Айбат » Бакыт Бакетаев: “Равшан Жээнбеков оппозицияга төрагалык кылууга чыдаган жок”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Маек » Бакыт Бакетаев: “Равшан Жээнбеков оппозицияга төрагалык кылууга чыдаган жок”

Бакыт Бекетаев- Өткөн жумада  маалымат жыйынында Равшан Жээнбеков лидерликтен баш тарткан эле. Бул оппозициянын кандай уюштуруу иштерин алып барып жатканынан кабар берет?

-Бул маалымат кимдерди канчалык кызыктырат билбейм бирок, Равшан мырзанын оппозициянын лидерлигинен баш тартканы кейиштүү болду. Анткени ал оппозициянын айрым сыноолорун көтөрө албай кетип калды. Эми оппозициялык топ Равшан мырзанын ордуна жаш саясатчылардан шайлайт болсо керек. Оппозиция мына эми эле бир аз жанданып келе жаткан, алардын мындай аракети кайра баарын башынан баштоого алып келет. Ушул кезге чейин күчтүү оппозициялык топтор болгон, алардын катарында Текебаев, Болот Шер, Атамбаев, Отунбаева, ал учур башка экен. Азыркы саясий оппозиция алардын жанында бир топ эле алсыз.

- Бириккен оппозициялык кыймыл ушул жылдын 24-мартында, андан соң 31-мартта курултай өткөрүүнү пландап жатышат. Андан соң элди митингге үндөөсү турган иш. Оппозициянын бул аракетин канчалык эл колдойт?

– Биринчи курултайында лидери жок кандай болот, түшүнүксүз. Курултайга чейин алар лидер шайлап алышабы жокбу азырынча белгисиз. Алар канчалык деңгээлде уюштуруп жатат. Аракетинен көз каранды. Бирок, оппозиция тууралу коомдук  бийик  сөздөр да жок. Мындан улам эл канчалык деңгээлде колдоп келишет айтуу кыйын. Алардын да өзүнө жараша аудиториясы бар. Учурда эл ойлонуп иш кылат. Мурда жалпы журт башкача кабыл алып жапа тырмак чыгышчу азыр мунун кызыгы деле жок элге. Элдин канчалык деңгээлде колдойт оппозициянын лидери күчтүү болсо балким эл колдоого алып кетмек. Азыр антип айтуу кыйын.

- Айрым пикирлерде максаты жок жок курултай өткөрүүнү пландап жатышат оппозиция деп жатышат анын канчалык чындыгы бар?

- Алар кандай максатты көздөп курултай өткөрүүнү пландап жатышат менин кабарым жок. Бирок, түшүнүктүү эле нерсе го бул. Элди чогултуп, өкмөттүн президенттин кемчиликтерин айтып элдин бийликке болгон нааразычылыгын өстүрүүнү биринчи максат коюушса керек. Антип айткан менен азыр да оппозициянын жактоочулары көп эле. Бирок, бир нерседен коркуу керек. Эгер мурдагыдай элдик толкундоолор болсо жөн эңле болуп басылып калбайт. Украина сыяктуу сырткы күчтөрдүн эки тарап болуп элдин ичине жашырынып согушуусу бизди Орто Азияга чачыратып салышы мүмкүн ошондуктан азыр бизге эч кандай ашыкча аракеттин кереги жок.

Айбат гезити №120




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru