Айбат » Нооруз майрамыңыздар менен!

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом, Негизги » Нооруз майрамыңыздар менен!

Урматтуу кыргыз эли сиздерди жер жарып кирип келген Нооруз майрамы менен чын жүрөгүбүздөн куттуктайбыз. Ушул жер бетин көк шиберге айлантып, айлананы кооздука боеп  кирип келген Нооруз сиздердин Ак-өргөгүңүздөргө бакубаттыкты, токчулукту, ырыскыны алып келсин. Ал эми жашооңуздарга ийгилик, өнүгүү, ар бир  баскан кадамыңыздарды бакыт коштоп, жашооңуздар  өзүңүздөр ойлогондой орундалсын.

Түлпан

Кыскача тарых

Нооруз  – Орто Азия элдеринин кеңири белгилене турган майрам. Ошентип “Нооруз” – “жыл башы”, “жаңы жылдын башы” майрамы.

Ал эски жыл эсеби боюнча 21-март күнү белгиленет. Мүчөл сүрүү эсеби мына ушул күнгө туура келет. Бул күнү күн менен түн теңелет.

Кыргызда эски жыл аяктап, эртен жаңы жыл деген күнү өткөрүлүүчү ырым-жырым салты “жыл ажыраш” деп аталган. Бул учурда арча, чекенди, адырашман түтөтүп үй ичин, мал-салды:

Алас, алас,

Ар балээден калас,

Эски жыл кетти,

Жаңы жыл келди.

Алас, алас,

Айдан аман,

Жылдан эсен,

Жакшылыкты теңир берди,

Жарык күндү кеңири берди.

Орообуз данга толсун,

Оозубуз нанга толсун!

Алас, алас – деп аласташкан.

Жаңырган жылда эл журттун, мал-жандын аман-эсен, тынч, кырсыктан тышкары жана эгин берекелүү болушун тилеп, кудайга, жер-сууга, тоо-ташка сыйынып жалынган, арпадан, буудайдан көжө, сүмөлөк кайнатып, ар бир үй-бүлө сый тамагын жасап, айыл-апасы менен чогуу ичишкен.

Ноорузда жаңы кийимдер кийилет, жакшы тилектер айтылат, айлана көрккө бөлөнөт. Жаш-карынын баары чогулуп улуттук оюн-зоокторду ойношкон.

Илгери нооруз күнү бир кош өгузгө соко кошуп, жер бетин алгач жолу тилишчү. Тапка келген жерге бороз салып бараткан дыйкандын артынан ээрчиген жоон топ кишилер этектериндеги үрөндүк буудайдан кочуштап чыгышып, элдик ырларды созолонтуп ырдашкан.

Нооруз токчулуктун, мол түшүмдүн, ырыскынын, жаз майрамы катары белгиленген.

2009 жылы Нооруз UNESCO (ЮНЕСКО) тарабынан адамзаттын материалдык эмес маданий мурастардын тизмесине киргизилген.

 

Табылды Акеров, саясат таануучу, тарых илимдеринин кандидаты

Кыргызстандын жалпы элин жаздагы жаркыраган Нооруз майрамы менен чын дилимден куттуктаймын! Нооруз – жаңы мезгилдин башталышы, жаңылануунун символу, табиятка эле эмес, адамдардын үмүттөрүнө жаз тартуулаган кереметтүү ыйык майрам. Баардыңыздарга бекем ден соолук, бакубат өмүр, ишиңиздерги ийгиликтерди жана алдыга койгон асыл ой, ак тилектериңиздин ишке ашуусун каалаймын.

 

Жаныш Момунов, обончу  .

Сиздерди Нооруз майрамыңыздар, жаңырган жылыңыздар менен куттуктайбыз. Нооруз жылдын жаңырышынын, сабырдуулуктун, өз ара түшүнүшүүнүн, кубанычтын, тазалануунун, мээримдүүлүктүн, терең ишенимдин жана ынтымакты чыңдаган улуу майрам. Жаңырган жыл элибизге ынтымак, жергебизге кут, береке, үй-бүлѳңүздѳргѳ бакты-таалай, бекем ден соолук алып келсин. Майрамыңыздар менен!

 

Жолдошбек Жанжигит уулу, актер

Жерибизде тынчылык, молчулук, байгерчилик болсун, саясий туруктуулук болсун, ынтымакта,биримдикте өсүп өнүгөлүү. Кырызстандыктардын баарын Нооруз майрамы менен куттуктайм!

 

Манас Алыкулов шоумен

Мага майрамдардын ичинен баарынын нооруз майрамы жагат, анткени кар ээрип жердин бети көгөрүп сүмөлөктөр жасалып маайнайлар ачылат.Нооруз майрамыныздар менен урматтуу кыргыз эли!  Нооруз майрамы баарыныздарга ийгилик, бактылуулукту, ынтымакты, ырыскыны алып келсин жана  жашоонун ырахаттын көрүңүздөр.

 

Жийде Зоотбекова
5 каналдын алып баруучусу

Баардык кыргыз элин кыргыздын жаңы жыл болуп саналган Нооруз майрамы менен чын жүрөктөн куттуктайм. Ар бир үйдө тынчтык өкүм сүрүп, туугандар арасында, тааныштар, элдердин арасында урушуу, таарынуу өкүм сүрбөй, ынтымак болсун!! Ыйлаган апалар, негизи эле ыйлаган адам заты жок болсун! Күн сайын маанайы биздин каналдын атындай 5 болсун!! Ар бир адамдын каалоо-тилеги орундалып, бакыттан көзү жайнаган инсандар ар бирбибизди куурчап, алардан бизге да жугуштуу болсун!!

 

Санжар Абдыжапаров режиссер, оператор

Жалпы кыргыз элимди, келе жаткан Нооруз майрамыбыз менен куттуктайм! Ушу жаңы жылыбыз, элибизге токчулук, молчулук, ыйман- достук жана албан-албан жетишкендикти алып келсин!  Жалпы журтубузда тынччылык болсун! Нооруз майрамыңыздар менен!

 

Милан Турпанов Шахмат федерациясынын президенти

Урматтуу  кыргыз элимди Нооруз майрамы менен Куттуктайм! Кудай-Таалам элибизге ыйман, тынчтык, биримдик, ынтымак береке берсин! Аманчылыкта күн өткөрүп, ушул жаңырып келген Нооруз майрамы баардык жакшылыктарды алып келсин.

 

Мирлан Саткымбаев, клипмейкер

Кирип келген жыл кыргыз элиме ак ойлорду алып келсин, ой таза болсо дениң сак болот деп ойлойм. Кыргыз элим бөлүнбөй бир ойго келип алга кадам таштасын жана ошондой эле ушул жаңырган жыл бардык адам баласына ыйманчылык, ырыскы, токчулукту алып келсин демекчимин.

Рахатбек Рысалиев

Айбат гезити №120




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru