Айбат » “Энекем менин бейишим – 2015”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом, Негизги » “Энекем менин бейишим – 2015”

Тагдырдын оор сыноосу менен атадан эрте ажыраган жаш өспүрүмдөргө жана жэсир аялдарга колдоо көрсөтүү максатында Бүткүл Дүйнөлүк Жаштар Ассамблеясы кезектеги “Энекем менин бейишим – 2015” аттуу майрамдык программасын уюштурууда.

MQ0_5534

5-6- март күндөрү Нарын жана Ыссык-Көл облустарында өткөрүлдү. Ал эми 9-март күнү Бишкек шаары жана Чүй облусунан каттоого турган атасыз балдарга жана апаларына чоң программадагы  маараке өткөрүлдү.  Майрамдык кечеге КР ЖКнин вице спикери Т. Зулпукаров, КРнын өкмөтүнүн аппарат жетекчиси Н. Момуналиев, КРнын соц. өнүктүрүү министри К. Базарбаев  ж.б. бир топ жогорку бийлик өкүлдөрү, Сауд араб падышачылыгынын элчиси, БДЖАнын президенти Саид Баюми жана 500 дөн ашык жетим балдар апалары менен ошондой эле БДЖАнын кызматкерлери катышышты.

Аталган мекеме өзүнүн карамагында турган 503 балага 4000 (төрт миң) сомдон  кезектеги  жөлөк пулун жана ар бир апага белектерди таратты. Мындан сырткары көп балалуу “баатыр-энелерге” жана  “томолой жетимдерди баккан опекундарга”  “Мээримдүү эне” наминациясы менен катар өзгөчө белектер тапшырылды. Кечени элге белгилүү эстрада жылдыздары жана маданият кызматкерлери көркөм  чыгармалары менен коштошту.

БДЖАнын президенти Саид Баюми, Кыргызстан калкынын социалдык турмушун көтөрүүнү өзүнүн жарандык милдети катары  эсептээрин жана калктын аярлуу катмарына дайыма көңүл бурууну кааларын билдирип, жалпы энелерге бекем ден-соолук жана бакубат ыйман тилеп өттү.

Бүгүнкү күндө республика боюнча 1700 атасыз балдар БДЖАнын эсебинен ай сайын 1350 сомдон жөлөк пул, мектеп окуу куралдарын (дептер, калем, карандаш, калемсап, альбом ж.б.у.с.) жайкы жана кышкы кийимдерин алып турушат.

 

Тактап айтканда бир жылдын ичинде:

Жөлөк пул (пособие) 21млн 600 миң сом

Кышкы жана жайкы кийимдерине 2 млн 600 миң сом

Мектепке керектүү конц товарлар 585 миң сом

Медициналык көзөмөл 500 мин сом

Таттуу белектерге 600 миң сом акча коротулат

MQ0_4985 MQ0_5081 MQ0_5112 MQ0_5155 MQ0_5226 MQ0_5562




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru