Айбат » Бакыт Бекетаев, саясат таануучу: “Оппозиция кыйналып жатат”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Маек » Бакыт Бекетаев, саясат таануучу: “Оппозиция кыйналып жатат”

Бакыт Бакетаев- Бакыт мырза, кыргыз оппозициясы 24-мартта Жалал-Абадда курултай өткөрүүнү паландап жаткан. Ал эми бул иш-чараны 31-мартка жылдырыптыр. Оппозиция 24-мартта эл топтой албашына көзү жетип бул иш-чарасын кийинкиге жылдырып жаткан жокпу?

– Биздин оппозиция оппозициянын мадиниятын бийлик деңгээле көтөрө албай жатат. Мындай саясатчылар абройлуу анын лидери президент менен атаандаша турган болушу керек. Болбосо майда-чүйдө болуп азыркыдай аракеттенсе эл кайдан колдомок эле. Анан дагы “кетсинден” башка мотодго да өтүшү керек. Буларда мындан башка сунушу жок экен да. Ошон үчүн эл колдобой жатпайбы.

- Мүмкүн 24-мартта Жалал-Абадда эл колдобой жатканын билип курултайын кийинкиге жылдыргандыр?

-Ооба. Булар да алдын ала монито ринг жүргүзөт да. Канча эл келет, адамдар бизди колдойбу деген сыяктуу. Азыркы оппозициянын чакырыктары колдобой тургандай болуп жатпайбы. Макул кетсин, андан кийинки суроого жообу жок да булардын.   Ошон үчүн оппозиция кыйналып жатат. Булардын лидери да жок азыр. Мен Равшан Жээнбековдун лидерликтен кеткенине кейип жатам. Ал болгону бир жыл эле чыдады.

- Оппозициянын катырында лидер боло турган саясатчы бар деп ойлойсузбу?

– Бизде азыр оппозиция жок. Аты бар бирок заты жок болуп жатат. Керек болсо СДПКнын айрым депутаттары алардын ролун аткарып жатат. Булардын идеалогиясы, пайдубалы теориялык жактан түптөлгөн эмес. Бакуштар кыйналып жатат. Эми ушундай болсо эмне кылабыз.

Айбат гезити №120




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru