Айбат » Атактуу мусулман футболистер

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Спорт » Атактуу мусулман футболистер

Дүйнө жүзүндө жшап жаткан адам баласы спорттун түрүнөн эң көп көргөндөрү бул албетте футбол болуп саналат, анын ичинен мусулман өлкөлөрү да  кем калбастан калтырбай жана кызыгуу менен көрүшөт. Андагы ойногон адамдарды дүйнөнүн жок дегенде 70 % билишет, таанышат жана аларга жан тартат эмеспи. Биз бүгүн силер менен футбол дүйнөсүнө саякат жазамакчыбыз.   Бул саякатыбызда  аттын  кашкасындай таанымал атактуу мусулман футболистерди тартууламакчыбыз.


Зинеди́н Язи́д Зида́нЗинеди́н Язи́д Зида́н
1972-жылы  23- июнда Франциянын Марсель шаарында жарык дүйнөгө келген. Атактуу Франциянын футболиси.  «Канн», «Бордо», «Ювентус», «Реал Мадрид» клубтарында жана улуттук командада  жарым коргоочусу болуп ойногон. 2006-жылы футболдук карьерасын аяктаган. 1998-жылы дүйнө чемпиону, 2000-жылы Европа чемпиондугун утуп алган.

 

Франк Рибери́Франк Рибери́  1983-жылды 7-апрелинде Франциянын Булон-сюр-Меринде төрөлгөн. Франция курама командасынын жарым коргоочусу жана азыркы тапта Мюнхендик  “Бавария” командасында жарым коргоочу болуп  ойнойт.  2012-жылы лига чемпиондугунда экинчи орунду, 2013-жылы 1 орунду утуп алган. 2012/ 2013 жылдары Европанын эң мыкты футболчусу болуп тандалган.

Тьерри́ Даниэ́ль Анри́Тьерри́ Даниэ́ль Анри́ 1977-жылы Франциянын Эссонада шаарында  жарык дүйнөгө келген. Улуттук курама командада жана «Монако», «Ювентус», «Арсенал», «Барселона» и «Нью-Йорк Ред Буллз» клубтарында чабуулчу кызматын өтөгөн. 2014-жылы футболдук карьерасын аяктаган. 1998-жылы дүйнө чемпиондугун, 2000-жылы Еропа чемпиондугун, 2009-жылы лиги чемпиондугун утуп алган.

 

Ро́бин ван Пе́рсиРо́бин ван Пе́рси 1983-жылы 6-августа Нидерландиянын Роттердамында төрөлгөн. Азыркы тапта  «Манчестер Юнайтед» жана улуттук курама командасында чабуулчусу. Нидерландия футбол тарыхындагы эң  мыкты  бомбардир.  2010-жылы дүйнө чемпионатында экинчи орунду, 2014-жылы 3 орунду утуп алган

 

Эри́к Силвен Абида́льЭри́к Силвен Абида́ль  Франциянын Лион шаарында 1979-жылдын 11-сентябрында жарык дүйнөгө келген. “Лион”, “Барселона” аттуу клубтарда жана Франциянын улуттук курама командасында коргоочу милдетин аткарган. 2009, 2011 жылдары лига чемпиондугун утуп алган.

Са́ми Хеди́раСа́ми Хеди́ра  Германиянын Штутгарт шаарында 1987-жылы төрөлгөн. Азыркы тапта Германиянын улуттук курама командасынын жана “Реал Мадриттин” жарым коргоочусу.

2014-жылы дүйнөлүк чемпиондугун, лиги чемпиондугун жана клубтар аралык чемпиондукту утуп алган

 

Сами́р Насри́Сами́р Насри́  дагы бир Франциянын мыкты футболчусу. Самир Насри Марсель шаарында 1987-жылы жарык дүйнөгө келген.  “Манчестр Ситинин” жарым коргоочусу. 2004-жылы 17 жашка чейинки жаш өспүрүмдөр аралык Европанын чемпиондугун, 2011/2012, 2013/2014 жылдары Англиянын Пример-Лигасынын жеңичүүсү

Месу́т Ози́льМесу́т Ози́ль  Германиянын Гельзенкирхен шаарында 1988-жылдын 15- октябрында төрөлгөн. Азыркы тапта Германиянын улуттук курама командасынын жана Лондондук “Арсенал” клубунда жарым коргоочусу. Месут Озилдин түбү Түрк болуп саналат. 2009-жылы жаш өспүрүмдөр арасындагы Европа чемпиондугун, 2014-жылы Дүйнөлүк чемпионаттыкты утуп алган.

Кари́м Мостафа́ Бензема́Кари́м Мостафа́ Бензема́  1987-жылы 19-декабрда Франциянын Лион шаарында төрөлгөн. Франциянын улуттук команданын жана “Реал Мадриттин” чабуулчусу. Түпкү теги Алжирлик болуп санлган футболист 2013/2014 жылы лиги чемпиондугун, 2014-жылы клубтар аралык чемпиондугун утуп алган. 

 

Зла́тан Ибраги́мовичЗла́тан Ибраги́мович  1981-жылдын 3-октябрында Швециянын Мальмёдо  шаарында жарык дүйнөгө келген.   Азыркы тапта “Пари Сен-Жермен” клубунун жана Швеция улуттук курама командасынын чабуулчусу. Швециянын эң мыкты футболчусу. 2009-жылы клубтар аралык чемпионатын алган. 2012/2013, 2013/2014 жылдары Франциянын чемпиону.

 

Рахатбек Рысалиев

Айбат гезити №119

 



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru