болсо, комузду сүйлөткөн кыл». Табы менен жакшы кургатылып чабылган, карагайдын тармалынан капкак жабылган, кара койдун ичегисинен өтө жоон эмес, өтө ичке эмес, орто кыл тагылган өрүк комуз дуулдап, үндүү да, чечен да келет.

Мурунку чеберлер комузга капкакты көрүнгөн эле карагайдан жасай беришпей, адырга, кайкыга, белеске, тумшукка, шамалдуу жерге өсүп, аягы бойдон кургаган карагайлардан жасашчу. Комуз чабууда өрүк жыгачынын чайырын чыгаруу үчүн сууга кайнатып эле ары-бери чаба салууга түк болбойт. Өрүк комузду чапкандан кийин аны кызартуу үчүн акиташ менен аябай сүртө шыбап же пахтанын майы менен чылпылдата майлап таштаган чеберлер да бар. Мында комуз өз үнүн жоготкону байкалат.

Айрымдары өрүктүн жыгачын туш келди мезгилде эле кыя бербейт. Аны боюнан суу качып калган мезгилде, боюна суу тарай элек мезгилде кырка турган. Аны кыкка көөмп, анын чайырын алып, сомдоп туруп, белгилүү бир температурада коюп кургатуу керек. Комузду жакшы чапкан чеберлер мыкты комузчулардын алыска учаар канаты болгон. Анткени менен жеке эле комуз эмес, башка үндүү аспаптар: кыл кыяк жасап тартуучулар, темир комуз жасап каккандар, чоор жасап, анда ойноочулар, азыр абдан азайып кетти. Бул өкүнүчтүү абалды түзөт. Кылымдан-кылымды басып, белден-белди ашып, ата-бабаларыбыз колдонуп жана пайдаланып келген аваздык аспаптарыбызды өзүнүн үнү менен сактап, улам кийинки муундарыбызга өткөрүп берүүбүз күн тартибиндеги маанилүү милдеттерден.

Жакшы кургатылбаган комуз бир жылга жетпей ийрейип-мыйрайып алдын карай ийилип, же артын карай чалкалап кетет. Ошондой эле аны жакшы кургатпай капкактоого да болбойт. Бул аспапты түбөлүктүү кылыш үчүн анын үнүн, тембрин, колоритин, ыргактуулугун, элпектигин сактап калышыбыз керек. Чындыгында аны иш жүзүнө ашыруу өтө татаал процесс. Мындай болуунун көп калыс да, жекече да себептери бар.

Жыгачтан мукам үн чыгарып жаткан кыл кокусунан үзүлүп калса, аны бири-бирине улаштырып койсок, анда комуздан эч кандай аваздык добуш чыкпайт. Илгерки айрым комузчулар өз комуздарына кысыркалды кыргыз коюнун же аркардын ичегисинен кыл ийрип тагышкан. Ал кылды бат-бат алмаштырып турушкан. Себеби, кыл бир аз түлөгөндөн кийин аваздык так үн бербей калат.

Тикенек оттобогон кылчык жүндүү койду соеру менен муздак сууга салган ичегисин сыдыргы менен тазалап, аны оңго ийрип, анан керип кургаткан. Азыркы комуздардын кылдары дээрлик «леска» деген балык кармоо үчүн жасалган нерсе аваздык мааниге анча ээ эмес. Атактуу комузчуларыбыздан тартып балдарга чейин ушул «леска» кылын чертет. Анын үстүнө айрым жерлерде кылчык жүндүү кыргыз коюн табыш да кыйындоодо.

Бирок, буга «лесканын» бардык эле түрү жарабайт. Анын өңү берки лескалардан айырмаланып, ак түстө болуп, кол менен кармаганда жумшак сезилип, андан кыйчылдаган үн чыгат. Туура кесилиш аянты 0,25 мм, бул лесканы үч каттап комуздун кулагынын тешигинен өткөзүп, учун катуу түйүп, экинчи учун дагы ошондой түйүп, карандашты кылдын илмегине киргизип, аны толгоп чыйратабыз. Анан комуздун кайышына бекитебиз. Үч кыл тең ошондой тагылып, кыл быдырлуу болуп, кооз көрүнүп калат. Анын антип быдырлуу болушу кошумча тондорду (үндү) чыгарууга жөндөмдүү касиет берет. Физиканын тили менен айтканда «обертондорду» пайда кылат. Мындай кылдарда эч кандай фальш болбойт. Мисалы, дистирленген таза суу организмге жакпаган сыяктуу, таза аваздык үн дагы угуу сезимине терс таасирин тийгизээри билинет. Эгер «ЛЯ» — 440 г. камертонун үч минута тынбай уксак, анда башыбыздын айланганын сезебиз. Ошондуктан бир кат жылмакай леска эч качан уккулуктуу тембр бере албайт. Анткени, анда обертондордук жагдайлар өтө аз.

Өрүк жыгачынын ичинен да абдан жакшы үн берүүчү өрүктү тандай билүүбүз керек. Кээ бир чеберлер мисалы, ноябрь, декабрь айларында өрүктү кыйып, аны келерки күзгө чейин кой короодогу кыкка көөмп ташташат. Ошондо өзүнчө ысып жатып, сары суусу, чайыры чыгат да, жаткан жеринде кургап калат. Анын капкагы үчүн карагайды керектешет. Буга бака теректин бутагы жок жылмакайынан пайдаланса да болот.

Илгерки кыргыз комузу көбүнчө боз үйдүн ичинде чертилүүчү. Ырчылар аны менен ат үстүндө жар чакырган. Ошондо комуздун үнү өз чөйрөсүндө жакшы милдет аткарган.

Кийин чоң залдарда мунун үнүн кантип жогорулатуу милдети келип чыкты. Жыгачты тандап, аны чаап, кайрадан ойлонуп, утуру чаап коюп, айрым усталар жекече байкоолорун жүргүзүүдө.

Экиден кылды түгөйлөп тагып, алты кылдуу комуз чыгаргандар да бар. Анда алты кулакты тең бурап туруу керек. Мунун чарасы кенен, көөдөнү терең. Моюну болсо ажырама келип, бул алып жүрүүгө оңтойлуу жана жеңил көрүнөт да, кылды жогору көтөрүшкө, же төмөндөтүшкө да зарыл.

Улам жекече байкоолордун жемиштүү натыйжасында кылдары ичегиден электро комуз жасаган чеберлер да бар. Аны «эки тембрлүү комуз» деп атайбыз. Бул чыгарылган элдик аспаптын артыкчылыгы:

(Уландысы кийинки санда)

Айбат гезити №119



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru