Айбат » Бекназаров эми Америкадан аялдардын укугун коргойт

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Бекназаров эми Америкадан аялдардын укугун коргойт

АмерикаЖаз айынын кирип келиши менен оппозиция өкүлдөрүнүн Америкага байма-бай каттоосу башталды. Эске сала кетсек, буга чейин Равшан Жээнбеков башында турган оппозиция өкүлдөрү АКШга барышып, маанайлары суз келген. Андан соң “Равшандан кем бекем?” деген суроону өзүнө-өзү берген кадимки революция “бульдозеру” Азимбек Бекназаров адегенде Стамбул шаарына учуп барып, ал жерден Рамазан Дырылдаев агасын жетелеген боюнча океандын ары жагына Стамбул-Вашингтон рейси менен учуп кетишкен. Алардын Америкага баргандагы алгачкы максаттары башка эле. Тактап айтканда АКШ Мамдепинен саясый жана финансылык колдоо табуу болгондугун айттырбай эле түшүнсөк болот. Бирок, аларды Америкадан аттуу-баштуу адамдар тосуп албай, жалаң катардагы кызматкерлери тосуп ала берип, маанайларын чөгөргөн экен. Адегенде МАМдептин катардагы кызматкерлери аларга “АКШ Мамдепи бул акча салынган портфель” эмес деген жоопту узатышат. Андан кийин башка компаниялардын дагы өкүлдөрү менен жолугушууларды жасоого аракет кылышат. Бирок баардыгы эле аларды суз кабыл алып, кыска-кыска сүйлөшүп узатып коюшат. Анан таптакыр айлалары кеткенде Нью-Йорк шаарындагы БУУнун башкы штабынын имаратында өтөөрү белгиленген аялдардын укугун коргоого багытталган чоң жыйынга барып катышып атышпайбы? Эзели аялдардын укугу тууралуу үч уктаса түштөрүнө кирбеген Бекназаров менен Дырылдаевдин бул кадамын кандай түшүнсөк болот? Жөнөкөй эле. Баргандагы негизги максаттары жүзөгө ашпай калган соң, Кыргызстанга келгенде “Биз ушинтип аялдардын укугун коргош үчүн Америкага барып келдик” деп айтканга шылтоо кылыш үчүн гана…

Айбат гезити №120



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru