Айбат » Жыпар Жекшеев: “Оппозиция парламенттин трибунасын пайдаланса болот”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Маек, Негизги » Жыпар Жекшеев: “Оппозиция парламенттин трибунасын пайдаланса болот”

ЖК

- Жыпар мырза, кыргыз оппозициясы 24-мартта Жалал-Абадда курултай өткөрүүнү паландап жаткан. Ал эми бул иш-чараны 31-мартка жылдырыптыр. Оппозиция 24-мартта эл топтой албашына көзү жетип бул иш-чарасын кийинкиге жылдырып жаткан жокпу?

– Негизи кандай гана иш-чара өткөрүү планы болбосун ар кандай жагдайлар жаралып калышы мүмкүн. Көп эле учур эле болот. Мүмкүн техникалык же уюштуруу жагынан аксап жаткандыр. Андан чоң проблема жаратуунун деле кереги жок. А мен өзүм мындай маалымат боюнча кабарым жок экен.

- Кыргызстанда жыл сайын жаз жана күз айларында митинг болот. Оппозициянын элдерди көчөгө алып чыгып митинг өткөрүү аракетин кандай баалайсыз?

- Митингдерди 90-жылдары биз уюштурчу элек. Азыр эми оппозиция көчөдө эмес парламенттин трибунасын пайдаланса жакшы болот эле. Ал жерде бардык шарт бар, көпчүлүк элге үнүн жеткирсе болот. Кандай сунушу болсо аны угузууга мүмкүнчүлүк бар. Митингде болсо ашып кетсе 1 миң же 10 миң адам болсун. Андан сырткары, оппозициялык маанайдагы телеканалдар, гезиттар бар. Ушуларды кеңири пайдаланып өз үнүн бийликке жана элге жеткирсе болот. Сөзсүз эле элди көчөгө алып чыгуунун кереги жок го деп ойлоймун.

Айбат гезити №120



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru